Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:57

Мэр эс алууда, анын орду талкууда


Бир айдан ашык убакыт мурда эмгек өргүүсүнө кеткени кабарланган Оштун мэри Мелисбек Мырзакматов бүгүн иш ордуна кайтып келери күтүлүүдө. Ал июнь окуясынан кийин ашынган улутчул деген сынга кабылган. Августтун этегинде Мырзакматовдун кызматтан четтетилгендиги жөнүндө кеп тарап, натыйжада анын тарапкерлери массалык түрдө көчөгө чыгып, аларды өкмөт өкүлү барып тынчыткандан кийин мэр убактылуу эс алууга аттангандыгы маалымдалган эле.

Мэрдин кайда болгонун эч ким билбейт

Ош шаар башчысынын биринчи орун басары Таалай Сабировдун “Азаттыкка” тастыкташынча, мэр Мелисбек Мырзакматов бүгүн кызмат ордуна кайтып, ишин улантары күтүлүүдө.

- Мырзакматовдун бизнеске кетейин деген дегеле ою жок. 27-сентябрдан жумушка чыгат.

Мырзакматов кызматына байланыштуу чыккан жаңжалдан кийин, 23-августта эмгек өргүүсүнө кеткени кабарланып, ошондон бери кайда экени белгисиз эле. Июнь окуясынан соң айрыкча түштүктөгү таасирдүү фигуралардын бирине айланган саясатчынын парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү күчөп турганда дайын-дарексиз болуп кетиши ар кыл түкшүмөлдөргө жем таштап келатат. Айрымдары чет өлкөдө саламатчылыгын чыңдап жаткандыгын айтышса, кээ бир кабарларда саясатты таштап, ишкердикке биротоло ооп жаткандыгы маалымдалууда.

Маселен, вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” ушу кезге чейин мэрдин кайда экенин билбей тургандыгын ачыктады:

- Мен билгенден Мелисбек Мырзакматов эс алууда. Бирок каякта жүргөнүн билбейм. Былтыр да эс алган эмес экен. Ошондуктан арызында эки айга суранган. Анысын мен Бишкекке алып келип тапшыргам. Эс алуусу бүтсө эле жумушка чыгат.

Азимбек Бекназаров
Азимбек Бекназаров жаңы бийлик башчыларынын ичинен Мырзакматовго ачыктан ачык колдоо көрсөтүп келаткан бирден-бир саясатчы болуп эсептелет. Ал өлкөнүн бүтүндүгүн сактап калууда Мелисбек Мырзакматовдун мээнети чоң деп эсептейт жана анын массалык маалымат каражаттары аркылуу президент Роза Отунбаева баштаган жаңы бийликти кескин сындаганын кубаттайт:

- Курманбек Бакиев Ошко учуп барып бийлигимди жүргүзүүнү улантам дегенде аны мэрдин балдары шаардан кууп чыгышпадыбы. Ошентип кулатылган президент мекендештери алдында биротоло сынбадыбы. Мында Мелисбек Мырзакматовдун мээнети өтө чоң. Дегеле Кыргыздын жаңы өкмөтүнүн түптөлүп-калыптанышына бул жигит абдан зор үлүш кошту. Ал эми жанагы кыргыз-өзбек чатагында ээлеген позициясынан улам ага улутчул деп жарлык тагышпадыбы. Өзбектердин улутчул лидерлери Батыров, Салахуддинов, Сабировдор сепаратисттик саясатты ачык жүргүзүп, элди каршылаштырып жатышса, мэр аларды карап отурмак беле? Мамлекеттин бүтүндүгү үчүн Мелисбек ошол учурда чындап эле катаал позицияны карманды. Ошон үчүн аны улутчул ден тынбай сындап атышат. Ооба, менимче, ошол мезгилде Мырзакматовдун улутчул болбоско аргасы жок эле. Ачуу чындыкты президенттигине, кудай экендигине же пайгамбарлыгына карабастан бетке айтуу абзел. Биз мында элибиздин түбөлүктүүлүгүн жана мамлекетибиздин болочогун көңүлгө бекем түйгөнүбүз оң. Анан “Чоңдорго жакпай калам, андан көрө узакка унчукпай отурайын” десек, анда Кыргызстан эзели оңолбойт.

Мырзакматовдун кызмат орду нааразылык акциялары менен коштолуп жаткан маалда, Ош шаарынын мэри 19-августта орусиялык “Коммерсант” гезитине маек куруп, өкмөттүн буйруктары түштүктө юридикалык күчкө ээ эмес экендигин, а түгүл борбордук бийликти тааныбай тургандыгын билдирген.

Борбордук бийлик менен мэрдин тиреши эмне менен бүтөт?

Равшан Гапиров
Ошол эле учурда бир катар жергиликтүү тургундар мэрди токтоосуз жумуштан бошотууну талап кылып, президентке чейин кайрылышууда. Маселен, “Акыйкат сот - чындык” укук коргоо борборунун башчысы Равшан Гапиров Мелисбек Мырзакматовду иштин көзүн билбеген жана ашынган улутчул жетекчи деп сыпаттады:

- Элге жакпаган жана калк арасында жаман сөздөр аралаган киши мэр болуп иштегенге моралдык да, укуктук да жактан акысы жок. Ошондуктан президент жана өкмөт калайыктын пикири менен эсептешүүгө тийиш!

Укук коргоочу Равшан Гапиров жердештеринин талабы орундалбаса, этникалык чыр кайрадан уланарын эскертти. Мелисбек Мырзакматов менен убагында үзөңгүлөш иштеген коомдук ишмер Бакыт Аманбаев “Мэр июнь жаңжалынын алдын албастан, тескерисинче, ырбатты, ошондуктан аны кызматтан эле четтетпестен, жоопко тартуу зарыл” деген пикирде.

- Мелисбек Мырзакматов Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк, коррупциялык, криминалдык жана тоталитардык режиминин жаңы бийликтеги жападан жалгыз өкүлү. Ал Бакиевдин артынан эле өз уяты менен кетип калса болмок. Дүйнөлүк практикада өзү ошондой. Чет өлкөлөрдө, маселен, мынчалык кыргынга жеткирбей эле чоңдордун айынан жалгыз кишинин бир тал чачы түшүп калса, “мен ушул жарандын коопсуздугун камсыздай албадым, демек бул орунга татыксызмын!” деп эртеси арыз жазып кетип калышат. Мырзакматов, тескерисинче, “Эл баатыры болом” деп, шаардык кеңештин депутаттарына жеке маселесин көтөртүп жатпайбы. Бул деген билимсиздиктин жана мурдунан алысты көрө албагандыктын белгиси.

Айрым маалыматтарда Ош мэрин иштен алуу маселеси Ош окуясынан кийин дароо көтөрүлүп, бирок өкмөт мүчөлөрү бир пикирге келе албай койгону айтылып жүрөт. Мырзакматовго ылым санагандардын сабындагы өкмөт мүчөсү Бекназаров азыр деле мэрдин кызматта калышын жактап турат, муну ал улуттар аралык жаңжал тутанып кетет деп негиздөөдө.

- Эгерде кимдир бирөө Мырзакматовдун маселесин жандандырып, кайрадан ырбатам десе, андайлар улуттар аралык жаңжалды кайрадан каалагандар деп эсептеймин. Ошондуктан, мен ойлойм, мэрдин маселесин Ош шаарынын эли өзү чечиши керек. Анткени мэрия өз алдынча башкаруу органы эмеспи.

Мелис Мырзакматов Ошто өзүнүн жактоочуларынын алдында сүйлөп жатат, 20-август 2010-жыл
Азимбек Бекназаров мэрдин кызматына байланышкан жаңжалда нааразылык акциясына чыккандардын алдына Мырзакматов менен чогуу барып, элдин талабы орундалгандыгын жарыялаган. Анткени 19-20-августта Ош шаарында Мырзакматовдун он миңге чукул тарапкери аны ордунда калтырууну талап кылып борбордук аянтка топтолушкан эле.

Митингчилердин алдында сүйлөгөн мэр Мелисбек Мырзакматов өкмөт өкүлдөрү аны Өзбекстан президентинин суранычы боюнча жумуштан бошотууну көздөгөнүн, бирок мындай жүйөөгө ал ишенбей тургандыгын ачыктап, чабалдыгы үчүн борбордук бийликти кескин сындаган. Ошондон бери Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов жумушунда да, эл арасында да көрүнө элек.

XS
SM
MD
LG