Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Өмүрбек Текебаев: Тынчтык жолу - акыл-эс жана чыдамдуулук


Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары, “Ата-Мекен” Социалисттик партиясынын төрагасы, Өмүрбек Текебеавдин Кыргызстандын элине КАЙРЫЛУУСУ

Урматтуу мекендештер, туугандар!

2005-жылы Кыргызстанда жарандардын диктатурага каршы жапырт көтөрүлүүсү болду. Авторитардык режим элди чөгөлөтө албастыгын алар далилдеди. Коомдо иш жүзүндөгү саясий жана социалдык-экономикалык өзгөрүүлөргө үмүттөр пайда болду. Алар акталган жок. Ошондуктан 2010-жылдын 7-апрелинде эл кайрадан көтөрүлүү менен экинчи президенттин режимин кулатты.
Азыр ар бирибиз жана бүткүл дүйнө мындан ары Кыргызстанда эмне болот деген негизги суроону берүүдө. Биздин демократиялаштыруу долбоорубуздун ийгилиги Борбордук Азиядагы саясий жана социалдык-экономикалык кайра түзүүлөргө түрткү бериши мүмкүн. Бир нече жылдын ичинде Кыргызстан региондун эң бай өлкөсү болбосо да, эң демократиялуу өлкөсү боло алат. Жаңы саясий система жарандын жана бүтүндөй коомдун өмүрүн, мүлкүн, кадыр-баркын жана беделин мыйзам менен ишенимдүү коргоону камсыз кылууга тийиш. Эркин өнүгүү жана адилеттүү саясий тартип коомдогу туруктуулук менен ынтымактын өрнөгү болуп калат.
Кыргызстандын жарандары!

Убактылуу Өкмөт тарабынан сунуш кылынган реформалар баарына эле жага бербейт. Кыргызстандагы жана анын чегинен сырткары жерлердеги айрым күчтөр жаңы конституциянын долбоору жана өткөөл мезгилдин Президентин шайлоо боюнча референдум өткөрүүнү бүлүндүрүүгө болгон күч-аракеттерин жумшап жатат. Жадагалса кимдир-бирөөлөр “республиканы канга чөгөрүп жиберүүгө” сөз берген. Айрым күчтөрдүн кырдаалды туруктуулуктан чыгарууга жасаган аракеттери эмдигиче улантылууда. Бирок алардын бийликти ачыктан-ачык басып алууга жасаган пландары ишке ашкан жок – эл өлкөнүн Түндүгүндө да, Түштүгүндө да кайрадан жеңишке жетишүүгө жандалбас ургандарды колдогон жок. Эми алар коомдо улуттар аралык араздашууну козутууга аракет жасап жатат. Демократиянын душмандары ар кандай улуттар чогуу жашаган жерлерде – Маевкада, Ала-Букада, Ошто, Жалал-Абадда, Токмокто, Кара-Сууда чагым жасашты.

Улут маселеси ар бир адамдын ар-намысы жана беделинин түшүнүгү менен бекем байланыштуу экендигин чагымчылар түшүнөт. Өздөрүнүн маданий өзгөчөлүгүн жана улуттук сыймыгын коргоо үчүн көптөгөн жарандар жадагалса өлүмгө даяр тургандыгын алар билишет. Ошон үчүн алар кишилердин аң-сезиминин эң назик жерине атайын сокку урууда.

Чыр-чатак үчүн себептер– таксист менен жүргүнчүнүн талаш-тартышы, кулпунай үчүн базардагы соодагерлердин ортосундагы кайым айтышуусундай эле эң жөнөкөй болушу мүмкүн. Жадагалса мына ушундай тиричиликтик пикир келишпестиктер улуттар аралык чыр-чатакта зомбулукка жана катуу, бүлгүндүү кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Чыр-чатак менен социалдык проблемаларды чечүүгө мүмкүн эмес. Өз ара күч колдонбогон жол менен барганда гана ар кандай кырдаалдардан чыгууга болот.

Катуу чыккан ураандарды ээрчиген айрым карапайым адамдар өз улутташтарынын өмүрүн, ар-намысын, беделин коргоп жатабыз деп ойлоп, чыр-чатакка аралашып кетип жтышат. Бирок. мунун эң коркунучтуу кесепети кандайдыр бир учурда тараптар кырдаалды көзөмөлдөн чыгарып жиберүүсү болуп эсептелет. Ошентип. чыр-чатак өз нугу менен өнүгө баштаганда, аны тутандыргандар өрттү өздөрү токтото албай калат. Укук коргоо органдары буга ким күнөөлүү экендигин териштирет. Чагымчыл күчтөр мыйзам алдында жазаларында шек жок.

Бардык улуттагы бир туугандар!

Имиштерге ишенбегиле – аларды чагымчылар таркатууда. Аксакалдар менен кадырлуу адамдарды уккула. Өз энеңер менен эжеңерди уккула. Алардын оозунан акыл-эс жана адамгерчилик сөздөр чыгып жатат. Кыргыздар менен өзбектер бир тууган элдер экендигин эсиңерден чыгарбагыла. Биздин динибиз бир жана тилдерибиз окшош. Биз бир жерде эмгектенип, жалпы тиричиликти жана маданий жашоону өткөрүп жатабыз. Биздин өз ара ынтымак менен сый мамиледен башка бөлүшө турган эч нерсебиз жок. Кыргыздар менен өзбектер – улуу түрк уруусунун балдары.

Биздин тилдерибиз ушунчалык окшош болгондуктан айрым чет өлкөлүктөр бизди бир тилдин диалектери деп эсептейт. Заманбап дүйнө чек аралар менен айырмачылыктарды көөнөртүүдө. Ошентип, жакында биз бири-бирибизге ого бетер жакын болуп калышыбыз ыктымал. Биз бир тууган элдердин өкүлдөрүн акылга келүүгө жана чыдамдуулукка чакырабыз.
Эсиңерге келгиле! “Сабырдын түбү – сары алтын”дегендей жакындарыңарды сабырдуулукка чакыргыла! Эмне болуп жаткандыгын түшүнүү үчүн өзүңөргө жана башкаларга да убакыт бергиле. Тынчтык жана мээрман кошуналык ар кандай араздашуудан артык экендигин түшүнөсүңөр. Ар бир адамдын өмүрү баа жеткис жана күнөөсү жок адамдардын азап тартуусу эч кандай максаттарга арзыбайт.

Мекендеш бир туугандар!

Улуттар аралык араздашуунун өртү калктын алсыз жана коргоосуз калган бөлүгү: балдарды, аялдарды, улгайгандарды өлтүрөт жана майып кылат. Биздин ортодогу достугубузга узак жана ондогон жылдарга чейин уу себилип, булганышына жол бербеңиздер. Бир тууган элдердин ортосунда араздашууга жана таарынышууга мүмкүнчүлүк бербегиле.

Бузукулардын улуту жок экенин унутпаңыздар. Алар биздин бир тууган эки элдин тең душмандары, алар демократиялык реформалар менен жаңы саясий системанын душмандары. Өлкөдө референдумдун жакындашынан улам аны өткөрүүнү үзгүлтүккө учуратууга аракет жасашууда. Жаңы Конституциянын кабыл алынышы жасалган кылмыштары, коррупциясы жана чагымдары үчүн жаза алуу коркунучун жараткандыгы алардын жан үрөп каршылык көрсөткөндүгүнөн көрүнүүдө. Биздин элдерди мындай кылмыштуу саясий оюндарга алардын тартып кетүүсүн болтурбоо керек.

Элде: “Бектер кетет, эл калат” деген накыл сөз бар. Кыргыздар менен өзбектер Ала-Тоонун жана Фергана өрөөнүнүн бакубат жеринде жүздөгөн жылдар бою чогуу жашап келген. Өткөндү сыйлоо үчүн жана жалпы келечек үчүн, жаңы муундардын үстүндөгү тынч асман үчүн миң жылдык достугубузду сактап калалы. Тынчтык жолу – аң-сезимде жана чыдамкайлыкта!

XS
SM
MD
LG