Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:19

Ө. Текебаев: Бакиев жеке бийлигин чыңдап жатат


“Ата Мекен” партиясынын лидери Ө. Текебаев президент баштаган башкаруу реформасын элдин башын айландырып, чуру-чуу шылтоосу менен өз максатына жетүү амалы деп сынга алууда.

- Өмүрбек мырза, Президент өлкөнү башкарууну жаңылоо планын жарыялады. Бул программадан башкаруу системасын кескин өзгөрүүгө алып келчү жактарын көрө алдыңызбы?

- Жок, бул реформа элдин башын айландырып, чуру-чуунун шылтоосу менен өз максатына жетүүнүн амалы деп эсептейм. Реформа болуш үчүн биринчиден туруктуу көз караш, ишеним, ак ниет керек. Бакиевде андай туруктуу көз караш жок экенин төрт жыл далилдеди. Төрт жылда төрт жолу Конституция өзгөрүлдү, төрт жолу премьер-министр, башка кызмат адамдарынын баары төрт жолудан алмашып чыкты.

Эки эле жыл мурун референдум өткөрүп жаңы Конституция кабыл алган. Мейли, эми эсине келип этегин жыйыптыр дейин десең, бул киргизген сунуштарынын баары жеке бийликти чыңдаганга, өзүнүн “Ак жолу” отурган парламенттин көзөмөлүнөн кетүүгө, демек элдин көзөмөлүнөн качууга жасаган аракет кылууда.

Мисалы, көптөгөн структуралар өкмөттөн чыгарылып түздөн түз президенттин алдына алынып кетти. Президенттин инвестиция- инновация деген агенттиги түзүлүп, Кыргызстанга келе турган тыйын-тыпырлар, аларды кайсы жакка салуу маселелери ошол жерден чечиле турган болду.

Ошол агенттиктин алдында бюджет аныктала турган болду, бюджеттик өнүгүүнүн багыты аныктала турган болду. Паралель өкмөт түзүлдү десе болот. Өзү кайталоодон качалы дейт дагы, накта өкмөттүн ишин кайталаган, өкмөттүн ишин жокко чыгарган жогорку өкмөттү дайындап койду, бул бир.

Экинчиси, Өнүгүү фонду дагы пакет да кетип отурат. Кыргызстандын байлыгынын баарын, карыз алынган акча, алтын кен жана башка пайда түшө турган тармактардын акцияларынын баарын чет элдик компанияга, тагыраак Америкадан келген уулу менен теңтуш жаш баланын колуна карматып берип койду.

Өкмөт, Жогорку Кеңеш мына ошондон азыр акча сурап атат. Ошол Елисеев, Гуреевдер чечип атат. "Кимге канча пайыз менен беребиз биз чечебиз, Кыргызстан үчүн кайсы долбоор улуттук приоритеттик болот, аны биз чечебиз" деп отурат. Ал эми эл аралык практика боюнча, биздин Конституция боюнча муну парламент менен өкмөт аныктайт, кыргыз эли өзү аныкташ керек бизге эмне керек экенин.

Үчүнчүдөн, 16 млрд. сумма социалдык фонд да өлдү. Эми жеке пенсиялык фонддорго ошол акча берилет. Мына бул Гуревич, Елисеевдердин эңсеген максатын закондуу конституциялык түрдө ишке ашырып берип отурат. Алар Кыргызстандын акчасынын баарын өзүбүздүн колубузга алып кармасак, биздин чөнтөгүбүздө турса, анан алар сураганда биз кичинеден берип турабыз деген идеясын ишке ашырып отурат.

- Азыр айрым серепчилер өлкөдөгү оппозициялык күчтөр атаандаштык кылып реформалардын программасын сунуштабайт, жөн эле отуруп алып сындай беришет, деп айтып келишет. Оппозицияга карата айтылган бул сындар канчалык жүйөөлүү? Реформалоо боюнча альтернативдүү программаңыздар барбы?

- Ошол айрым серепчилер эч нерсени окубаган, сабаты жок адамдар болсо керек деп эсептейм. Анткени ар бир партиянын өзүнүн сунушу бар, андан башка БЭК былтыр ноябрда Кыргызстандын саясий системасынын өнүгүүсүнүн жаңы концепциясын киргизгенбиз. Аны бир гана Кыргызстанда кылбастан, Орусияда да, АКШ да, Казакстанда да кылып келгенбиз.

Аны сабаты бар Кыргызстандагы адамдардын баары билет. Бул саясий системаны, мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо боюнча сунушубуз. Ал бүгүнкү Бакиев жасап аткан иштен таптакыр айырмаланат 180 градуска.

Ал жеке адамдын, президенттин, анын үй-бүлөсүнүн бийлигин жоготуп, өлкөдө тең тайлашкан балансталган демократиялык системаны орнотуу болуп эсептелинет. Ошондо гана бизде коррупция жоголушу мүмкүн. Бир адам башкарган жерде коррупция гүлдөйт. Анткени ал өзү башкарбастан ашар жолу менен баласы, баласынын аяш баласы жана башка туугандары менен башкарышат.

- Маегиңизге чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG