Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:06

Акыркы күндөрдө нөшөрлөп төккөн жамгырдан улам тоолуу Алай районунда жер көчүп, суу ташкыны күчөдү. Айрым айылдар жаратылыш кырсыгына кабылып, тургундарды коопсуз жайларга көчүрүү милдети турат. Бирок Убактылуу Өкмөт жалаң саясат менен алектенип, элеттиктерди унутуп таштагандай. Ошол эле учурда жергиликтүү бийлик чукул чаралар көрүлбөсө, адамдар кышта үй-жайсыз калаарын эскертип, коңгуроо кагууда.

Сулайман Маматов аттуу эмгек ардагери акыркы күндөрдөгү нөшөрлөп төккөн жамгырдан кийин жерлер бат-бат көчүп, андан Будалык айыл өкмөтүнүн тургундары катуу жапа чегип жаткандыгын зынарлады:

- Кырсык басканда райондон бир жетекчи басып барбады. Бул аймактагыларды 2003-жылы эле көчкүлө дешкен. Айрымдары борборду карай жылып ийишкен. Кызыл-Тектир, Кызыл-Көчкү жана Орто-Кыштоо айылдарында 33 жана 20 жаштагы жаштар гана бала-чакасы менен калышты. Алар жалпысынан жыйырма чакты үй-бүлөдөн ашпайт. Негизинен жалаң мал менен жан сакташат.

Ушул аймакта жашаган Жаңыл Оморбекова 2007-жылкы жер сүрүлүүдөн улам там-ташынан айрылып, баш калкасыз калгандыгын мындайча туюндурду:

- 3 жыл мурда колубузга сертификат тапшырышкан. Бирок акчасынын дегеле дайыны жок. Очор-бачарлуу үч уулум там-ташсыз олтурат. Өзүм оорукчанмын. Болбосо чоңдорго каттап, убадасына турбагандардын абийирин төгөт элем. Ушунча мезгил чыдап, бир үйдө баш калкалап келатабыз. Пешенебиз качан ачылат, билбеймин.

Быйылкы жылдын 15-майында күндүзү Кызыл-Тектир кыштагында жер көчкү жүрүп, заматта сегиз үйдү тыптыйпыл кылды. Жабыркагандардын бири Абиракан Калыева аман калганына кубанып олтурду:

- Мындай жер көчкү, менин билишимче, эч жерде эзели жүргөн эмес. Көлөмү тим эле жүрөк түшүрөт. Кудайдын амири менен аман калдык. Анын үстүнө кырсык күндүзү болгондуктан, баарыбыз качып кутулдук. Жанталашып атып анча-мынча материалдарыбызды да алып калдык. Сөздүн кыскасы, мен го боз үй тигип кыйналган жокмун, бирок мага окшоп үйлөрү кыйраган жердештерим чатырларга муктаж. Мындан ары турак-жай тикелегенге жер участоктору жана ссуда маселелери да чукул арада чечилүүгө тийиш. Антпесе көздү жумуп-ачкыча кыш баш багат, анда кантебиз?

Кызыл-тектирликтердин айтымында, айылдыктар ошондон бери электр энергиясыз калышты. Ошондой эле ылайланган Будалык дарыясынын суусун ичкенге аргасыз болушууда. Мындан тышкары жыгач көпүрөнү сел кыйраткандыктан, окуучулардын мектепке каттоосу баш оорутмага айланды.

Ал эми Арпа-Тектир кыштагынын башчысы Сагын Жээналиевдин «Азаттыкка» кабарлашынча, Коңур-Дөбө айыл өкмөтүндө деле акыбал барган сайын оорлошууда.

- Арпа-Тектир айылына караштуу Кызыл-Жар участогунда он үй дале жер көчкүнүн кырында турат. Ал эми Кызыл-Ойдо жер улам жолду карай сүрүлүп келатат. Эки чакырым алыстыкта жайгашкан мектепке ары-бери каттаган окуучулардын өмүрүнө коркунуч туулуп жаткан чагы. Аларды капысынан көчкү басып калбаса экен деген санаркоо бар.

Сагын Жээналиев опурталдуу аймактарга Өзгөчө кырдаал министрлигинин мониторинг департаменти жаз башында байкоо салгандыгын, тилекке каршы, жыйынтыгын элге эмдигиче угуза электигин кошумчалады.

Айыл башчысынын кебин ушул жылдын 28-мартында үйүн жер көчкү каптаган кызыл-жарлык Бүайша Жалиева да бышыктады:

- Мына, көчкү жүргөнүнө беш-алты айга айланды. Бирөө акыбалыбызды сураштырган жок. Буга дейре айылдашыбыздын бош үйүндө жашап жаттык эле. Ал кечээ чыгарып таштады. Эми өзүбүздүн ашкана үйдө тыгылып олтурабыз. Берки үйлөргө кирели десек, опурталдуу. Жер секиндеп жылып келатат.

Ошентсе да, Өзгөчө кырдаал министрлигинин Алайдагы өкүлү Таалайбек Айткулов ырасташынча, жаз баш баккандан бери табигый коркунучтар тоолуу кыштактарда абдан активдешти. Ал ошондой эле райондо 400-450дөй үй-бүлө өтө кырсыктуу тилкелерде жашап жаткандыгын, аларды чукул арада коопсуз жактарга көчүрүү зарылчыгы бышып жетилгендигин билдирди.

Ошол эле учурда Алай районунун акиминин милдетин аткаруучу Айтпай Жээналиев жердештеринин жергиликтүү бийлик жана Өзгөчө кырдаал министрлиги элден кабар албай койду деген жогорудагыдай доматтарын четке какты. Мындан тышкары аймактын башчысы жапа чеккендерди мажбурлап көчүрүүгө ыктаган айрым аткаминерлерге кошулбастыгын ачыктады:

- Жанагы айылдарда эч кандай инфраструктура курулбайт. Мейли, жайында жана күзүндө эл жайытын пайдалансын, чөбүн орсун, бирок ташып кетишсин. Үлүш жерлерин да айдап, пайда тапсын. Анткени менен «бул жерде жашабагыла!» деп улам-улам эскертип түшүндүрүп жатабыз. Жергиликтүү тургундар деле өздөрүнүн катачылыгын сезип турушат. Ошондуктан мындан ары аларды зордуктап же уруп-согуп көчүрүштүн кажети жок. Көздөрү жеткенде, эртедир-кеччтир сөзсүз коопсуз жайларга оошот.

Аким Айтпай Жээналиев адамдарды жылдыраардан мурда аларга адегенде керектүү шарттарды түзүп берүү Убактылуу өкмөттүн милдети экендигин белгиледи.

Материал даярдалып калганда Өзгөчө кырдаал министрлиги менен байланыштык. Мониторинг департаментинин башчысы Турдубек Ажибаев жер көчкүгө кабылган Алайдагы Кызыл-Жар кыштагындагы он үй-бүлөнүн тагдыры эртеңден биротоло чечилээрин маалымдады.
XS
SM
MD
LG