Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:24

Министр Кубатбек Боронов Ак-Сайга жөнөп кетти


Калың кардан жаралган оор кырдаалга байланыштуу өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Ак-Сай өрөөнүнө жөнөп кетти. ӨКМдин акыркы маалыматына ылайык, кыштакка алты машина тоют жеткирилди, калгандары жолдо баратат.

Ак-Сай өрөөнүндөгү калкка тиешелүү жардамдарды көрсөтүү максатында ал жерде өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жана башка тийиштүү адамдар жүрүшөт. Мындан башка Нарындан дарыгерлер тобу сапарга чыгышты.

Бир жума мурун Ак-Сай өрөөнүнө барчу Торугарт - Көк-Кыя – Кында жолунда калың кар жаап, өрөөнгө барчу жол буулуп калган. Андан улам малдын тоюту түгөнүп, чабандар жана жергиликтүү калк абал оорлошуп кеткенин билдиришкен.

21-мартка карата ӨКМ Торугарт – Көк-Кыя жолунун 79 чакырымы кардан тазаланганын билдирип, автожолдун калган бөлүктөрүн да тазалоо иштери жүрүп жатат. (SDz)

XS
SM
MD
LG