Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:01

М. Сариев: Бакиевди алып келүү - узакка созула турган чоң оюн


Саясат таануучу Марс Сариев К. Бакиевди экс-президент наамынан жана кол тийбестик укугунан ажыраткан менен аны Кыргызстанга алып келип жоопко тартуу абдан кыйын иш экенин белгилейт. Анткени, анын жүйөөсүндө, азыркы Убактылуу өкмөт легитимдүү болбой жаткандан кийин анын талабын башка өлкөлөр угушу арсар.

- К.Бакиевдин кол тийбестик укугун алуу чечими кабыл алынды. Эми К.Бакиевди Минскиден алып келүү аракети ишке ашабы, же бул ички саясатка байланышкан гана саясий чечим болуп калабы?

- Менин оюмча, декрет чыгарса дагы аябай татаал болот К.Бакиевди Кыргызстанга алып келиш. Себеби бул чоң оюн, башка мамлекеттер дагы бул чоң оюнга кошулуп атышат. Азыркы убактылуу өкмөт легитимдүү болбой атпайбы. Ошон үчүн бул оюнга чоң шарт ачып атат.

Ошон үчүн бул бийлик легитимдүү болмоюнча, чоң оюнду башка чоң мамлекеттер ишке ашыра беришет. К.Бакиев өзүнчө эле ыңгайлуу фигура болуп атат ошол оюнга. Кыргызстанды чоң мамлекеттер өз жагына тартып атышат. Ушул оюн болуп атканда азыр бул абал башка мамлекеттерге жагат. Ошон үчүн, менин оюмча, К.Бакиевди бул жакка экстрадиция кылуу аябай эле татаал. Бул жумуш жакында ишке ашпайт го деп ойлойм.

- Бакыт Бешимов К.Бакиевден кол тийбестик алынып салынган соң, экс-президент А.Акаевдин дагы кол тийбестиги алынып салынышы керек деген пикирин билдирди. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

- Мен дагы ошол ойду колдойм. Себеби, элге кантип айтып берет, Бакиевдин иммунитетин алып салгандан кийин, эл чалкасынан кетет, эмне үчүн Акаевден албайт деп. Ошондуктан Бакиевден алса, Акаевден дагы алыш керек.

- Убактылуу өкмөттө Беларустун президентине кандайдыр бир кысым көрсөтө алганга жол барбы?

- Жок. Менин оюмча, азыр Убактылуу өкмөт эч кандай басым көрсөтө албайт, күчү да жетпейт ага.

- Негизи эле ушундай абалдан чыгуунун жолун айта аласызбы?

- Азыркы акыбал аябай эле катуу болуп атат. Баары эмнеден чыгып атат? Азыр Убактылуу өкмөт легитимдүү болбой атпайбы, ушунун баары Конституцияга жараша легитимдүү болгондон кийин башка мамлекеттер дагы түшүнүп мамиле кылмак.

Ушул мөөнөт бүтмөйүнчө ушундай чакчалекей боло беребиз. Мен ойлойм, ушунун мыйзам жагын батырак чечиш керек. Ошондо акыбал турукташат.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG