Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:49

М. Ниязов: Карзай бийлигинин колу кыска


Коопсуздук Кеңешинин мурунку катчысы М. Ниязовдун баамында, коалициялык күчтөр Ооганстандан кетип калса, дүйнө үчүн өтө чоң коркунучтуу согуш ошол жактан башталат.

- Мирослав мырза, бүгүн Ооганстанда президент Хамид Карзай расмий түрдө президенттик кызматка киришип жатат. Карзайдын өлкөдөгү абалды өзгөртүүгө кандай мүмкүнчүлүгү бар же ага эмне жетишпейт?

- Биринчиден, Карзайдын негизги аткаруу бийлигинин өзүнчө колунан эч нерсе келбейт азыр, аны ачык эле айтып коюш керек. Анткени Ооганстанда болуп аткан окуяларга байланыштуу бүгүнкү бийлик элин башкарып кеталбайт. Анткени өткөн шайлоо жыйынтыгына эл дагы толугу менен ишенген жок. Мен ойлойм, азыр коалициялык күчтөр болбосо, бүгүнкү бийлик Ооганстанда көтөрүп алып кеталбайт.

- Хамид Карзай бүгүнкү сөзүндө айтыптыр, коалициялык күчтөрдүн чыгышы үчүн талиберди кызматташууга чакырыптыр. Биз тынчткты орнотсок ошондо күчтөр чыгып кетет деп. Ушул коалициялык күчтөрдүн чыкканга чейин талибдер канчалык бул өкмөткө келиши мүмкүн. Ошол эле Абдулла Абдулла дагы бул өкмөткө кирбейм деп жатат. Канчалык мүмкүн бул коалициялык өкмөт түзүү?

- Ооганстанда коалициялык, же башка күчтөр келеби, бүгүн тынчтыкты орнотуш өтө кыйын болуп атат. Анткени биримдик саясаттын келечегин эч ким көрбөй атат. Бүт баары уруу-уруу менен байланышкан. Тажикстанда болгон маалыматка караганда, Ооганстанда 40 пайыз пуштун, 40 пайыз тажиктер, 20 пайыз өзбек, кыргыз, башка калктар жашайт дейт.

Бир түптүү титулдук калк болбогондон кийин бул калктардын ортосунда да талаш-тартыш болуп атса керек деп ойлойм. Ошон үчүн жакын арада Ооганстанда эч кандай коалициялык күчтөр дагы акыбалды оңдоп кеталбайт. Бирок биз кайдыгер карабашыбыз керек Ооганстанда болуп аткан нерселерге. Мен көп жолу бул жөнүндө жазгам, ШОС дагы кийлигишип, колунан келген жардамды коалициялык күчтөргө бериш керек.

Кандай болсо дагы, кайсы аракеттер болбосун бүгүн Ооганстанга жардам берсек, ошондо тынчтыкта жашашыбыз мүмкүн. Бүгүн Ооганстандын ортосунан тынчтык менен согуш деген бир ок кетип атат. Ушуну биз туура түшүнсөк. Анан америкалык күчтөр келеби, же келбейби деп сырттан карап турганыбыз, бул бизге таптакыр жарашпай турган көрүнүш. Албетте, америкалык коалициялык күчтөр эч нерсе жасай алышпаса, мүмкүн кетип калышса, анда чыр-чатактын бүт баары, согуштар ошол Ооганстандан башталат.

- Ушундай шартта АКШнын стратегиясы кандай болот деп ойлойсуз, Обама кайсы стратегияны тандап алат, аскерлерди көбөйтөбү, же Ооганстандын өзүнүн күчтөрүнө басым жасоого киришеби, же болбосо мүмкүн азыр өзүңүз белгилегендей аскерлерди чыгаруу жагына оойбу, кандай деп ойлойсуз?

- Аскерди азыр чыгара турганга эч кандай шарт жок. Бүгүн Пакистан дагы кийлигишип, талибер менен катуу күрөшкө кирип кетип атат, терроризм деген күчөп кетип атат. Ошондуктан бул күчтөр калыш керек. Ошол күчтөрдү керек болсо көбөйтүш керек.

Мындай элестетип көрөлүчү, бүгүн ошол коалициялык күчтөр Ооганстандан кетип калса, Карзайдын бийлиги эч нерсе кылалбайт. Эртең бака-шаканын баары башталат. Дүйнө жүзүндө жүргөн наркомафиянын адамдары толугу менен Ооганстанга келип басат.

Дүйнө жүзүндө героинди эң көп чыгарган бул Ооганстан болуп атат. Өтө чоң коркунуч Ооганстандан чыгып атат. Ошондуктан мен чакырат элем, кандайдыр бир күчтөр бар болсо толугу менен биз Ооганстанга жардам беришибиз керек, күчтөр кетпеш керек, андай бүгүн мүмкүнчүлүк жок.

- Чоң рахмат сизге.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG