Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:05

Баткен областында куралдуу топтун чек араны бузуп кирип келиши, талдоочулардын пикиринде, Кыргызстандын чек араны тооруган коркунучтарга даяр эмес экенин көрсөттү.

Мындан он жыл мурда болгон Баткен окуяларынан кийин Кыргызстан түштүк чек араларын бекемдөөнүн үстүндө келатканына карабастан, куралдуу топтун өтүп кетиши чек арадагы даярдыктын дагы эле бошоң экенин кабар кылды.

Бишкектик аналитик Бакыт Орунбековдун айтымында, мамлекет көрүп жаткан чаралар, бөлүп жаткан каражаттар дагы эле болсо чек аралардын коопсуздугун бекем камсыз кылуу деңгээлине шайкеш жүрбөй жатат. Натыйжада чек арачылардын күжүрмөн даярдыгы аксап, күч структулары бирдиктүү иш-аракет жүргүзүүгө жетише албай келишет.

Кыргызстанга коркунуч түштүк чек арасынан келерин, күчтү ушул жакка топтоштуруу зарылдыгы көп эле айтылып келатат. Мындан он жыл мурдакы Баткен окуяларында исламчыл согушкерлердин колунан жапониялык жана кыргызстандык туткундарды бошотуу операциясына катышкан, азыр Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Турсунбай Бакир уулу Жакында эле "Азаттыкка" берген интервьюсунда террордук коркунуч түштүк жактан чыгып жатканын дагы бир жолу эскертип, борбор шаарын Ошко көчүрүү, Өкмөттү түштүккө көчүрүү сыяктуу кардиналдуу чараларды көрүү зарылдыгын белгилеген.

Кыргыз өкмөтү Чек ара кызматынын жетекчилигин Ошко көчүрүп барууну жаңы эле баштады. Кыргыз Чек ара кызматынын башкы штабынын жана борбордук аппаратынын 60 пайызы октябрдын аягына дейре Ош шаарына көчүрүлөт. 2010-жылдын май айына чейин көчүрүү толук аяктоого тийиш. Азыркы күндө Ошто бир казарма жана бир кеңсе курулду. Офицерлер үчүн турак үйлөрдү салуу каралууда. Бул максатта мамлекет 10 миллион сом бөлгөн.

Бул жөнүндө Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Рысбек Мырзаматов жакында эле «Азаттыкка» билдирген болчу:

- Түштүк - көбүнчө маңзат ташылган жол, мыйзамсыз миграция да аймакта абдан курчуду. Ушундай жүйөлөрдөн улам Чек ара кызматынын башкы штабын жана борбордук аппаратын Ош шаарына көчүрүүнү ылайык таптык.

Мамлекет көрүп жаткан ушундай чараларга карабастан, түштүк чек арасынын коопсуздугунда чечилбей жаткан маселе көп. Чек ара коопуздугун бүтүндөй колго алууга Кыргызстандын чамасы чак, ошол себептүү кыргыз бийлиги Орусиянын экинчи аскер базасын Баткен областында ачуу маселесин Москва менен сүйлөшүүдө.

Ушул жылы 30-июлда Чолпон-Ата шаарында кыргыз-орус президенттери меморандум кол коюп, Кыргызстандын түштүгүндө Орусиянын аскер базасын ачуу боюнча келишим ноябрь айына чейин ишке ашырылсын деп бүтүм чыгарышкан. Расмий маалыматтар боюнча өлкөнүн түштүгүндө 400дөй аскерден турган бир батальонду жайгаштыруу каралууда.

Бишкек менен Москванын мындай чечимине Ташкент каршы чыгып, мунун арты Фергана өрөөнүндөгү улуттук чыр-чатактардын чыгышына, радикалдык-экстремисттик күчтөрдүн күчөп баш көтөрүшүнө алып келет деп билдирүү жасаган.

Кыргызстандын өзүндө бул маселе боюнча эки ача пикирлер айтылып келатат. Талдоочулардын бир тарабы Орусиянын экинчи аскер базасын ачууну Кыргызстандын түштүгүндөгү коопсуздукту камсыз кылуу үчүн маанилүү окуя катары карашса, экинчилери Кыргызстан бирөөнүн армиясынын көзүн карагандан көрө өзүнүн армиясын күчтөндүргөнү туура болмок деген ойдо болуп жатышат.

Диний экстремизм жана террор маселелерин иликтеген оштук адис Имамберди Жалиловдун Орусиянын аскер базасынын ачылышы бул аймакка күүлөнгөн сырткы күчтөрдүн тизгинин тартууга аргасыз кылат.

Ошол эле учурда Кыргызстандын мурдакы коргоо министри Исмаил Исаков Кыргызстан эң алды өз армиясын чыңдоонун ордуна бөлөк элдин армиясына ишенип жатканы түбүндө туура эмес стратегия деп белгилейт.

-Кыргызстан биринчи мөөнөттө өз аскерлерин күчөтүп, аларды абдан жакшы камсыздап, жакшы куралдарды берип, жакшы структураны түзүүсү керек эле. Бирок азыркы жетекчилер кыргыз аскерин талкалап, жок кылуу менен бирөөнүн армиясын багууга элди өздөрү түртүп жатат.

Кыргызстан бир жыл мурда эле чек араларды комплекстүү коргоо стратегиясын ишке ашырып баштаганын жар салган. Бирок экономикасы чабал тоолуу чакан өлкөнүн чек араларын кайтарууда чечилбеген аскердик, экономикалык маселелери али көп экени көрүнүп турат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG