Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:28

К. Бакиев кол тийбестик укугунан ажырады


Курманбек Бакиев Жалал-Абаддагы митингде. 13-апрель 2010-жыл
Курманбек Бакиев Жалал-Абаддагы митингде. 13-апрель 2010-жыл

Убактылуу өкмөт Президент Курманбек Бакиевди кол тийбестик укугунан ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул жөнүндө бүгүн убактылуу өкмөт башчынын орун басары Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, К.Бакиев Жалал-Абад облусунда элди козутуп, коркунуч жагдай түзгөндүгүнөн жана түндүк-түштүккө бөлүү аракетинен улам ушундай чечим кабыл алынды.



Бүгүн Жалал-Абад шаарындагы митингге Курманбек Бакиев иниси Жаныш Бакиевдин коштоосунда, куралчан жан сакчыларынын курчоосунда туш тарабынан брондолгон унаа менен келди.

Облустун мурдагы губернатору Кошбай Масиров президент К.Бакиевди коргоп жана сактап калууга элди үндөп сөз сүйлөдү. “Акжолчу” депутат Кубанычбек Жолдошев президент К.Бакиевди колдоого элге чакырык таштады.

К.Бакиев митингге чогулган элдин алдында сөз сүйлөп, өзүн легитимдүү президент экенин, убактылуу өкмөт мыйзамсыз аракеттерге барганын билдирди.

"Азаттыктын" кабарчысынын маалыматына караганда, митингге 3-4 миңдей адам катышты.

XS
SM
MD
LG