Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:50

ЮНЕСКОнун тизмесине "Манас" эпосунун Кытайдын атынан кирип калышы, ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиянын жоюлуп кетиши сыяктуу маселелер боюнча аталган комиссиянын мурунку башчысы Жыпар Жекшеев өзүнүн пикирин билдирет.

- ЮНЕСКОнун тизмесине “Манастын” Кытай тараптан кирип кеткени өлкөдө олуттуу нааразылыктарды пайда кылды. Эмне үчүн ушундай болуп кетти, ошол тууралуу айта кетсеңиз?

- Биринчиден, бул Кытайдын расмий бийлиги тараптан эмес, ошол Кытайдагы Цинзянь автономиялык облусундагы жашаган 160 миң кыргыздын атынан кетти. Ал жерде маданий изилдөө борбору түзүлгөн. Аз сандагы улуттардын өзүнүн маданий борбору бар, ошолордун атынан кеткен “Манастын” номинациясы.

Ал эми Кыргызстан тарабынан 2000-жылы эле берилген болчу “Манастын” номинациясы. Бирок 2000-жылы “Манас-1000” деген чоң иш чара өткөрбөдүкпү. Ошондуктан “Манас” Кыргызстанда унутулбайт, өнүп-өсүп атат, дүнө жүзүндө адамзаттын баары тең кыргыздын “Манас” эпосу бар экенин билди, ошондуктан азыр кабыл алуу мүмкүн эмес, деген жооп келген.

Андан кийин 2003-жылга чейин долбоорлор даярдалып, 2003-жылдан баштап бизге кадимкидей каражат бөлүп манасчыларды, дастанчыларды, төкмө акындардын чыгармасын адамзаттын руханий шедеври катары таанып, ЮНЕСКО кабыл алган.

Кыргызстанда жаш манасчылар чыгып атпайбы, манасчылардын мектептери ачылган баардык региондордо азыр. Ошондуктан ЮНЕСКО ушундай чечкен, Кыргызстан тарабынан “Манас” өчпөйт, жоголуп кетпейт, андай коркунуч жок деп кабыл алган эмес болчу.

- Ошого карабай эми ЮНЕСКО тизмесин өзгөртөм деп макулдук берди деп айтылды. Бул качан ишке ашышы мүмкүн?

- Кызык болуп атпайбы, биздин Улуттук комиссияны жоюп жибербедиби президенттин жарлыгы менен. Улуттук комиссия жок болгондон кийин азыр Парижден штаб квартирадан телефон чалып, баары эмне кыларын билбей калышты. Себеби 1995-жылы ЮНЕСКО менен Кыргызстандын ортосунда келишим түзүлгөн, кол коюлган, башка мамлекеттердей эле ЮНЕСКОнун мүчөлөрүндөй эле 193 мамлекеттин бири Кыргызстан болчу. Улуттук комиссия аркылуу иш жүргүзүү милдетин алган болчу Кыргызстан.

Ал эми бүгүн жоюлуп кетти, эмне кыларыбызды биз билбей турабыз. Мен кат жаздым эле президентке, каттан эч кандай жооп күтө албай атам. Мени кабыл алуусун өтүнгөм, түшүндүрүп берейин деп. Бул жерде президентти абдан катуу уят кылып, туура эмес ишке алып барып коюшту. Кимдер автор экенин билбейм, ушул идеяны берген.

Себеби бул ЮНЕСКОдон Кыргызстан чыгып кеткенге барабар деп айтып атышат. Бул абдан чоң уят, абдан чоң маскара болобуз дүйнө жүзүндө. ЮНЕСКОдон биринчи жолу болуп атат, мындай болгон эмес эч качан, бир дагы мамлекет өз ыктыяры менен бир тараптуу чыккан эмес дейт. Ал эми улуттук комиссияны жоюп коюу ошого барабар деп атышат.

- Жыпар мырза, сиз эгемендүүлүк доорундагы алгачкы активдүү саясатчылардан элеңиз. Азыр дагы саясатта жүрөсүз. Акыркы реформаларга кандай баа берип жатасыз?

- Реформа, албетте, сырткы формасы боюнча биздин Кыргызстандын экономикасына ылайык келген реформа деп айтса деле болот. Бирок баягы эле кадрлар, мурунку эле иштеп аткандар, эчен жолу элдин астында чындыгында эле алкымы бузулуп, жаман иштерге аралашкан адамдар кайра калып атпайбы.

Бизде коррупцияга каршы күрөшүүгө жол ачылган жери жок деп ойлойм. Коррупция тамырын терең кое берген боюнча кала берет окшойт көпкө чейин Кыргызстанда. Реформа болгондо чындыгында кадрлардан башташ керек эле.

- Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG