Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:46

17-мартта Хелсинки комиссиясы Кыргызстандагы сөз эркиндигине тынчсыздануусун билдирди. Буга биринчи кезекте “Азаттык” үналгысынын угармандарга жетпей жатышы негиз берүүдө. Бийлик болсо “Азаттыктын” уктурууларын кайра жандандыруу багытында аракет көрүлүп жатканын айтууда. Бул аралыкта Башкы прокуратуранын сунушу менен “Ачык саясат”, “Назар” гезиттерин сот жапты.

Америкалык Конгресстин Хелсинки комиссиясынын 17-марттагы билдирүүсүндө бул комиссиясынын (АКШнын Европадагы коопсуздук жана кызматташтык комиссиясынын) төрагасы, сенатор Бенжамин Кардин (Benjamin L. Cardin) менен теңтөрага, конгрессмен Алси Хастингз (Alcee L. Hastings ) Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын абалына, анын ичинде “Азаттык” үналгысынын программаларынын айрым жергиликтүү шериктер тарабынан токтотулушуна терең тынчсызданышып, Кыргызстан ЕККУнун негизги принциптерин бузуп жаткандыгын белгилешкен.

Төрага Кардин “президент Курманбек Бакиевге эркин ой айтууга кысымды токтотууну, “Азаттыктын” программаларын обого чыгарууга жол берүүнү” сунуш кылган.



Ушул эле күнү Бириккен Элдик кыймыл “Азаттыкты” бийлик саясий окуялар курчуган маалда атайылап жапты деп билдирди.

2005-жылдын 23-февралынан 24-мартына чейин “Азаттык” ушундай жагдайга кирептер болгондугун эске алган Бириккен оппозиция бийликти өткөн тарыхтан сабак алган жок, жарандарды конституциялык маалымат алуу укугунан ажыратып атат деп сындады өз билдирүүсүндө.

“Азаттыктын” программаларынын чектелишине кабатырланган билдирүүлөрү менен буга чейин массалык маалымат каражаттарынын укуктарын, адам укуктарын коргоочу уюмдар, Кыргызстандын акыйкатчы институту да чыккан.

Мурда маалымдалгандай, 10-марттан баштап “Азаттыктын” үналгы берүүлөрүн “ОК”, “Нарын-Алмаз”, “Нарын-Ош” радиолору аркылуу, андан мурдараак “Мост” (Талас), Роял (Кызыл-Кыя) радиолору аркылуу уктуруу токтотулган.

“Ыңгайсыз суроолор” сыналгы берүүсүн жана “Азаттык+тун” жаштарга арналган сыналгы долбоорун “Манас жаңырыгы” (Бишкек), “Керемет” (Ош) сыналгы каналдары да көрсөтпөй калышты.

Мунун себебин өнөктөштөр ачык айтышпаганы менен бийликтин кызыкчылыгында жана Мамлекеттик байланыш агенттигинин кызматкерлеринин кысымы астында жасалып жаткандыгы кыйытылууда. Мындай пикир коомчулукта да басымдуулук кылууда:

- Азыркы саясий кырдаалда силердин таасириңерди сезген бийлик мүмкүнчүлүктөрүңөрдү чектегенге аргасыз болуп атат, - дейт талдоочу Кубан Абдымен.

Анткен менен аталган компанияларды лицензия менен жабдуу милдетин аткарган Мамлекеттик байланыш агенттиги “Азаттыктын” жагдайына байланыштуу эч кандай расмий маалымат бере элек.

Президенттин катчылыгы болсо бийлик атайын кастарын тигип, тосмолоп жатат деген дооматтарды четке кагып, “Азаттыктын” чыкпай калыш себептерин иликтөөгө киришкендигин кабарлоодо.

Катчылыктын өз ара аракеттенүү кызматынын башчысы Илим Карыпбековдун билдиргенине караганда, катчылык аталган менчик үналгы жана сыналгы компанияларга бул маселе тууралуу маалымат сурап кайрылды.

Бул аралыкта Кыргызстан аймагында “Азаттыктын” үналгы берүүлөрү менен бир учурда тосмого кабылган “Фергана Ру”, “Центразия Ру”, “Белый Парус” өңдүү көз карандысыз интернет барактарды ачуу үзгүлтүктөр менен коштолуп, бирок бейшембиден тартып аларды маал-маалы менен ачууга мүмкүн болуп жатты.

Муну айрым байкоочулар кыргыз бийлигинин коомчулуктун сүрүнөн сестенүүсү, нааразылыкты ого бетер күчөтүп албоо аргасы катары санашууда.

Талдоочу Бакыт Орунбеков, маселен, муну 23-мартка белгиленген бийлик курултайына жоруду:

- Саясий кырдаалды көрүп турса керек. Эртең жаман кесепети болуп кетпесин деп кайрадан ачканга аргасыз болуп атса керек. Анын үстүнө 23-марттагы курултай да өңчөй “дүжүрлөрдүн” жыйыны катары эмес, өтө курч мүнөздө өтөөрүн болжоп атам.

Бул аралыкта ЕККУнун Венадагы баш кеңсеси Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттарынын абалы боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине кат жолдогондугу кабарланууда.

“Азаттыктын” тарапкерлеринин 15-марттагы нааразылык иш-чарасынын учурунда ЕККУнун Бишкек кеңсесинин төрага орун басары Лилиан Дари:

- “Азаттыктын” уктурууларынын токтотулушу тынчсызданууну жаратууда, - деген.

Мына ушундай жагдайда 18-марттын кечинде Биринчи май райондук соту “Назар” жана “Ачык саясат” эркин гезиттерин басып чыгарууга убактылуу тыюу салгандыгы маалымдалды.

Башкы прокуратура аталган эки гезитке президент Курманбек Бакиевдин кадырына доо кетирген материалдарды жарыялады деп, 5 миллион сом айып коюп атат.

Бул тууралуу “Азаттыкка” баш прокурор Нурлан Турсункуловго шилтеме берип гезиттердин ээси Бабырбек Жээнбеков билдирди.


Эл аралык "Фридом Хаус" укук коргоо уюмунун тыянагы боюнча Кыргызстан азыр дүйнө жүзүндөгү жарым-жартылай эркин өлкөлөрдүн тизмесинен төмөн түшүрүлүп, эркин эмес өлкөлөрдүн катарында турат
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG