Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:00

М. Ниязов: Убактылуу бийлик күндөн күнгө ишеничтен кетип жатат


Убактылуу өкмөт өз иш-аракеттеринде бир топ ката кетирип жатат. Мындай шартта үчүнчү жолу объективдүү түрдө бийлик алмашуу болуп кетиши мүмкүн. Бул тууралуу Коопсуздук кеңештин мурунку баш катчысы Мирослов Ниязов билдирди. "Азаттык" М. Ниязовдон үчүнчү төңкөрүш болуп кетиши ыктымал деген пикирин чечмелеп берүүнү сурады.

- Бүгүнкү убактылуу бийлик күндөн күнгө рейтингин жоготуп кетип атат. Анткени булар кандайдыр логикага каршы иш алып кетип атат, кадр маселелери элге жакпай атат. Ошондуктан мен айтат элем, булар өзүлөрү элдин кыжырын келтирип атат. Бүгүн элдин арасында революциялык руханий эрки, духу кете элек. Булар азыр деле бийликтин иштегенин түз карап атат. Бирок бийлик көп катачылык кетирип атат. Бул дагы үчүнчү жолу дагы бир алмашуу болуп кетсе, бул алмашуу да объективдүү түрдө болот. Анткени убактылуу бийлик ишин туура жүргүзө албай атат.

- Мисалы кайсыларды негизи деп белгилеп кетесиз. Кайсы жактан ката кетирип атышат?

- Кадр маселеси, бүгүнкү Конституциянын эч кандай кажети деле жок. Кыргызстанды Конституция оор акыбалдан чыгарып кете албайт. Кандай мыкты Конституция болбосун. Булар Конституция менен элди алаксытабыз дейт. Бүгүн Конституция, эч кандай мыйзам Кыргызстанды жылдырып кете албайт. Мен кошумча айтып коет элем, ушул оор кырдаалда референдум, шайлоо дагы өтпөй калышы ыктымал.

Анткени буларды өткөргөндө саясаттык стабилдүүлүк болуш керек сөзсүз. Мыйзамдуу жол менен жүрүш керек. Эми мыйзамсыз келген бийлик мыйзамсыз жол менен жаңы Конституцияны өткөрөбүз дегени туура эмес болуп атат. Элди тозокко алып барып аткан азыр убактылуу бийлик болуп атат. Элде эмес күнөө. Күнөө бүгүнкү бийликте болуп атат.

- Кырдаалдан чыгуу үчүн Убактылуу өкмөт эмнелерди биринчи болуп жасаш керек эле деп эсептейсиз. Сизде кандай сунуштар бар?

- Эң биринчи башынан келгенден баштап Жогорку Кеңешти, Конституциялык Сотту кетирбей эле, легитимдүү жолдон чыкпай эле ошолор менен чогуу иштеш керек эле. Анткени президент качкандан кийин парламент калган. Бул парламент жакшыбы-жаманбы, бирок легитимдүү парламент бүгүнкү учурда.

Конституциялык Сот жакшыбы-жаманбы, бирок легитимдүү бийликтин бутагы болуп атпайбы. Эми булар революциялык жол менен келдик деп революция жол менен буларды жокко чыгарып, эми өзүлөрү легитимдүүлүккө кире албай атышат. Ошентип азыр Кыргызстандын келечеги бүдөмүк болуп атат.

Алар өтүп кеткен көпүрөлөрдү өздөрү өрттөп салышты. Эми кыйын акыбал келди. Эмне болбосун акырындык жол менен легитимдүүлүккө киребиз десек, баары бир ошол жаман болсо дагы Жогорку Кеңешти, Конституциялык Сотту бир күнгө алып келип, ошолордун мүчөлөрүн алмаштырса алмаштырсын, бирок легитимдүү бутактарды калтырып коюш керек эле.

XS
SM
MD
LG