Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:54

Шайлоонун алдын-ала жыйынтыктарына арналган талкууга коомдук ишмер Касым Исаев, профессорлор Осмон Тогусаков, Айдарбек Көчкүнов катышты.


Бийлик партияларына карата элдин ишеними жөнүндө

«Азаттык»:
Мына беш партия чыгып атат, алтынчысы «Бүтүн Кыргызстан» кошулуп калышы, же кошулбай калышы ыктымал болуп турат. Бул 7-апрелден кийинки бийлик алмашуусунан кийинки бийлик партиясы менен ошонун жасаган иштерине карата элдин жообу. Эл бийликке карата өзүнүн реакциясын билдирди деген сөз айтылып атат. Касым ага, элдин бийликке карата мамилеси болдубу, же болбосо бийликчил деген партияларыбыз элдин арасында жакшы үгүт-насаат иштерин жүргүзө албадыбы, же болбосо каржылык жагынан кам-чоңу жетише албай калдыбы?

Касым Исаев:
Бийликтеги партиялардын ушундай жыйынтык алышына үч себеп болду окшойт. Биринчиси, алты айдан берки булардын жүрүш-туруштары, кылык-жоруктары, эл буларды билип калды окшойт. Экинчи себеби, булар 20 жылдан бери шайлоо өткөнүн көрдү, булар дагы жакшы даярданышты окшойт финансы каражаттары жагынан. Бизде шайлоо өзүнчө эле коммерциялашкан, криминалдашкан иш чара болуп калбадыбы буга чейинкиси. Мында дагы анча көрүнбөгөнү менен болду окшойт.

Үчүнчүдөн, мен 2006-жылдары аралашып жүргөндөн кийин, мен булардын өздөрүн деле билчүмүн. Эл, жер деген сөз болгондо, булар чынында эле эл, жер үчүн күйүп, ошого иштеш үчүн алын көрсөтө алышкан жок. 2-3 жыл мурун биринчи жолу ушул партиялардын лидерлери Өмүрбек Текебаев болуп кыргыз мамлекеттин түзүлүшүнүн жаңы концепциясы деп жазып келишкен коомдук парламентте, ошондо эле жазып алышкан биз парламенттик республика кылабыз деп.

Жада калса райондо жеңген партия акимди да түзөт деп жазып келген. Ошол жазып алган концепциясын коомдук парламентте талкуулонун ордуна таңуулап таштаган. Мен ошондо андай болбойт, кичине талкуулап, башкалардын пикирлерин укпайсыңарбы деп айткам, укпай эле ошенткенинен, жазып да бергем. Бул концепция аягында Конституцияга келип чыкты. Булар эптеп эле бийликке келүүнү биринчи орунга койду. Эгер президенттик болсо ар бирибиз чыксак, эл бизди шайлап кетпейбиз, ошон үчүн белгилүү болуп калган партиябыз аркылуу бирибиз премьер, бирибиз спикер болуп калсак деген.

Буларга ошондо эле 2007-жылы жазып оюмду бергем. Андан кийин Конституция жасаганда дагы, Англиянын Конституциясын таңуулагандай эле, булардын ою ушундай эле бийликке жетсек деген. Бул менин эле пикирим эмес, мен эл менен пикир алмашканда дагы булар ушундай таасир калтырышты. Мен ошонун жообу катары жанагы үч себепти айтайын дедим эле.

«Азаттык»: Осмон мырза, бийликтин партияларынын көпчүлүк добушка ээ болбой калышы, бул жарым жылдын ичинде жаңы бийликке карата электораттын берген баасыбы, же болбосо ушундай жыйынтык күтүлүп атты беле?

Осмон Тогусаков:
Жыйынтык негизи эл күткөндөй эле болду. Анткен себеби кийинки убакта өзгөчө жаңы бийлик келип, пропорционалдык система менен шайлоо өткөрөт дегенден бери шашылыш түрдө түзүлгөн партиялар көбөйүп кетпедиби. Биз дүйнө боюнча рекорд деле койдук го, 148 партия түзүп ийдик. Бул биздин электораттын аң сезими жогорулаганын көрсөтүп атат, жалпы шайлоонун жыйынтыгын алсак. Анткени биз мурунку шайлоолордо 98-99 пайыз деп ураан көтөрүп айтып ийчү элек. Мында андай болгон жок, ачык-айкын болду деп айтсак болот.

Эми жарыш болгон жерде сөзсүз түрдө майда-барат, мыйзам чегинен чыгып кеткен жактар болсо керек. Бирок ал бардык эле жерде кезигет андай көрүнүш, өнүккөн мамлекеттерде деле ушундай. Бул жерде электораттын симпатиясы негизинен партиянын лидерлерине карата болду деп ойлойм. Анткени платформалары бардык партиялардыкы бирдей болуп калды. Бирок лидерлерге келгенде, мисалы «Ата Журттун» биринчи орунда келаткан себеби ушундан чыкса керек. Себеби Камчыбек Ташиев менен Нариман Түлөевдин дагы ролу жакшы болуп кетти, үгүт иштерин да аябай жакшы кылышты.

«Республика» дагы үгүт иштерин абдан жакшы жолго койгон экен. Партиянын лидерлерине, алардын кылган иштерине карата болгон ишеним болду деп ойлойм. Анткени чындай келгенде көп партияны эл деле билбейт. Кээ бир мурунтан келаткан партиялардын 5 пайыздан өтө албай калганы кызык болуп калды. Анын ичинде «Ак шумкар» бар, Сариев илгертен келаткан биздин саясий инсандардын бири да. Мисалы ал өтө албай калды. Же болбосо коммунисттер. Электораттын улуу мууну коммунисттик духта тарбияланып калган адамдар эле, бирок ишеними кеткендей. Анткен себеби эки пайызга жетпей калды. Дагы бир себеби, биз айтып атпайбызбы беш партия деп. Ушул беш партия аздыр-көптүр өздөрүнүн кылган иштери менен элге көрүнүп калды. Өзгөчө алардын лидерлери. Чындай келсек, ушулардын бардыгы тең кызматта иштеп кеткен адамдар. Антип отурсак, ар бир партияда ошондой инсандар бар. Баары тең эле жогорку партияда иштеп кеткен адамдар.

Мен аксакалга толугу менен кошулам. Мунун акыркы максаты баягы эле бийлик. Көпчүлүк айтып атпайбы, Кыргызстан парламенттик башкарууга даярбызбы, же даяр эмеспизби. Мисалы Борбордук Азияда биринчи болуп биз прецендент коюп атабыз азыр, постсоветтик мамлекеттердин арасынан биринчи болуп биз парламенттик башкаруу формасына өтүп атпайбызбы. Анан биз качанкыга чейин эле тигилерди, буларды күтүп, ошолордон үлгү алышыбыз керек. Биз да өзүбүздү көрсөтүшүбүз керек.

Парламенттик башкарууга биз даярбызбы, даяр эмеспизби, орусча айтканда, методом пропиарщиков деп коет го, ошону менен биз өзүбүздү көрсөтүүбүз керек. Анткен себеби бул жерде дагы бир маселе турбайбы, көпчүлүк добушту (60+1) алган партия өзү бардык өкмөттүн курамын да, өкмөт башчысын да түзөт деген. Азыр бул жерде андай шанс бир да партияда жок. Демек бизде коалиция түзүлөт. Аны шайлоонун акыркы жыйынтыгы болгондо айтпасак, азыр алдын ала айтыш кыйын. Беш пайыздык барьерден өткөнү менен, азыр региондорду алганда 0.5 пайызды алалабы, бул дагы маселе. Бул боюнча жыйынтык чыга элек да.

«Азаттык»: Ал боюнча жыйынтык чыкты. Себеби 5 пайыздык тоскоолдон өткөн партиялар сиз айткан жарым пайыздан да өтөт. Айдарбек мырза, бийлик партиясы делген партиялардан экөө гана өтүп, экөө тең көпчүлүк добушту алалбай калышы бул электораттын Убактылуу бийликтин жарым жылдык ишине карата берген баасы эмеспи?

Айдарбек Көчкүнов:
Биз 6-7-апрелдеги окуялардан кийин бийликке келген чыныгы салмагын билбечүбүз. Ошол күндөрү социалдык изилдөөлөр деле чала жүргөн. Ошондуктан бийликтеги партиялар баланча салмагы бар болчу деп салыштырууга материалдар жок бизде. Ошон үчүн биз так айта албайбыз. Бирок акыркы алты айдын ичинде болуп өткөн окуялар албетте бийликтеги партиялардын беделине чоң сокку урду. Муну биз кечээки болуп өткөн шайлоодон көрдүк. Бийликке келген партиянын бири да өткөн жок. Андан кийин дагы экөө далалат кылды, алар да өткөн жок. БЭК жана башка партияларды айтып атам.

Бул эмнени көрсөтүп атат? Жогоруда айтылган ойлорго толугу менен кошулам. Эл партия үчүн эмес, эл партиянын башында турган лидерлер, адамдар үчүн добуштарын беришти. Менин оюмча эл 29 партиянын идеологиясына добуш бербестен, 29 лидерди тандады. Муну жөнөкөй эле бир мисалдан көрсө болот.

Мисалы «Ак шумкардан» кийинки орунду алган «Мекен ынтымагы» деген жаңы партия 1,7 добушту алды. Бул партияны эч ким билчү эмес. Жаңылбасам августтун башында эле курултайын өткөрүп, андан кийин партия түзүлгөн болчу. Ушул партия акыркы эки эле жуманын ичинде, айрыкча лидери Асанбеков Темирбектин элге түздөн-түз кайрылуусунун натыйжасында, теле таймашта өзүнүн профессионал деңгээлин көрсөткөндүгүн көрүп туруп, 1,7 пайыз элдин добушун алды. Бул мен жаңылбасам 43 миңден ашыгырак шайлоочулардын добушу болуш керек. Ошолордун ооп кеткени, демек биздин лидерлерге, өзгөчө жаңы лидерлерге, жаңы адамдарга, жаңы көз караштарга, жаңы концепцияны сунуш кылган адамдарга эл ушунчалык суусап турганын көрсөттү. Эгерде ушул партия, мисалы 3-4 ай мурунураак, «Республика» менен тең эле даярдыкка кирип, шайлоого катышканда бул партия бүгүнкү күндө жеңген партиялардын катарына кирип калмак, 5 пайыздык тосмодон өтүп кетмек.

Ушул жерде менин оюмча абдан таасын көрүнүп атат. Албетте, келечекте партиялар идеологиясынын үстүндө абдан жакшы иштеш керек. Шайлоо убагында ар кандай ойлор, пикирлер айтылды. Программаларын айтып атышты. Бирок ал жерде көбүнчө эле экономиканы, маданиятты, социалдык турмушту оңдойбуз деп айтып атышат. Бирок Кыргызстандын тагдырына тиешелүү эң орчундуу маселелер козголгон жок. Биз суу энергетиканы кандай пайдаланабыз, жер маселесинде кандай саясат болот. Мисалы бүгүнкү күңдө мен бир дагы саясий партиянын Кыргызстанда жер маселесине саясаты кандай экенин түшүнө алган жокмун шайлоо убагында.

Жакында эле 18-сентябрда жаңылбасам өкмөттүн токтому чыкты мамлекеттик регистрация системасын даярдап берген. Жер мындан ары бизде жеке менчиктеги жерлер сатыла баштайт деп атышат. Бул келечекте кыргыздын тагдырына абдан чоң зыян алып келе турган токтом. Бүгүнкү күндө жаңы келе турган парламент бул маселени кайрадан карап чыгып, кабыл алган токтомду жокко чыгарып, жер маселесин толугу менен кайра ревизия кылып чыкмайынча, биздин мамлекеттин келечеги өтө опурталдуу. Айрыкча түштүк региондорубузда жер өтө тар. Жер маселеси бул мамлекеттин тагдырын чече турган маселе. Жер маселеси боюнча бир дагы партия өзүнүн оюн айткан жок. Балким булар туура кылышты. Себеби жер маселеси опурталдуу маселе, аны айтканда партиялардын көпчүлүгү өздөрүнө тиешелүү добуштарын жоготуп коюшмак. Бирок парламентке келип иштей баштагандан кийин жер маселесинен булар эч жака качалышпайт.

Бизде жер боюнча бүгүнкү күндө бир адамдын колунда 300-400-500 гектарга чейин жер бар. Ал эми жер рыногу келгенде жалаң колхоз, совхоздордогу малды, техниканы бөлүп алып, эл кайра сатып ийгендей эле, жерди дагы кыргыздар сатып ийип, кайра эртең ушул жерди боштондукка чыгарабыз деп күрөшкө чыгышы мүмкүн. Ошондуктан жер маселесине жаңы келаткан парламент дагы бир жолу кайрылыш керек.

Акыркы айта турган пикир бул жерде, албетте, бизде кечээки күн, бүгүнкү күн Кыргызстанда жаңы баскыч болуп атат. Жаманбы, жакшыбы парламенттик республикага өтүп атабыз. Бул жерде, албетте, президенттин дагы ролу бар. Парламенттик кирип аткан жаңы системаны биз улуттук баалуулук катары кабыл алып, ушуну кастарлап, ушунун тегерегинде бардык эл баш кошушубуз керек. Себеби жанагыдай саясий күрөштө көчөгө алып чыгарып, бири-бирин коркутуп-үркүтүп, саясий зомбулук кылбастан, парламентте өздөрүнүн лидерлери аркылуу маселени чечсин, ошол жерде мушташсын, жакалашсын, бирок көчөгө элди сүйрөп чыгарышпасын. Мына ушундай чоң саясий баскычтын өзүбүздүн тарыхыбыздагы барактын бетин ачып атабыз. Ошон үчүн бул жерде албетте биздин жолубуз өзгөчө болуп турат.

Күчтүү президенттик башкарууну жактаган партиялар жөнүндө

«Азаттык»: Касым ага, алдыңкы орунга чыккан партиялар бул парламенттик башкаруу системасына каршы күчтүү президенттик башкарууну жактаган партиялар. Мен атын деле айтып коеюн, бул «Ата-Журт» менен «Ар-Намыс» партиясы. «Ар-Намыс» партиясы билесиз Орусия менен жакындашуу идеясын дагы такай көтөрүп, Орусиянын канатынын астына кирсекпи деген оюн да айтып келатат. Сиздин оюңуз кандай, мына ушул партиялардын жеңип чыгышы, айталы «Ар-Намыс» менен «Ата-Журт» мына ушундай ойго түртпөйбү?

Касым Исаев: Эл лидерлерине карата добуш берди партияларга. Себеби бүгүнкү күндө партия дегенди алар билишпейт. Билгени кийинки жылдары «Ата Мекен» сыяктуу партиялар. Бийликке келгенден кийин Кыргызстанды алардын көтөрүп кете турганын эл билбейт, аны өздөрү да билбейт. Шайлоого даярданган убакта эч кимиси айткан жок да, эртең келгенде биз мындай турмушту алып барабыз деп. Азыр өткөөл мезгилде элдин деңгээлин, элдин менталитетин караш керек, жөн эле Батыштын нерселердин алып келип эле жасай бергенде болбойт. Себеби байлыкты ким жасайт? Эл жасайт. Сен бир системаны түзүп эле, байлык мындай деп койсоң эл аны түшүнүп, өздөрү көңүлү менен жасабаса эч качан өлкө болбойт. Ошон үчүн акырын-акырындан парламенттик деген эмне, президенттик деген эмне, демократия деген эмне дегенди түшүндүрүү керек.

Экинчиден өздөрүнүн жүрүш-туруштары менен көрсөтүп жасашы керек эле. Азыр миллиондогон кишилерибиз Орусияда жүрөт. Мен жыл сайын кышты Москвада өткөрүп келем. Күн сайын көчөгө чыксам Бишкектегидей эле болуп калат. Себеби чоң дүкөндөрдө жалаң кыргыздар. Мени менен учурашып жүрүшөт. Баары эле айтат ушинтпей элге кетсек деп. Баягы күнү «Азаттыкта» айтып атат, балдарыбыз аман-эсен иштесин, Орусия менен жакын бололу деп. Ошон үчүн Орусия азыркы күндө мезгилдин талабы окшойт го деп ойлойм. Андан өөн көрбөш керек. Кийин өзүбүздү өзүбүз багып, колубузду сунбай калсак, азырынча элибиздин курсагын тойгузуп жүргөн Орусия менен дагы урушпай-чабышпай турганыбыз жакшы го деп ойлойм.

«Азаттык»: Осмон мырза, президенттик башкаруу системасы менен орусиячыл партиялардын келиши, буга чейинки кабыл алган аракеттерибизди жокко чыгарууга өбөлгө түзүп койбойбу?

Осмон Тогусаков: Мен бул суроого жооп берерден мурун, мырза Айдарга кошумчалап кетсемби дейм. Партиялардын платформаларында стратегиялык багыттар ачылган эмес. Мисалы, мамлекеттин, улуттун коопсуздугу бардыгы кайсы жактан башталат? Жерден, суудан башталат. Анан эң биринчи жер да, жер маселесин чечпесек чынында эле көрүнгөнгө таратып берип коебуз. Биринчиден, тарыхка көз чаптырсак, өзгөчө Орусия жана Казакстан сыяктуу постсоветтик мамлекеттер менен мурунтан келаткан традициялуу байланыштар бар. Бирок биз эгемендүүлүктү алгандан кийин эмне үчүн биз кайра Орусияга кошулушубуз керек. 90-жылдары эки-үч идея айтылып, 2005-жылкы марттагы окуядан кийин орусиялык Миграняндар көтөрүп чыккан, түндүктү Орусияга берип, түштүктү Өзбекстанга кошуп коебуз дегендей эле болуп атат да, ошондой маселе.

Менин оюмча бул такыр туура эмес саясат. Бизде көп кырдуу байланышыбыз бар. Ал кала берет. Мейли ошол Орусия менен, Казакстан менен постсоветтик мамлекеттер менен. Экинчиден, азыр кайра президенттик башкарууга эл макул боло албайт. Анткени биз көрдүк да президенттик башкарууну, башында баары жакшы баштайт. Кийинкини эле алалы, борбордук аянтка чыгып алып мен бир дагы бир тууганымды, жакынымды бийликке келтирбейм деди эле, аягы эмне менен бүттү. Азыр президенттик башкарууга эл толугу менен каршы. Андыктан мен ойлойм, кайрадан күчтүү президенттик башкарууга келишибиз мүмкүн эмес.

«Азаттык»: Айдарбек мырза, сизге да ушул суроо. Президенттик башкаруу менен Орусиянын канат астында жашоо идеясын көтөргөн саясий күчтөрдүн көбүрөк добуш алуусу эмнени билдирет?

Айдарбек Көчкүнов: Орусиянын курамына кирүү максаты бар адамдардын бүгүнкү күндө бар экендигин билдирип атат. Ошондой мүдөө адамдарда бардыгын биз таптакыр жокко чыгаралбайбыз. Бирок эгерде биз бүгүн чоң саясий ката чечимге бара турган болсок, анда биз түбөлүккө өзүбүздүн кыргыз деген улуттук ар-намысыбыздан биротоло ажырайбыз. Дүйнөдө бир дагы жерде биздин балдарды, небере, чөбөрөлөрбүздү эл катары кабыл албайт дагы, киши катары санабайт.

Канча мамлекет, дүйнөдө 40-50 млн. калкы бар адамдар суверендүүлүк үчүн күрөшүп жүрөт. Анан биз суверендүүлүккө жетип алып, өзүбүз түтүн булатып, оокат кылып, өз акылыбыз менен жашагандын ордуна башка мамлекеттин канатына кирсек эле, ошол мамлекет биздин проблеманы чечип коет деген сөзгө мен толугу менен каршымын. Орусияга кошулары менен Орусиянын жүгүн да көтөрүп калышыбыз мүмкүн. Орусиянын жүгү бул империянын, державанын жүгү.

Эми парламенттик республикага эмне үчүн биздин кошуналар жана башка мамлекеттер ушундай мамиле кылып атышат. Албетте, бул жерде эң чоң саясий барак жатат. Ушул баракты кыргыз эли ачып атканы балким башка элдердин ич күйдүүлүгүнө алып келип аткандыр. Албетте, бизде эң бир чоң коркунучтуу проблема бар. Парламенттик республиканын өзүнүн социалдык базасы болуш керек. Бизде бүгүнкү күндө Кыргызстанда орто класс социалдык база боло элек. Ошон үчүн парламенттик башкаруу бизде опурталдуу деген ойго мен толук кошулам. Бирок ошол опурталдуу факторду жоюш үчүн биз бизнести, ишкер чөйрөнү өнүктүрүшүбүз керек. Эгерде биз комплекстүү проблеманы чече алсак, орто классты түзө алсак, парламенттик республика менин оюмча бизде түбөлүктүү болушу мүмкүн. Ал эми президенттик республиканы, биз эки жолу президенттик башкаруудан өттүк, экөөндө тең президенттерибиз качып кетти. Үчүнчү президент качпайт деп эч ким кепилдик бералбайт.

Коалициялык өкмөт түзүү жөнүндө

«Азаттык»: Касым ага, жеңишке жетишкен партиялардын бирөө дагы көпчүлүк орунду ала алган жок. Демек булар курама өкмөт түзүүгө мажбур, коалициялык өкмөттү айтып атам. Мына ушул курама өкмөт түзүү жагына келгенде ортодон бир чоң талаш чыгышы мүмкүнбү?

Касым Исаев: Коалициялык өкмөт түзүү үчүн үч партия биригиш керек, экөө болбойт, себеби жетпей калат экен. Коалиция түзүү боюнча бизде тажрыйба жок да. Ар кимиси көбүнчө биринчи жолу бийликти ойлойт мен болсом экен деп. Жалпы элдин өлкөнүн кызыкчылыгын ойлоп туруп иш кылгандар алардын ортосунда аз эле болсо керек. Ошон үчүн соодалашып башташы мүмкүн. Бул соодада, мисалы революциялык эки партия туру, алардыкы 50 депутат экен, берки үчөөнүкү 65. Берки үчөө биринчиликти алгандан кийин биринчи ага тапшырыш керек да. «Ата-Журт» менимче «Республика» менен «Ар-Намыска» сунуш кылышы мүмкүн. Эгер алар макулдашып кетсе, анда берки революциялык партиялар оппозиция болуп калышы мүмкүн. Чоң талаш-тартыш болушу мүмкүн деп ойлойм.

«Азаттык»: Осмон мырза, курама өкмөттүн түзүлүшүндө тоскоолдуктар болушу мүмкүнбү?

Осмон Тогусаков: Коалиция түзүүгө баары бир туура келет. Айласыздан коалиция түзүлөт. Ал түзүлгөндө чечүүчү орундар бар да, анан ошол чечүүчү орундарга келгенде сөзсүз түрдө талаш-тартыш, соода-сатык болот. Анткени ар бир партия өзүнүн лидерин, мүчөсүн коюуга жанталашат. Орчундуу министрликтер бар да, ошолорду алууга жан талашат. Депутаттык корпустун ичинде дагы оппозиция түзүлөт. Бул мыйзам ченемдүү нерсе. Анан бүгүнкү күндө биз дагы алдыңкы партиялардан өтөбүз, жанагы 5 пайыздык барьерден өтөбүз деп өтө албай калгандар сөзсүз түрдө оппозицияга өтөт дагы, шайлоо туура эмес өттү деп баштайт. Ошондуктан оппозицияга көзөмөл жасатып атпайбы, маселе ушунда да.

«Азаттык»: Айдарбек мырза, курама өкмөттүн түзүлүшүндө проблемалар болушу мүмкүнбү. Экинчиден, оппозиция жөнүндө кеп болуп калды. Оппозиция, кайра эле мурдагы салтуу оппозиция өз ордуна келип калышы да мүмкүн болуп атпайбы?

Айдарбек Көчкүнов: Өз ордуна келип калышы мүмкүн эмес эле, бирок менин оюмча бүгүнкү күндө келип калды го. Себеби «Ата Мекен» оппозициянын ана башы эң акыркы бешинчи орунду алып атпайбы. Илинип калганы жакшы болду, илинбей калса ошондо маселе чыкмак. Ошон үчүн бул жерде беш партия парламенттик республика болуп парламентке келип аткандан кийин, албетте, өздөрүнүн маданиятын да калыптандырыш керек. Ушул беш партия, айрыкча оппозициядагы партиялар маданиятынын төмөндүгүнөн, сүйлөшүү жөндөмдүүлүктөрүнүн жоктугунан ар кимиси өзүнчө шайлоого барып атат.

Бул шайлоодон булар чоң сабак алыш керек. Эгерде үч партия биригип, дагы сыртта калган 2-3 партияны бириктирип чоң жалпы тизме менен барганда балким бүгүнкү күндө башкаруучу бийликтеги партия болуп калмак. Ушундан сабак алыш керек. Булар парламентке келгенден кийин сүйлөшүү жолу менен бардыгын чечиши керек. Эгерде бир пикирге келалбай, көпкө чейин парламенттик кризис боло турган болсо, анда биздин революцияга көнүп калган эл ташбараңга алат дагы, эртеси эле булардын барын кубалап чыгып, таптакыр башка күчтөр кайра келип калышы мүмкүн.

«Азаттык»: Парламенттеги утуп келген саясий күчтөр мунасага келише алабы, курама өкмөт түзө алабы, өздөрүнчө коалиция болуп бириге алабы, эми аны алдыдагы эки жума көрсөтөт. Ушуну менен тегерек үстөлдү жыйынтыктасак.
XS
SM
MD
LG