Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:32

БШКнын акыркы маалыматына караганда, “Ар- намыс” партиясы улуттук азчылыктын өкүлдөрү жашаган аймактарда көбүрөөк ишенимге арзыды.


СДПнын добушу бөлүндүбү?

Борбордук шайлоо комиссиясынын акыркы маалыматына караганда, “Ар-намыс” партиясы 232 миң 682 добуш топтоп, үчүнчү катардан жыла элек. БШКнын мүчөсү Жеңиш Акматовдун айтышынча, аталган уюм улуттук азчылык жашаган аймактарда көбүрөөк ишенимге татыды.

Ош шаарындагы шайлоо участогундагы добуш берүү
- “Ар-намыс” жанагындай түпкү эмес улуттар жашаган жерлерде көп добуш топтоду. Мисалы, Ош жана Өзгөн шаарларында. Ушундай эле көрүнүш Бишкек калаасына да таандык. Менин жеке пикиримде, партия лидери Орусияга барып келгени шайлоочуларга катуу таасир этти өңдөнөт. Ошондуктан жумурияттын аз этностор жыш жашаган чөлкөмдөрүндө булар чындап утушту.

Бишкек шаарынын бир катар тургундары Феликс Кулов жана анын партиясы өлкөдө темирдей тартиптин орнотулушуна көмөктөшөт деген ишеничте турушат. Мисалы, эмгек ардагери Александра Мастюкова ушундай оюнан кайта элек.

- Мен Кулов жетектеген “Ар-намыс” партиясы үчүн добуш таштадым. Ал айтпадыбы, “ардагерлер үчүн камкордук көрөмүн, алар татыктуу пенсия менен камсыз этилиши кажет” деп. Мындан тышкары биз, чынын айтканда, ыңкылаптардан тажадык. Акыры өлкөдө тартип жана туруктуурулук өкүм сүрүшү абзел. Мындай бейпилдикти орнотууга “Ар-намыстын” кудурети жетерине ишенем. Албетте колдой турган башка партияларыбыз деле толтура. Мисалы, мага Алмаз Атамбаевдин уюму абдан жагат. Айла жок, добуш жалгыз экен. Менимче, социал-демократтар үчүн деле көпчүлүк добуш беришти.

Бирок Кыргызстан элдери ассамблеясынын төрагасынын орун басары, парламенттик шайлоонун башынан аягына чейин байкоо салган Равшан Сабиров “арнамысчылар” тарабынан Шайлоо кодексинин талаптары одоно түрдө бузулгандыгын, ошонун эсебинен алар утушкандыгын ачыктады:

- Конкреттештиргенибизде майда улуттар “Ар-намысты” кош колдоп кубаттагандыгын деле көргөн жокмун. Айрыкча түштүктө калктын көбү жакыр жашап, анын үстүнө жумушсуз. Ошондуктан алар каражатка абдан муктаж. Булардын ошондой турмушун партия өкүлдөрү бир айга жакын иликтеп, анан аларга жардам иретинде акча таратышты. Мындайча айтканда, добуштарды арнамысчылар массалык түрдө сатып алышты. Бул туурасында укук коргоо органдарына кайрылган жокпуз. Анткени, тигилер кыйтырлык кылып каражат таратууну түн ичинде тымызын жүргүзүшкөн. Мындан тышкары Куловдун Орусия президенти Медведев менен жолугушканы, мунун чет өлкөлүк жана улуттук телеканалдар аркылуу тынбай көрсөтүлүшү дагы калкка катуу таасир этти. Себеби түштүктөгүлөрдүн басымдуулугу орус шаарларында иштешет эмеспи. Шайлоочулардын көбүндө аларга кесепети тийбесин деген ойлор үстөмдүк кылды. Ошого жетеленип “Ар-намысты” тандашты.

“Ар-намыс” намыска жарайбы?

“Ар-намыс” партиясынын өкүлү Анвар Артыков айтылган дооматтарды дароо четке какты:

Феликс Кулов Байтик айылындагы шайлоочулардын алдында сөз сүйлөөдө
- Кулов реклама үчүн барган жок. “Бирдиктүү Орусия”партиясынын өкүлдөрү биздин курултайыбызга катышкан. Ошондо алар лидерибизди Москвага чакырышкан экен. Барып уюмдар аралык кызматташуу келишимине кол коюп атканда Медведев чакырып, ага жолугуп атпайбы. Ошондуктан бул жерде бөйрөктөн шыйрак чыгарыштын кажети жок. Башкалар деле ал жакка катташпадыбы. Ишенбесеңер сурамжылап көргүлө, “Ар-намыс” партиясы өнөктүк убагында бир дагы шайлоочуга акча тараткан эмес. Өзүңөргө маалым, акыркы айларда мамлекетте туруктуулук болбой калды. Эл “эртең кантебиз?” деп чочулап жашап жатышат. Ошон үчүн алар лидер жана партия тандаганда Феликс Шаршенбаевичтин мурда Ички иштер министрлигин, Улуттук коопсуздук кызматын жетектегендигин, накта темир генерал экендигин эстеп, өлкөдө кайрадан тартип орнотот деген үмүттө шайлашты. Менимче, көбүнүн мээсинде ушул критерий дале кадалып турат.

Анвар Артыков азыркы Өкмөт элден алыстап калгандыгын белгилеп, “Ар-намыс” шайлоочулардын талабын көңүлгө түйүп, дараметтүү, бирок бийликчил эмес партия менен коалиция түзүүгө ынтызарлыгын билдирди.

Деген менен серепчи Аскар Бешимовдун пикиринче, көндүм адат калмак беле, тышкы күчтөр шайлоодон кийин деле кыргыз бийлигинин, анын ичинде жаңыдан куралчу парламенттин ички ишине кийлигишүүсүн токтотушпайт.

- Ош окуясына чейин жана ага дейре деле улутчулдук менен мамлекетчилдиктин айырмасы таптакыр жоголду. Мунун жигин билбеген аз улуттар ушундай жагдайдан чочулап, “Ар-намыс” менен “Содружествого” добуштарын берип ийишти. Колумда анык далилдер жок, бирок менин түкшүмөлүмдө алар каражат жагынан кыйла жардамдашты. Мындан тышкары чет өлкөлүк массалык маалымат каражаттары аталган партиянын лидерин пропагандалоого абдан көмөктөштү. Ага улай шайлоочулардын башын айландырып Куловдун атаандаштарын жаманаттылап турушту. Ушундай тышкы күчтөр мындан ары деле алсыз, туруму жок партияларды бөлүп-жарып, а түгүл милдеттенме алып, аларды каалагандай пайдалана беришет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG