Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:33

А. Атамбаев Кара-Буура калкынын батасын алды


Президенттике талапкер Алмаз Атамбаев Кара-Буура жана Манас райондорунда шайлоочулар менен жолугушту. Сөз кезеги келгенде БЭКтин талапкери азыркы бийликти карапайым калктын жон терисинен акча жасап жатат деп сындады. Атамбаевке Талас шаарында күлүк мингизишсе, карабууралыктар калпак-чапанын кийгизип, бата берип узатышты

Жолугушуу Карабуура районун борбору Кызыл-Адыр айылындагы “Семетей” маданият үйүнүн астында өттү. Атайын жасалган трибунада алгач Бишкектен келген ырчылар? акындар ырларын ырдап, карабууралыктарга саламдарын узатып жатышты.

Андан соң 10 чакты автоунаалардын колоннасы трибунанын жанына токтоп, Алмаз Атамбаев, “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев, СДПК партиясынан Жогорку Кеңешке депутат Роза Отунбаева, Бириккен элдик кыймылдын штаб жетекчиси Азимбек Бекназаров жана Топчубек Тургуналиев автоунаалардан түшүп трибунага көтөрүлүштү.

Алгачкы сөздү алган Өмүрбек Текебаев БЭКтин атынан элдерди биримдикке чакырып, астыдагы шайлоодо аталган кыймылдан көрсөтүлгөн талапкерди колдоп берүүсүн суранды:

-Заман алмаштыралык деген лозунг менен эл алдына чыктык, мен чакырам сиздерди, бирдиктүү ынтымакта болгула. Ынтымакта болсок жеңебиз, анткени Бириккен элдик оппозициянын кандидатурасын баардык жерлерде 70% чейин калк бүгүн колдоп жатат. Биз мына ошол элдин колдоосун сактап калышыбыз керек

Андан кийин Азимбек Бекназаров сүйлөп, астыдагы шайлоо башка шайлоолорго караганда тарыхый шайлоо болоорун жана бул шайлоодо Атамбаев жеңсе, ал Атамбаевдин жеңиши эмес жалпы калктын жеңиши болот деп баса белгиледи:

- Кыргызстандын кйсы бурчуна барбайлы, карапайым элдин маанайы мына ушул сиздердин элдин маанайындай. Бүгүн Кыргызстандын калың эли өзгөрүштү күтүп атат. 18 жылдан бери орногон үй-бүлөөлүк башкаруудан кутулабызбы? Ууру, коррупционер, каракчы бийликтен кутулаар бекенбиз деген чоң үмүт менен турган кези.

Сөз кезеги келгенде президенттике талапкер Алмаз Атамбаев азыркы бийликти элди кул кылып, карапайым калктын жон терисинен акча жасап жатат деп сындады. Ошондой эле өзүнүн программасын жалгыз жазбастан БЭКтин өкүлдөрү менен бирге жазганын билдирди.

-Атамбаевдин жеңиши бул чыныдыгында команданын жеңиши, мына аркамда турат бул команданын бир эле бөлүгү. Атамбаевдин прогрммасы дагы чогуу жазылган. Программада биринчи пункт болуп, мисалы, президент бир эле мөөнөткө шайлансын деп атабыз. Экинчиден президенттин биринчисинен, экинчисинен - баарынан кол тийбестик алынсын деп атабыз. Анткени бир эле мисал, Түштүк Корея, Түндүк Корея бар. Түштүк Корея гүлдөп жыргап атат, Түндүк Корея ачка отурат, эмнеге? Түндүк Кореяда Кем Ир Сен 20-30 жыл башкарып андан кийин баласына берди, баласы башкарып атат, эл ачка отурат. Үй-бүлөлүк башкаруу деген ушул болот. Түштүк Корея 15 жыл ичинде үчүнчү президентти түрмөгө камады. Анткени эгерде президент ууру болсо, түрмөдө отуруш керек.

Жолугушуунун соңунда Атамбаевке Талас шаарында күлүк мингизишсе, карабууралыктар чапан, калпактарын кийгизип бата берип узатышты. Жолугушууга бийлик өкүлдөрүнүн айтымында миңге жетпеген эл катышты, оппозициячылар өздөрү үч миңге чукул шайлоочу келди деп жатышат.


Асыранов Аким, Кара-Сай айылынын тургуну: - Биз ушул Атамбаевди колдойбуз. Шайлоого 90-жылдан бери катышып жүрөм бир жолу таза шайлоо өткөн жок.

Мархамидин Жаманкулов: -Талапкерлер келип атат, эл менен жолугуп атат. Бири-бирин жамандашып атат, бул оппозициябыз дейт. Оппозицияда жүргөн Сариевдер, башкалар баары бөлүнүп кетти. Булар бириге албайт. Мына оппозиция, бийлик деп туруп эл экиге бөлүнүп турса, булар алтыга бөлүп ирди Атамбаевдики, Сариевди анан башканыкы деп отуруп. Булар бириге албайт, булар эл деген адамдар эмес.

Нуржамал Кубандыкова, Кара-Буура айылынын тургуну :-Ушунча элдин көзүн эч ким жума албайт. Жашым мына алтымышка караганда, бул ойлойм бул акыйкатчылык эмес. Шайлоо дагы деле баягы эле туура эмес жолун кенен жайып койду деп ойлоп атам да. Ар бир президенттике талапкерди эл билет, кыргыз элибиз чакан гана мамлекет болгонубуз менен өзүбүздүн деңгээлибизди Чыңгыз атабыз, Манас атабыз бүткүл дүйнөгө таанытып атпайбы. Анан "Ак жол" эле фракциясы келсе эле жакшынакай тосуп алат дагы, башкалардын туура эмес жерлерин чагылдырып туруп алат. Мен буга таарыныч менен айтып атам. Бул оорудан качан арылабыз?

Асакан аксакал, Бакайыр айылынан : -Эгер биз кайдыгер болуп жүрө бере турган болсок эртең жерибизден да, элибизден да айрылып, мамлекеттүүлүктөн калабыз, өзбекке, казакка, тажикке жерибизди тарттырып иебиз. Ошон үчүн жаштардын, эртеңки жаштарыбыздын келечеги үчүн бүгүндөн баштап чыгышыбыз керек. Биз Темир Сариев үчүн эмес, биз Алмазбек Атамбаев үчүн эмес, биз өзүбүздүн кыргыздын эли-жери үчүн чыгабыз.

Тургунбек Бекболотов, акын-жазуучу : -Өткөндө Эшимкановдун уюштурганы атайын жазаганы, карапайым көзгө көрүнүп турду да. Ушул жерден булардын максаты Атамбаев ошол жерге барганда Мотуевди жумшап, ошонун шермендесин чыгаргысы келди да. Эми ошол жерде карабайсыңарбы, мына Үмөталиевага кылган мамилеси кандай, Назаралиевге кылган мамилеси кандай. Ал да өзүнчө бир кандидат, анын укугу да жок бирөөлөрдүн укугун тебелөөгө. Эми ошону бийлик колдоп атпайбы.

XS
SM
MD
LG