Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:30

“Эл сөзү” гезити куугунтукталгандарды, башына калканч издеп, чет өлкөлөргө чыгып кеткен кыргыз жарандары тууралуу баяндады.“Назар” гезити Айтматовдун туулган күнүнө өкмөттөн киши келбегенин, бир гана маданият агенттигинен Султан Раев, Талас облусунун губернатору Бейшен Болотбеков катышканын, ашка баратканда “Алиби”, “Назар” гезиттерин бир далайга чейин милийсалар өткөрбөй баштарына жаңгак чакканын кейиш менен кеп кылды.

“Эл сөзү” гезити журналист Баратбай Аракеевдин “Качкындар, качыргандар жана журналисттер” деген макаласы менен жаңы санын ачты. Автор куугунтукталгандарды, башына калканч издеп, чет өлкөлөргө чыгып кеткен кыргыз жарандары тууралуу баяндап келип “Биздин мамлекеттин эркиндикке чыгып, Акаев башкарган мезгилден азыркы Бакиев башкарган мезгилге чейинки кыска жолуна көз чаптырсаң, момундай бир алгылыксыз пикир жаралат экен: кыргыздын колуна бийлик бериш жарабайт, берсең кадырына жете албайт, эл башкарганга жарамсыз. Анткени бийликке келери менен бүт баарын өзүнө алгысы келет, элин эл дебей, жерин жер дебей соодалап жиберет экен” деп жазды.

Гезит ошондой эле Баткен облус губернаторунун бошогон ордуна “Жаңы Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Сайпидин Дыйканов баштаган 20 адам Мамат Айбалаевди губернаторлукка сурап, президентке кат жолдогонун кабарлады. “Ташиевдин тараза ташы кайда оойт?” аттуу макалада “Ак үй аткминерлери кызматында турган кезде алар жөнүндө бир ооз жаман сөз айтпаган КТР менен өкмөт гезиттери Ташиев кызматтан кетелекте эле ал башкарган министрлик кыргыз элинин ырыскысын каалагандай төгүп-чачып келгенин “сүйүнчүлөп”, “шыбап” кирген болучу” деп билдирди.

Басылма андан ары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бир нече кызматкерлерине кылмыш иши козголгонун, узун кулактардын айтымында Камчыбек Ташиев бүтүндөй түштүк аймагынын дээрлик көпчүлүгүн күйүүчү май менен камсыздоочу “Томас” ишканасынын кожоюну экенин, Кыргызстандагы эң капчыктуулардын тизмесине кирген Камчыбек мырза дагы деле бийликтен үмүтүн үзбөй Бакиевди кош колдоп колдоосун жар салып: “Данияр Үсөновду кызматтан кетирүүгө болгон күчүн жумшарын ачык эле жар салды. Кандай күч экенин бир Кудай анан бир Камчыбек мырза “бригадасы” менен эле билбесе, азырынча табышмак бойдон турат” деп жазды.

Коомдук ишмер Базарбай Мамбетовдун Кыргызстанды талап-тоноонун классикалык жолу кандай болгонун баяндаган орус тилиндеги макаласы да ушул санда.

Журналист Жылдыз Мусабекова менен белгилүү парапсихолог Мелис Карыбековдун маегинин корутунду бөлүгү окурмандарга тартууланды. Маекте Манапбай молдо, Ысык-Атадан чыккан Жуманалы табып, Гүлсүн Мамашованын баатырдыгы жана Таттыбүбүнүн арбагы, Бурананын сыры тууралуу сөз болот.

“Билим берүү тармагындагы бизге белгисиз жоруктардан баш айланат. Азыр шаарда бала бакчага балаңды акчасыз орноштура албайсың. Ал эми мектеп жетекчилеринин ата-энелерден акча чогултмай адаты кадыресе көрүнүш катары кабылданып калды. Өкмөт болсо буга унчукпайт. Капталдан карап, калп эле “келесоо” болуп тура берет” деп макаласын баштаган журналист Айбек Шамшыкеев ата-энелерден чогултулуучу акчаларга кимдер кызыгып жаткандыгын талдоого алган.

“Кыргыз туусу”
гезити адаттагыдай эле окурмандардын каттарына орун берген. Мисалы Бишкектик профессор Надырбек Жумалиев: “Бааларды көтөрүүдөн мурда аларды биротоло эсептеп чыгып анан аргументтерин айтышпайбы? Асмандан алып эле айта беришеби? Энергетика тармагындагы жабдуулар эскирип бүттү деген да суу кечпеген сөз. Анткени ушул кезге чейинки жарык үчүн төлөнгөн акчалар кайда кеткен? С. Балкыбеков, А. Ширшов сыяктуулар азыр деле башкарып жатпайбы. Уурдоолордун баарын чоң чиновниктер менен байлар жасайт” деп жазды.

Гезит андан ары КР Баш прокурорунун орунбасары Р.Бактыбаевдин “Мамат мырзага мамлекеттин күчү жетет” деген макаласын жарыя кылды. Анда Ош облустук керек-жарак коомдор жана кооперативдер биримдигинин мурдагы төрагасы Мамат Орозбаевдин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы тизмеленген.

Үрүмчү шаарынан Аскар Жунустун “Тарбагатайлык кыргыздар” аттуу тарыхый баянынын уландысы да сандан санга басылууда.

“Назар” гезити жаңы санын “Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Таластагы ашы кандай өттү?” деген тема менен жазуучунун карындашы ачып, Роза Айтматова менен белгилүү журналист Жылдыз Муслимованын маектерин тартуулады. Гезиттин башкы редактору Бабырбек Жээнбековдун баяндамасы “Айтматовду айтматовдой өткөрө албадык” деп аталып, Айтматовдун туулган күнүнө өкмөттөн киши келбегенин, бир гана маданият агенттигинен Султан Раев, Талас облусунун губернатору Бейшен Болотбеков катышканын, ашка баратканда “Алиби”, “Назар” гезиттерин бир далайга чейин милийсалар өткөрбөй баштарына жаңгак чакканын кейиш менен кеп кылды.

Ушул эле гезит Петровка соту, Балыкчы соту, саясатчылар А. Жекшенкулов менен И. Исаковдун соту бир күндө , төртөө тең 17-сентябрь күнү болорун, кыргыз саясатында “бригада” деген атка конгон саясый топ барын, ага: М. Султанов, А. Келдибеков, С. Жапаров, кезинде У. Ормонов, И. Гаипкулов мүчө болушканын, буга жакында кызматтан алынган Ташиев да мүчө экенин, гезит божомолу боюнча капчыгы калың, амбициялуу мындай топ келерки президенттик шайлоодо өз кишилерин алып чыкпасына эч ким кепилдик бере албастыгын балким Ташиевге байланышкан окуянын учугу ушул жакта болуп жүрбөсүн деген бүшүркөөсүн билдирди.
XS
SM
MD
LG