Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Коргоо министрлигин Ошко которгондон эмне өзгөрөт?


Президент Курманбек Бакиев Коргоо министрлигин түштүк борборго көчүрүү жана армиянын жарымын контрактык негизде куроо демилгесин көтөргөнү кабарланды. Бул маселеге саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин көз карашын сурадык.

- Орозбек мырза, Коргоо министрлигин түштүк борборго көчүрүү стратегиялык жактан канчалык туура чечим?

- Бул мамлекеттик башкаруунун өзүнүн закондору бар. Мамлекеттин аймагындагы структуралар бир борбордон башкарылып туруш керек, өзүнчө бир штаб болуш керек. Бизде советтик мезгилден бери келаткан кызыктай практикалар бар, реформаларды ойлонулбай жүргүзүлүп коюлат да. Мына чек арачылар Ошко көчүп барды, андан чек арабыз бекип кеткен жок.

Коргоо министрлигин Ошко которгондон кандай натыйжа чыгат? Бул жерде маселе бир айкын реформанын негизинде иштелип чыгыш керек да. Бул жөнүндө башка мамлекеттердин тажрыйбасына келсек, америкалык изилдөөчү Самуил Хансиксондун көп эмгектери бар, цивилизациялардын кагылышынан башка. «Жоокер жана мамлекет» деген илимий эмгеги бар. Ошол жерде кыскартып айтканда, куралчан адам жарандык коомдун жана бийликтин көзөмөлүндө болуш керек деп айтылган.

Күч структуралары борбордо туруп, анан керек болгондо жергиликтүү структураларын көбөйтүп, азайтып турса болот. Акырындык менен министрликтерди түштүккө которгондун себептери жөнүндө ар кандай божомолдор чыгып атат айкындыктын жогунан. Эптеп борборду түштүккө көчүрүш керек деген шылтоо деп дагы түшүнүлүп атат. Муну айкындык менен айтыш керек.

-Андан көрө аскердик бөлүктөрдү бекемдөө маанилүү эмеспи?

- Ошону айтып атпайбызбы, ошол жактагы аскердик күчтөрдүн түштүк группировкасы бар, ошону бекемдеп койсо болот да. Министр менен министрдин орун басарлары ал жактагы иштерди борбордон деле башкарса болот да. Мисалы азыркы технологиялардын убагында АКШнын аскердик күчтөрү Иракка киргенде Кувейтте туруп эле башкарып атты, Ирактын аймагына келген жок. Азыркы стратегиясы боюнча Вашингтондон туруп Пентагондон башкарганга өткөнгө аракеттенип атышат.

-Контрактык негизде аскерде кызмат өтөө бизде жаңы нерсе. Анткени СССРдин убагында бизде аскердик кызматтын чакыруу түрү калыптанган.Бай мамлекеттер контракттык негизде аскерди кармоого жөндөмдүү делинет. Биздин шартта аскердин жарымын контрактык негизде куроо канчалык туура?

- Туура айтып атасыз, бул финансыга барып такала турган маселе. Контракттык аскер бул өтө кымбатка тура турган аскер. Анан жартысын которгонго мүмкүнчүлүк болгондой, ошондой шартыбыз барбы деген маселе келип чыгат. Анткени жарды мамлекеттердин негизи өзүндө күчтүү армиясы болуш өтө кыйынчылык менен келет.

Демек армиянын жартысы контрактыга которулганда анда социалдык сферадагы төлөмдөр ошол жака кетет деген маселе. Болбосо же күчтүү армия жоксы, же контракт эмес, же башка нерсе болуп орто саар болуп калышы да мүмкүн. Ошонун баары эсептелип чыгыш керек. Албетте, контрактык армия деген бул профессионалдык армия, күчтүү армия болоору шексиз. Бирок ошондой армия түзө алабыз деген дагы маселе чыгып атат да.

- Андан сырткары биздин жаштардын аскерге чакырылбай, аскердик даярдыгы таптакыр жок болуп калыш коркунучу дар бар да, кандай дейсиз?

- Бул жерде маселе бар. Азыр армия кадыр-барктуу кесип эмес биздин жаштардын арасында. Ошон үчүн кандай адамдар барат ошол кесиптик армияга кызмат кылганга, бул дагы патриот жаштар барабы же эптеп оокат табыш үчүн адамдар барабы деген маселе да келип чыгат да.

- Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG