Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:07

К. Абдрахматов: Зилзаладан сактануунун бир жолу – элди агартуу


Алайдын Нура айылындагы зилзала 72 адамдын өмүрүн алып кеткен. 5-октябрь, 2008-жыл.
Алайдын Нура айылындагы зилзала 72 адамдын өмүрүн алып кеткен. 5-октябрь, 2008-жыл.

Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтутунун жетекчиси Канат Абдрахматов өлкөдөгү сейсмикалык жагдай боюнча “Азаттыктын” түз обосунда кеп салып берди.

- Канат мырза, кечээ Нарын аймагында 4,5 баллдык өлчөмдө жер титирегени тууралуу маалымат тарады. Муну жаз келип күн, жер жылый баштаганда кандайдыр бир жаңы толкундардын башталышы катары эсептесе болобу же бул бир эле жолку учурбу?

- Чындыгын айтканда жыл сайын үч толкун болот да, жазында, жаңы жылга жакын, анан жайында бир толкун болот. Ошол толкундун ичинде үч, төрт, беш баллга жеткен жер титирөөлөр болушу мүмкүн.

- Ушул февралда сиз “Азаттыкка” берген маегиңизде Алай тоо кыркаларында катуу жер титирөөлөр болушу күтүлүп атат деп айттыңыз эле, андан бери кандайдыр бир өзгөрүүлөр байкалдыбы?

-Жок, азырынча өзгөрүүлөр жок. Бирок мен айтып кеткендей эле Алай тоо кыркаларында беш, алты баллга жеткен жер титирөө болот деп күтүүдөбүз. Ал азырынча такталып жатат.

- Азыр эми ошол жагдайларды алдын алып, сагыраак болгонго “сактыкта кордук жок дейт го” ошондой бир кам көргөнгө мүмкүнчүлүк барбы. Мисалы кечээ ушинтип атып эле Аксыда бир канча кишилерибизден ажырап калдык. Ошондой жагдайга кириптер болбош үчүн кандай чараларды көрүш керек?

- Азыр чындыгын айтканда эртең болбу, же бүрсүгүнү болобу же эки, же жыйырма жылдан кийин болобу баары бир. Ал үчүн айылдагы курулуп аткан үйлөрдү жаңы ыкмалар менен куруш керек. Чындыгын айтканда мына менин деректир болгонума 3 жыл болду, мага көп болсо беш-алты эле киши келди, мен үйүмдү кантип курам, кандай жаңы ыкмалар бар деп сураган. Бул эмненин белгиси - бул биздин эл баягы эле караңгы пикирде деген кеп. Эмне дегенде мисалы февралда эле Кара-Балтанын жанында беш баллга жакын жер титирөө болду, ошол кенедей титирөөгө 200гө жакын үй туруштук бере алган жок. 18үй болсо таптакыр кыйрап калды.

- Өкмөттө эми ошол нерселерди түшүндүрүүгө техникалык-материалдык мүмкүнчүлүк болбогон күндө дагы элге түшүндүрүү жүргүзүүнүн бир механизмдери барбы? Кой андай үй салбагыла, сейсмикалык эрежелерди сактагыла дегендей...

- Бир эле механизм бар, ал - эл агартуу механизми. Мисалы радиодон, телевидениеден бир жумада бир жолу болсо дагы атайын бир көрсөтүүлөрдү көрсөтүп туруу керек. Мисалы, үйлөрдү кантип бекемдейбиз деген маселени. Акчабыз жок, каражат жок деп көп эл нааразы болуп атат, бирок кепкенедей эле кытайдын мүшөктөрү менен эле үйлөрдү бекемдешке мүмкүн да. Ага көп деле акча кетпейт болуш керек. Эгерде ошол ыкмаларды телевидениеден жумасына бир жолу көрсөтсөк, жок дегенде ончакты киши үйрөнсө да чоң пайда алып келет.

- Маегиңизге рахмат
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG