Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:15

И. Абдуразаков: Эски вино жаңы көөкөрдөн жаңырбайт


Мурдагы мамкатчы, коомдук-саясий ишмер И. Абдуразаков президент баштаган реформада аткаруу бийлиги экиге бөлүнүп калганын белгилеп, негизги жоопкерчиликти ким көтөрөт деген суроо коюуда.

- Ишенбай мырза, бүгүн президент Курманбек Бакиев мамлекеттик башкаруу системасын жаңылоо боюнча өзүнүн ой-сунуштарын алып чыкты. Президенттин мына ушул ой-сунуштарынан сиз кандайдыр бир жаңылануу көрө алдыңызбы?

- Биз эгемендүү мамлекет болгондон кийин жаңы замандын шартында иштей баштаганбыз. Бирок биздин мамлекетте башкаруу системасы негизинен аты өзгөргөнү менен демократиялык деп, заты болсо көпчүлүк учурда өзгөрбөй илгеркидей эле болуп калган.

Илгеркидей эле командалык-административдик система, биздеги мамлекеттик органдар азыркы шартта демократияга, рынокко ылайыкташтырылып, кайрадан түзүлбөй кала берген. Ошондон бери 20га жакын жыл болуп баратат. Ошондон бери алгылыктуу реформа болбой келген. Мына эми ошол реформаны кеч болсо дагы өткөрөбүз деп аткан президенттин демилгесин туура деп эсептеп кабыл алыш керек дейм менин өзүмдүн жеке оюмча.

Ошондо айтылган сунуштардын баардыгы кандай экенин дароо эле айтып коюш кыйын. Бирок негизи концепциясын, өзгөртүш керек, мамлекеттик башкаруу органдары элге көбүрөк көңүл бөлүш керек деген жактары абдан туура деп эсептейм.

Бирок мында дагы бир маселелер чыгып атат. Аларды мисалы президент өзү айтып атат, азыркы биздин чиновниктер, мамлекеттик уюмдарда иштегендердин көпчүлүгү эл жөнүндө эмес, көбүнчө өзүн ойлогондор бар деп. Бул абдан туура айтылган сөз.

Ошондуктан бул реформаны аткаруу үчүн биринчиден, ошол реформанын маңызын жакшы түшүнгөн, өздөрү профессионал, мекенчил, өлкөнүн тагдырын ойлогон, ошого бышып жеткен кадрлар келип жасаса, ошол реформабыз жүрүп кетиши мүмкүн.

Эгер мурдагыдай эле болсо анда эски винону жаңы көөкөргө куйгандан эч нерсе чыкпай калат. Жакшыны жакшы деп, жаманды жаман деп, акты ак, караны кара деп айткандай деңгээлге жетсек эле азыркы көп кемчиликтерден чыгып кеткени турабыз.

- Ишенбай мырза, ошол эле учурда айрым талдоочулар айтып атат, президент өзүнө бийликтин басымдуу бөлүгүн ыйгарып алды деп?

- Мына биз аткаруу бийлиги, мыйзам чыгаруу бийлиги, сот бийлиги деген бутактарды бөлүп жүрбөйбүзбү. Ошонун арасында баланс болуш керек деп жүрөбүз. Мына президент өзү айтып атат, элдин үмүтүнө жараша биз иштешибиз керек деп. Ал туптуура.

Бирок элдин үмүтү, элдин ишеничи акталды, акталбады, ким отчет берет элдин алдында. Мурда болсо өкмөт берчү эле. Аткаруу бийлиги фактически экиге бөлүнүп калды. Менин оюмча ушинтип тиягын тиякка, биягын биякка тартпай эле, түздөн түз эле президенттик система деп, кайрадан системабызды өзгөртүп, анан президентке баардык укуктарды берип, анан кийин анын жыйынтыгы боюнча президент өзү жооп берсин дегендей логикага ылайык болгон жыйынтыкка келсек жакшы эле болот эле

Эми азырынча ушундай болуп атат. Эми аны да көрө жатарбыз. Жаңы жолдорун издешибиз керек. Азырынча үмүт кылып туралы.

- Игорь Чудинов башында турган кыргыз өкмөтү толук курамы менен кызматынан кетти. Алардын арызын Курманбек Бакиев кабыл алганын билдирип, жаңы премьерди дайындоо маселесин жакынкы күндөрү “Ак жол” партиясынын саясий кеңеши карайт деп айтты. Бул өтө эле шашылыш болуп калган жокпу?

- Менин оюмча, булар көптөн бери иштеп жүрөт да. Алар өздөрү ары жак, бери жагын таразага салып, кандай болоорун ойлобогон чыгаар. Көпчүлүк үчүн күтүлбөгөн жерден шашылыш болгондой пикир туулуп атат.

Ошондуктан менин оюмча, азыркы айткан ойлорун көпчүлүктүн алдына салып, кеңешип туруп, ошонун жыйынтыгы боюнча бир тыянакка келгенде дурусураак болмок. Бул факт.

Мында бир кичинекей топтун эле пикирлеринин жыйынтыгы болгондой элде пикир бар. Көбүрөк биздин интеллектуалдарды, тажрыйбасы бар кишилерди дагы тартып, ошолор менен кененирээк кеңешип туруп анан чечимге келсек, менинмче андай пикир болбос эле.

- Маегиңизге чоң рахмат.

Бийликти реформалоодон майнап чыгабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:08 0:00
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG