Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:54

Кооптуу жерлерден эл көчүп кетпей жатат


2009-жылы апрелде Аксыда болгон көчкү
2009-жылы апрелде Аксыда болгон көчкү

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кышында кар көп жаагандыктан жаз айларында суу ташкындары болушу мүмкүндүгүн эскертип жатат. Мына ушул жаратылыш коркунучтары жөнүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Калк жана ММК менен иштөө бөлүмүнүн адиси Абдишарип Бекилов “Азатыктын” окурмандарына айтып берди.

- Кышында кар көп жаагандыктан жаз-жай айлары суулар ташкындап, жер көчкүлөр жүрүшү мүмкүн экенин билдирип жатасыздар. Кайсы аймактар өзгөчө кооптуу болуп турат?

- Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, быйылкы жылы жаан чачындын көп болушу, кардын оор жаашы, жылдагы нормага караганда ашыкча болду. Ошого байланыштуу бизде 30-март күнү өкмөттүн атайын чечими чыкты. Жазгы, жайкы убактардагы мүмкүн болушунча жаратылыштын кооптуу процесстерине чара көрүүгө даярдык көрүү жөнүндө буйрук кабыл алынды.

- Ошондо кайсы аймактарда сел жүрүшү, жер көчкү болуп кетиши мүмкүн деп акмалап карап турасыздар?

- Бизде негизинен жер көчкү коркунучунун 70-80 пайызы түштүк регионуна туура келет. Бул жылда эле болуп жүрүүчү көрүнүш. Бирок быйылкы нымдуулуктун нормадан көп болушу дагы деле болсо түштүк регионуна туура келет. Айрыкча Ош, Жалал-Абат, Баткен облустарында. Күркүрө-Суу, Терек-Суу, Алай тоо кыркаларында кардын жана жамгырдын көп жаашына байланыштуу ошол жерлерди акмалап карап турабыз.

Андан сырткары Жалал-Абат облусунун бардык районунда сел жана жер көчкү коркунучу бар. Алардын алдын алуу боюнча бүгүнкү күндө Министрликтин мониторинг департаменти бардык чараларды көрүп, азыр бүт региондорду кыдырып коркунучу бар жерлерди кайрадан кароодон өткөрүп жатышат, элге, жергиликтүү бийликке, айыл башчыларына чейин бүт эскертүүлөрдү беришип.

Ошондой эле жылдын башында атайын китеп чыгарылган, кооптуу аймактарда кандай сактаныш керек, кайсы жерлерде кооптуу делген жерлер бар, жер көчкү, кар көчкү коркунучу жана сел, суу ташыкандары. Жер алдынан чыккан суулардын көбөйүшү кайсы участоктордо бар экени бүт ошол китепте көрсөтүлүп, райондук, облустук администрацияларына, ошондой эле айыл округдарына чейин жеткирилип таркатылган.

- Былтыр жаз жаанчыл болуп апрель айында Аксынын Райкомол айылында жер көчкү жүрүп, он алты адам каза болду эле. Бул айылды көчүрүү керектиги айтылган. Азыр айылда абал кандай? Кыргызстанда дагы ушундай айылдар барбы?

- Бизде бар андай айылдар, Кара-Кулжа, Өзгөн, Жалал-Абат облусунун көп региондорунда бар жер көчкү коркунучу бар жерлер. Азыр белгилеп кеткендей, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мониторинг, чалгындоо департаментинин кызматкерлери бүт ошол участоктордо жүрүшөт, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп.

Ушул жерден бир нерсени баса белгилеп коюшубуз керек, бизде жер көчкү коркунучу бар жерлерде жашоочулар 2004-жылы, кээ бир жерлеринде 1994-жылдан бери ссуда алышкан. Мамлекет тарабынан жер участогу бөлүнүп берилген. Көчпөй жүргөн жерлер бар да.

Мен бир эле мисал айтайын, Кара-Кулжа районунда Алтын-Күрөк бир айылында ошол жерде мындан он жыл мурда 51 кожолукка бүт жер участоктору бөлүнүп берилип жана тийиштүү мамлекеттик каражаттар берилген, алды 200 миң сомдон ссуда алышкан. Бирок эл көчпөй эле кайра ошол жерде отуруп атышат. Жок биз көчпөйбүз, себеби мал-жаныбыз, тирилигибиз ушул жерде, ата-бабабыз ушул жерде жашашкан, сөөгү коюлган жерден көчпөйбүз деп.

Мен кечээ эле ошол жерде болуп келдим чалгындоо департаментинин адистери менен. Эл менен сүйлөшкөнүбүздө жок биз чыкпайбыз дегенден башка эч нерсе айтышпайт. Ал жерлерге биздин прокуратура, мыйзам көзөмөлдөөчү органдарынан, жергиликтүү бийликтен барышып бардык чараларды көрүп атат. Тилекке каршы, эл өзү көчпөй жаткан аймактар бар. Көчкүлө, кеткиле деген түшүндүрүү иштери бүгүнкү күндө толук Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жүрүп атат десем жаңылышпайм.

XS
SM
MD
LG