Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:59

Философия илимдеринин доктору, профессор Кусейин Исаев Кыргызстанда кыргыз тилин мамлекеттик тил катары өнүктүрүүгө кыргызчылык, улутчулдук, мекенчилдик сезимдери жетишпей жатат деп эсептейт.

- Бүгүнкү күндө Кыргызстанда мамлекеттин тил саясатын сындагандар да болууда, кыргыз тили коркунучта, абалы начар деп. Сиз буга кошуласызбы?

- Албетте, кыргыз тилинин бүгүнкү абалында бир топ эле жаңы жылыштар болду. Мисалы, жакында Жогорку Кеңеш чет элдик өкүлдөр менен сүйлөшүүлөр жана чет элдеги биздин дипломаттардын бардык сүйлөшүүлөрү мамлекеттик тилде жүргүзүлсүн деген милдетти койду. Бул жакшы нерсе. Акыркы жылдарда Жээнбай Мукамбаев иштеп чыккан кыргыз тилинын диалектикалык сөздүгү жарыяланды. Бул дагы чоң көрүнүш.

Бирок булар өтө аздык кылат. Эркин мамлекет болуп туруп, өзүбүздүн мамлекеттик тилибиз анчалык деңгээлде болбой жатканы өтө өкүнүчтүү. Тил - улуттун жаны, көркү, байлыгы. Кыргыздын эң улук дөөлөттөрү, тарыхы, этнографиясы, психологиясы, дүйнө таанымы, философиясы мунун баардыгы тең кыргыз элинин эне тилинде сакталган болуучу.

Тилекке каршы, кыргыз элинин мурунку муундары ушулардын баарын муундан муунга ыйык таберик катары өткөрүп келген болчу. Бирок азыркы муундар ошонун толук деңгээлине жетише албай жатабыз. Бүгүнкү күнү биз моюнга алышыбыз керек, эне тилибиз илимдин, билимдин, мамлекетти башкаруунун, саясаттын тили болбой жаткандыгы өтө өкүнүчтүү.

- Кыргыз тилинин ушундай абалын оңдош үчүн эмне жетишпейт деп ойлойсуз, каражатпы, же саясий эркпи?

- Бул жерде эң башкысы улутчулдук, мекенчилдик, кыргызчылык жетишпей атат. Демек биз жаштарыбызды эне сүтүнөн баштап эне тилинде сүйлөгөнгө, кыргыз болууга, улутчул болууга начар тарбиялап жатабыз. Жетишерлик санда каражат бар, эң башкысы бардык жагын алганга мекендешчилик, улутчулдук жетишпей жатат.

-Кытайлашуу процесси дагы коомчулукта кооптондуруу жаратууда. Жакында эле кытай тили боюнча мектеп ачылды. Кытайлашуу процесси эне тилибиздин өнүгүшүнө кандай таасир тийгизет деп ойлойсуз?

- Албетте, канчалык көп тил билсең ошончолук сен маданияттуусуң, бийиксиң деген кыргыз элинин сөзү бар. Бирок кытайлаштыруу, америкалаштыруу, россиялаштыруу, арабдаштыруу өтө катуу жүрүп жатат. Биздин бүгүнкү жетекчилерибиз буларга стратегиялык маани берип, туура жолго кое албай жатканы өтө өкүнүчтүү.

Экинчи дагы бир маселе бар. Мына Кытайды, Япония, Түркияны алып көрүңүз, чоң-чоң мамлекеттерде чет элде жарыяланган жаңы илимий-социалдык-саясий-экономикалык адабияттар өз эне тилине которулат. Кыргыз тилине, тилекке каршы, кийинки кездерде эч кандай китеп которулбай калды.

Бизде Илим академиясы, толгон токой жогорку окуу жайлар турат, эмне үчүн биз ошолорду өз эне тилибизге которуп, элибизге, жаштарыбызга жайылтууга аракет кылбайбыз. Ошондой дагы бир нерсе бар, бизде бүгүн эмне көп, гезиттер көп ар кандай. Ал гезиттердин көпчүлүгү өзүлөрүнүн акча-акча деп, анан сексуалдык маселелер каралып атат.

Ал эми Бишкек шаары үчүн өзүнчө бир дагы гезит жок. Совет доорунда “Бишкек шамы” деген гезит бар эле, биз аябай кызыгып окучу элек. Эмне үчүн ошол гезитти кайра чыгарбайбыз.

- Рахмат чоң.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG