Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:20

Айт маарек болсун!


Бишкекте эски аянтта Курман Айт майрамдык намазы болду. Намазга келген мусулмандарды муфтий Мураталы ажы Жуманов жана президенттин аппарат башчысы Каныбек Жороев куттукташты. Айт намазга болжол менен 80 миңден ашуун киши катышты.

Президент Курманбек Бакиев Курман Айт майрамына байланыштуу Кыргызстандын калкына майрамдык куттуктоо жолдоду. Мамлекет башчынын куттуктоосунда: “Ар бирибизге өтө кадырлуу бул маараке мусулман баласы үчүн ыйык руханий дөөлөттөрдүн туу чокусу болуп саналат. Кылымдар бою калыптанып келген айкөлдүк жана боорукердик, кечиримдүүлүк жана ак ниеттүүлүк, сабырдуулук жана башка адамгерчилик касиеттер азыр да мамлекетти өнүктүрүүнүн бекем пайдубалы болуп, достукту, элдер жана диний конфессиялар ортосунда тынчтыкты чыңдоого кызмат кылууда. Диний жана улуттар аралык ынтымак, бардык конфессиялар менен улуттардын маданиятына, салттарына урматтоо мамилеси Кыргызстандын гүлдөшүн жана жыргалчылыгын камсыз кылат”,- деп айтылат.
Президент ошондой эле бүгүн Мекеде зыяратчылыкта жүргөн мекендештерин парзын өтөп, эл-жерине аман-эсен кайтып келишин тилеген.

XS
SM
MD
LG