Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Ж. Жанызак: Павлюк гезитинде оңбогондой эле ачык-айрым материалдарды берчү


Кыргызстандык журналист Геннадий Павлюктун сөөгү бүгүн Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылында жерге берилет. Анын бейажал өлүмү жана журналисттердин коопсуздугу тууралуу белгилүү журналист Жаныбек Жанызак менен сүйлөштүк.

- Журналист Геннадий Павлюктун Алма-Ата шаарында киши колду болушунда анын кесибине байланыштуу себептери барбы, сиз кандай ойдосуз?

- Муну тактап айта албайм. Себеби бул “Белый парусту” ачканда мен анын сайтына кирип көрүп турчумун. Албетте, булар аябай талаштуу маселелерди да козгошчу, балким бул себеп болушу да мүмкүн. Мунун бир аз чет жакасын билип калдым. Биздин сайтка “Кандуу жол” деген повестти чыгара коем деп, аз жерден сайт толугу менен жабылып кала жаздаган да. Ага карабай Геннадий Павлюк өзүнүн сайтында жана өзүнүн “Белый пароход” деген гезитинде оңбогондой эле ачык-айрым материалдарды берчү. Бирок эми сот тарабынан аныкталып такталбагандан кийин божомолдорду айтууга да болбойт.

- Жаныбек мырза кийинки убакта журналисттерди сабап кетүү, аларга кол салуулар көбөйүп кетти, бул тууралуу эмне айтмакчысыз?

- Мен бул тууралуу мыйзамды бекем карманыш керек деп айтам да. Журналисттердин өзүнөн да кээде айрым каталар кетип калышы мүмкүн. Атүгүл жөн эле көчөдөгү мушташуулардан деле запкы жеген журналисттерди деле биз саясий деп айтып жатпайбызбы. Бирок чын эле басымдуу көпчүлүгүндө кайсы бир макалада аты аталган чоң фигура, албетте, бирөөнү тукуруп коюшу мүмкүн. Муну жок деп айтууга болбойт, бирок бул жерде мыйзам иштеши керек да.

- Бийлик тарабынан журналисттердин коопсуздугу үчүн кандай иш-аракеттер көрүлүш керек?

- Менин оюмча атайын бир кылмыш кодексинин чегинен чыгып, атайлап аракет көрүү менимче туура эмес. Ар бир журналисттин жанына сакчы коюшка болбойт да.

- Ошол эле учурда журналисттерге кол салуу фактылары боюнча кылмыш иштери ачылбай атпайбы?

- Менин оюмча шилтемени азыр мактанып аткан жакшынакай сотубузга беришибиз керек го.

XS
SM
MD
LG