Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:42

Жылдыз Мусабекова “Айат-пресс” басылмасынын редактору кызматынан өзү арыз жазып бошоп кетти. Ага түрткү болгон себептерди мурдагы редактор “Азаттыкка” өзү айтып берди.

- Сиздин “Айат-пресс” гезитинин редакторлугунан кеткениңиз тууралуу маалыматтар айтылып жатат. 1-санынан баштап чыгарып, окурман журтка таанымал кылып койгондон кийин басылма башчылыгынан баш тартууга кандай себептер болду?

- Окурмандарыбыз жакшы билет болуш керек, биз былтыр декабрда ачылганбыз, гезиттин башталышынан баштап ар бир тамгасынан ушул деңгээлге жеткирдик. Бир чети биз жасаган эмгекти улам бир кардарлар талашып, үчүнчү жолу сатылышы бул гезиттин.

Экинчи тарап сатылганда эле айтышкан мага сиз кетпейсиз, биз менен иштешесиз, биз сизди баалайбыз деп. Анан үчүнчү тарап келгенде эле мага башкача мамиле менен киришти эшиктен.

Мен да түшүндүм, булар гезиттин формасын, багытын, мазмунун өзгөртүшөт окшойт деп, мен дароо эле өзүмдүн кадыр-баркым менен мен сиздер менен иштеше албайм деп арызымды жазып чыгып кеттим.

Албетте, бул өкүнүчтүү. Себеби азыр маалымат майданында кичине элге кадыр-баркы алынган, окула турган гезиттерди кандайдыр бир ыкмалар менен башка нукка бурууга болгон аракеттер күчөп баратат.

-Жылдыз айым, сиз мурда жетектеп келген “Айат пресс” басылмасын “Ак жол” партиясынын бир мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты сатып алды деген маалымат айтылып атат. Ачыктай аласызбы ким кожоюн болуп атканын?

- Ким экенин ачык айта албайм. Себеби биз башында сүйлөшкөндө ошондой сөздөр болгон, айтпай эле коелу деп. Мен сөзүмө тургум келет. Себеби биз эркекче кол алышып, сүйлөшкөнбүз. Гезиттен мен кеткенден кийин менин жамаатым да кетип калды, Жылдыз эже жок болсо биз иштеше албайбыз деп.

-Адатта ушундай бир басылмадан кеткен жамаат кайрадан башка бир гезиттерди ачып иштеп калган учурлар кездешет. Сиздердин мындан аркы ишмердүүлүгүңүз кандай болмокчу?

- Менин кеткенимди уккандардан сунуштар болуп атат. Өзүм дагы Кыргызстанда үч адамга чалып жумуш сурадым. Алар ойлонуп атат. Болбосо андан сырткары сунуштар толтура эле болуп атат.

-Учурда Кыргызстанда бийликти ачуу сындаган телерадио калган жок, басылмаларга болсо түрдүү жолдор менен бут тосуулар жүрүп жатат, деген пикирлер бар. Сиз кандай айта аласыз?

- Мисалы, мамлекеттик гезиттен эч кандай оппозициянын мүчөсүнүн интервьюсун, же ал жөнүндө кабар окуганга болбойт. Ал эми эркин басылмада, мисалы “Ак жолдун” депутатын, же министрлердин маегин окуганга болбойт. Мен ушул кандайдыр бир көзгө көрүнбөгөн тосмону бузайын деп ачканда эле бейтараптыкты кабыл алып, биздин гезитте эки тарапка тең сөз берилчү. Себеби эркин басылманын болгону мамлекеттин өнүгүшүнө эле чоң жардам берет.

Мүмкүн бийлик, балким президент көрбөй турган нерсени эркин гезиттер көзгө сайып көргөзүп, укпай турган нерсени угузабыз. Керек болсо, эркин гезиттерди колдоп, ар тараптан көмөк көрсөтсө, бул демократияны туу туткан өлкө болгондон кийин жакшы эле нерселер болмок бийлик тарапка дагы, балким башка да тарапка.

Бирок азыр биздин өлкөгө кыска айтканда эркин басылманын кереги жоктой болуп атат, көргөн жокмун, билген жокмун, уккан жокмун деген принциптер менен жашагыбыз келип атат.

-Жылдыз, сизге чоң рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG