Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

Бишкек түнкү талап-тоноодон кийин


Бишкек шаарында бир топ соода жайлары, ири дүкөндөр өткөн түнү талап-тоноого кабылды. Анын ичинде курал саткан дүкөндөр да кошо тонолду. Өкмөт үйү, Жогорку Кеңештин имараты таланып, Башкы прокуратуранын имараты өрттөндү. Милиция кызматкерлерин, чек арачы аскерлерди уруп, 60-70 автоматты жулуп кеткен кылмыштар жасалды.

Жаңы бийлик тарабынан Бишкек шаарынын коменданты болуп дайындалган Турат Мадылбеков баш калаадагы талап-тоноолорду токтотуп, тартип орнотууга аракет көрүүдө.

- Түндө Бишкек шаары талоончулардын чордонуна айланды окшойт. Ошондо адамдардын арасында жабыр тартуу болгон жокпу?

- Чынын айтсак, Бишкек шаарында бир топ кылмыштар болду. Тагыраак айтканда, бул кылмыштарды жасоого эл да, ИИМдин, спецназ жана УККнын кызматкерлери да катышты.

Түндө бир топ жараат алган адамдар болду. Алдын ала такталган маалымат боюнча бизде 12 адамдын өлүмү болгон, бул бери жагы. Бүгүн кечке чейин дагы тактайбыз, канчасы каза болгон, канчасы жарадар болгон. Жарадарлардын саны дагы бир топ бизде. Талап-тонолгон объектилер аябай көп болду. 2005-жылы кандай болсо, кечээ да ошондой кылмыштар болду.

- Ошону кимдер уюштурду болду экен, кайсы дүкөндөр талкаланды?

- Биздин дежурный бөлккө келип түшкөн, толук такталбаган маалымат боюнча 36 объект, дүкөн, ошонун ичинде ири соода борборлору, 11 “Народный” дүкөндөрү, 4 курал саткан дүкөндөр, "Таатан", "Гоин", "Вефа", "Леон", "Бета сторес", "Айсенория центр" тонолду. Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук кызматынын имараттары талкаланды. Анан УТРКнын имаратында дагы бир топ талап-тоноо болду.

- Ошону чагым салгандар уюштургандар уюштурган жокпу?

- Бул жерде көпчүлүк жаш жигиттер бар экен, ошону уюштурган ушулар болду.

- Ушул кырдаал көзөмөлгө алындыбы, милиция кызматкерлери толук кандуу иштеп атабы азыр?

- Чынын айтсам, милициянын баары качып кеткен, болгону 30 пайызы калган. Түнү ошону менен биз тоноочулук болуп аткан жерлерде асманга ок аттырып, качырдык. Бирок ошого карабастан көп тоноочулуктар болуп кетти.

- Бүгүн талап-тоноочулукка жол берилбейби?

- Азыртан баштап ар бир райондун ИИБ начальниктери наряд берип, милициянын баарын чогултуп атабыз. Ошондой эле элдик дружинаны чогултуп атабы, ошону менен баары көзөмөлгө алынды.

- Ал эми Бишкек шаарынын коменданты катары кайсы милдеттерди аткарасыз?

- Бишкек шаарынын коменданты катары мен жалаң тартип, кылмыштуулук маселелерин чечип атам. Андан тышкары шаардагы социалдык маселелер да жүктөлгөн. Азыр Бишкек шаарынын ичин тазаламай, күйгөн жерлердин баарын жууп тазаламай. Булардын баары тең биздин мойнубузда. Азыр керектүү кызматтар менен байланышып, ошонун баарын биз жүргүзөбүз.

- Демек Бишкек шаарынын мэринин милдетин да аткарып каласыз го?

- Ошондой деп жарым жартылай айтып койсок болот, анан мэр шайланса, ал өзүнүн милдетин аткарып кете берет.

- Биздин ободон пайдаланып Бишкек шаарынын тургундарына эмне айтмакчысыз?

- Бишкек шаарынын тургундары жана шаарга келгендерге кайрылып кетейин. Бизде көп милицияны уруп, андан тышкары чек арачы кызматкерлерди уруп, 60-70 автомат, курал жаракты алып кеткен. Ошол алгандарды Бишкек шаардык милициясына алып келип берүүсүн мен суранат элем. Анткени бул курал бир жерден чыгышы мүмкүн. Ошон үчүн өздөрү ыктыярдуу түрдө алып келип берсе, мен рахматымды айтаар элем.

Андан тышкары пистолеттер алынды, андан тышкары 4 дүкөн тонолду деп атпайбызбы, андан дагы бир топ курал-жарактарды алып кетишкен. Анын саны азыр тактала элек, кудай буюрса аны да тактайбыз. Милициянын колунан 60-70 автомат жулунуп алынып кеткен, ошону алып келип берсе деп суранып кетет элем.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG