Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:49

7-ноябрь басма сөз күнүн утурлап, журналист, талдоочу Кубан Абдыменди улуттук журналистиканын абалы жөнүндө кепке тарттык.

-Кубан мырза, саламатсызбы? Алгач сизди дагы келе жаткан кесиптик майрамыңыз менен куттуктайбыз!

- Рахмат.

-Журналисттердин майрамы болгону жакшы, бирок аларга болгон мамиле барган сайын катаалдашып баратат. Быйылкы жылы эле 7 журналистке кол салынып, алардын ичинен бирөөсү каза тапты. Мындан 2-3 жыл мурун сабалган, өлтүрүлгөн айрым журналисттердин иши эмдигиче ачылбай келүүдө? Буга эмне себеп болушу мүмкүн деп ойлойсуз?

- Чынында эле Кыргызстандагы журналисттердин абалы абдан начарлап бараткандагысы 2 жылдан бери өзгөчө көрүнүп атат. Чынында эле жети журналист ур-токмокко алынып, Алишер Саипов болсо Ошто киши колдуу болуп өлүп, жакында эле Кубаныч Жолдошевди сабап кеткендегиси бул өкүнтөрлүк окуя болуп атат.

Менин оюмча, мунун артында азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан саясатынан мурун, биздеги түзүлгөн жалпы коомдук абал көбүрөөк таасир кылып атат окшойт деп ойлойм. Себеби журналисттердин кылып аткан иши азыркы коомдун арасындагы түзүлгөн мамилеге жараша болуп жатат. Аларга болгон кээ бир бийлик бутактарынын мамилеси мурдагыга караганда мыйзамдашуудан ашып, андан да чегинен чыгып кетип, ошонун айынан башаламандыкка чейин барганы ушулардын көбөйгөнүнүн себеби болуп атат.

-Акыркы 2-3 жыл аралыгында Кыргызстанда сөз эркиндиги өтө басаңдап кетти деген пикирлерге кошуласызбы?

- Басаңдап кетти деген пикирлер айтылып эле жүрөт. Чынында эле ошондой мисалдар көп болуп атат. Мага чет элдик бир топ журналисттердин келгендеги мисалдарын айтсак, алар мындан 3-4 жыл мурдагыга караганда чынында эле азыркы журналисттердин жазып аткан макалалары, айтып аткан сөздөрү башкараак болуп аткандагысы далил.

-Бул деген сөз эркиндигинин кысымы, журналисттердин өзүн өзү цензуралоого алып барат деген тыянак чынбы?

- Албетте, азыркы түзүлгөн кырдаалга жараша ар бир журналист өзүнүн жеке башын ойлоп, өзүн-өзү ичинен цензура кылганга аргасыз болуп атат. Ошол себептен мурдагы бир топ элдерге таанымал болгон “Де факто”, “Ачык саясат”, “Лица” деген гезиттер таптакыр эле жабылып, аларда иштеген журналисттердин бир тобу башка маалымдоо каражаттарга өтүп кетип, багытын өзгөртүп, бир тобу чет жака кеткендегиси, бул албетте азыркы коомчулукту дагы, өзгөчө бийликтеги элдерди дагы терең ойлонто турган мисалдар.

-Айрым пикирлер боюнча Кыргызстанда бир да эркин телеканал калган жок. Президенттин реформасы менен өкмөттүк гезиттер да мындан ары мамлекет башчынын карамагында болушат. Муну айрым талдоочулар кезек эми гезиттерге жетти деп айтып жатышат?

-Азыртадан эле үч мамлекеттик гезит: “Кыргыз туусу”, “Слово Кыргызстана” жана “Эркин тоо” гезити президенттин түздөн түз карамагында болбосо дагы, президентке баш ийген Секретариаттын карамагында экендегиси маалым. Андыктан сөзсүз түрдө президенттин кол астында иштеген эле маалымат каражаты деп айтсак болот.

-“Агым” гезити жаңы ачылган кезде Кыргызстандагы бирден-бир оппозициялык басылма болчу. Бүгүнкү күндө “Агым” гезити бийликтин карамагындагы гезитке айланды. Мына ушул жагынан да ойлосок болобу, барып-барып эркин деп аталган гезиттер дагы акыры президенттин көзүн карап, бийликтин арыгын чаап, ырын ырдап калат деп?

- Бул чындап келгенде чоң маселе, себеби көз каранды эмес гезиттердин ээлери дагы азыр журналистиканын ичинен чыккан адамдар эмес, бизнес чөйрөсүнөн келген адамдар болгондуктан, алар өзүнүн кылган иштерин сактап калуу максатында чабылган нуктагы жол менен барганга аргасыз болуп атат.

Александр Ким азыр “Агымдын”, “Вечерний Бишкектин” кожоюну катары көз каранды эмес багытты тандап, өзүнүн саясатын жүргүзөм дегендей иш алып барса, албетте, мүмкүнчүлүгү абдан чоң. Бирок азыркы бийлик менен мамилесин бузбагандыктан, бузбоого өзү кызыкдар болбогондуктан, өзүнүн азыркы абалын сактап кала тургандай саясат тандап алып, азыркы мамлекеттик эле гезиттердин нугундагы жүргүзгөн саясатты кармап жүрөт.

-Кубан мырза, сизге чоң рахмат!

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG