Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:30

“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” сыналгы берүүсүндө чочко тумоосунун коркунучу жана ага каршы көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маселе талкууланды.

Катышкандар:

Дамира Ниязалиева, Жогорку Кеңештин депутаты, Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү

Төлөн Исаков, Саламаттыкты сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык департаментинин директору


“Азаттык”: - Төлөн мырза, акыркы маалыматтар боюнча, чочко тумоосуна чалдыккандардын саны 40тан ашты деп атат. Эмне себептен барган сайын сан өсүп атат. Анан бул канчалык коркунучтуу?

Т. Исаков: - Бүгүнкү күндө эртең менен саат онго мага маалымат берди 44 учур катталды деп. Бирок бир нерсени айтып кетейин, кээ бир ММКлар өтө эле көбүртүп жабыртып жиберип атат. Балким кээ бир ММКларда өзүнүн рейтингин көтөрөйүн деген аракет болуп атабы, аны билбей атам.

Көп эле суроо берип атышат, чочко тумоосу канчалык коркунучтуу деп. Мисалы канаттуулар тумоосу, сезондук грипп, кишинин тумоосу, анан үчүнчүсү чочко тумоосу пайда болду азыр. Үчөө тең бир тууган. Мисалы, казак, кыргыз, өзбек, негр дегендей биз баарыбыз тең кишибиз, алар дагы ошондой. Чочко тумоосу, кишинин тумоосу, канатуулар тумоосу деп лаборатория аркылуу гана аныктай алат. Ошону биздин лаборатория гана аныктап атат.

Бүгүнкү күндө 44 учур катталып атат. Эч кандай ажиотаждын кереги жок, СПИДдден да өйдө кылып жибердик бул ооруну. Мен ойлойм, тескерисинче, туберкулезден, бурцеллездон көбүрөк коркуш керек буга караганда.

“Азаттык”: - Кыш түшүп суук боло баштаганда чыккан жөнөкөй тумоо менен ооругандардын саны салыштырмалуу канча болушу мүмкүн чочко тумоосуна караганда?

Т. Исаков: - Азыркы күндө миңден ашып кетти, жөнөкөй сезондук грипп менен жылда ооруп атпайбызбы. Ал эми бул болсо 44 болуп атат. Мына экөө тең окшош, оорчулук жагынан, өтүшүп кетүү жагынан, коркунуч жагынан да окшош. Кээ бир түшүнбөгөндөр айтып атат, чочко тумоосу келатат баарыбыз тең өлүп калат турбайбызбы деп.

Жок, андай эмес. Аны айта турган болсок, жөнөкөй эле сасык тумоодон өлүп калышы мүмкүн, өзгөчө картаңдарга, жаш балдарга өтө коркунучтуу. Себеби булардын иммунитети начарыраак, эгерде убагында ооруканага кайрылбаса, анан табыптарга, молдолорго бара берсе, албетте, оору өрчүп кетсе, жөнөкой эле сасык тумоодон да өлүп калышы мүмкүн.

“Азаттык”: - Динара айым, азыр уктук биздин жооптуу кызматкердин сөзүн. Сиздер Жогорку Кеңеш кандай баалап атасыздар, анын ичинде сиз кандай баалайсыз, чын эле көп деле тынчсызданууга негиз жокпу?

Д. Ниязалиева: - Өкмөттө иштеген чиновниктердин негизги ою ушундай болуш керек. Анткени Саламаттыкты сактоо министрлиги негизи керектүү чараларды алдын ала жасаган эмес чочко тумоосун токтотуу боюнча.

Казакстанды алалы, ал жерде аянты абдан чоң биздикине караганда, ошондо дагы бул оору аларда ондон ашкан жок, убагында токтотту. Азыркы учурда аларга апрель айында келген, мына азыркы убакта алар өздөрү вакцина жасашып, баардык дарылар, баардык даярдыгы жүз пайызда турат деп айтса болот, алар андан коркпойт.

Анан биздин өкмөт болсо эч кандай коркунучу жок деп атып, мына эки дем алыш боло элек убакыт болду, ошонун ичинде 40ка жетип калды саны. Мен ойлойм чочко тумоосу өтө чоң коркунуч туудурат. Себеби бүт дүйнө жүзүндө азыр абдан чоң иш чаралар жүрүп атат. Бзге окшогон өлкөлөргө жардам түрүндө абдан көп вакцина, акчалар бөлүнүп атат.

Эгерде ал эч кандай коркунуч туудурбаса, анан биз айтып аткан сезондук грипп жылда эле болот да, анда эмнеге мынча каражат бөлүнүп, мынчалык көңүл бурулган эмес Дүйнөлүк саламаттыктык сактоо уюму жана башка уюмдардан. Мен ойлойм, болор иш болгондон кийин элди чуу кылбай, сооротуш үчүн эле чиновниктер ушундай бир саясатка өткөн болуш керек деп.

“Азаттык”: - Төлөн мырза, азыр даярдык боюнча айтылды. Чынында депутаттар, менин эсимде бар, Жогорку Кеңеште көп ирет энелер, балардын өлүмү боюнча көтөрүлгөндө дагы ушул маселени айтып кетишкен. Мына чочко тумоосу келатат, даярсыңарбы?- деп ошондо эле министрге суроо беришкен. Чын эле даярдык начардай өңдөнүп атат.

Т. Исаков: - Мен Дамира Абасканованын кооптонуусун түшүнүп турам. Мен көп дооматына макул эмесмин. Бүгүнкү күңдө, мен айтып атпаймбы, бул вирус үчөө тең окшош деп. Бирок жөнөкөй грипптен кийин бул жаңы типтеги вирус болбодубу.

Биз чара колдонуп атабыз. Кечээ күнү эмес, биз бир жарым жыл мурда буга даярдык көргөнбүз. Мына бул жерде канаттуулар тумоосу боюнча чоң долбоор иштеп атат Айыл чарба министрлигинин алдында. Анан кийин Саламаттыкты сактоо министрлигине дагы акча бөлүнүп берилген.

Анан канаттуулар тумоосу менен чочко тумоосунун жугуучу жолдору дагы, симптому дагы, дарылоосу да окшош. Ошон үчүн бизге бир жарым жыл мурда эле айткан, ушундай тумоолордун бир түрү келиши мүмкүн деп. Анда бизде лаборатория жок болчу. Мына Ошто, анан улуттук деңгээлдеги эки чоң лабораторияны 100 миң долларга капитальный ремонт жасап, анын ичине эң акыркы моделдеги лабораториялык жабдууларды, приборлорду алып келип, коюп, мына иштетип баштадык.

Атайын лаборанттарды Люксембургга, Москвага, Новосибирскке жиберип окутуп келдик. Мурун эгерде бир ооруну аныкташ үчүн биз Алматыга, же Москвага жиберсек, мына азыр биз өзүбүз ушунун баарын аныктап атабыз. Мен айтып атпаймбы, өтө эле элдин баарын чуу кылып жибериш деле туура эмес.

“Азаттык”: - Мына сиз айттыңыз, лабораториялык аныктоого бизде мүмкүнчүлүк бар деп, ушул Бишкекте элеби, же облустарда дагы барбы?

Т. Исаков: - Азырынча Бишкекте биздин департаментте, анан түштүк региондо Кара-Суу районунда, Ош шаарында орнотулуп иштеп атат. Бүгүнкү күндө бул жетиштүү болуп атат чочко тумоонун вирусун аныктаганга. Тундүк региондо аныкталганынын баарынын материалдарын бизге алып келип атат.

“Азаттык”: - Сизде маалымат жокпу, мисалы аэропортто, темир жол вокзалы, же жүргүнчүлөрдү ташый турган жөнөкөй эле вокзал, эл көп топтолгон жерлерде кандай иштер жүрүп аткандыгы жөнүндө?

Д. Ниязалиева: - Өткөндө комитеттен ошол маселени мен көтөрүп чыгып, министрге суроо бергем. Тилекке каршы министр абалды жакшы билбейт экен. Бирок кийин мен билип көрсөм, тепловизорлор бар экен, киргенде адамдын температурасы кандай деңгээлде экенин өлчөмүн өлчөгөн. Мына аэропортто турат жана темир жолдо бар экен, дагы бир тепловизор Ошто аэропортто да турат экен.

Бирок мен ойлойм бул өтө аз деп. Биздин өзүбүздүн калкыбыз көп эмес, 5 эле миллион адам болсок, анан мына СПИД деп атабыз, караңыздарчы жылда кандай өсүп атат, 70-100 пайызга чейин өсүп атат өлчөмү. Мынакей эми чочко тумоосу келди, алып көрсөк Тажикстанда, Казакстанда, Өзбекстанда жок чочко тумоосу, эмне үчүн Кыргызстанга келди. Мен ойлойм биздин көргөн чараларыбыз, дагы айтып кетет элем, өтө аз.

Төлөн мырза айтып атпайбы, биз куш тумоосуна абдан дайынбыз деп. Кечирип коюңуз, бирок куш тумоосу деген былтыр эле жок болчу да. А силер жаны токтомду котордуңар куш тумоосун чочко тумоосуна. Мына келгенден кийин которушту ошого каршы күрөшүү деген боюнча. Алып келсек, жайында эле өткөн тендерде вакциналар алынып келиниптир жөнөкөй эле тумоого ошол программанын ичинде.
Ошондо дагы сатып алып атканда куштар тумоосуна чара деп туруп алышкан. Ал убакта Орусияда, Казакстанда чочко тумоосу жүрүп аткан. Мен ойлойм, өкмөт негизи өтө олуттуу кабыл алган эмес, бизге келип калат деп ойлогон эмес.

Мына алып көрсөк, чочко тумоосун дарылоо боюнча Тамифлю деген дары бар, азыр эч жерде жок. Мен өзүмө, үй-бүлөмө, балдарыма таппай жүрөм. Масканы алып көрөлү, маскалар да жок, арбидолду алып көрөлү, бир да препарат жок. Азыр айтып атышат акцалиновая мазь деген бар, ал дагы азайып атат деп.

Мен ойлойм алдын ала чараларды көргөндө апрелден баштап эле Казакстанга келгенде, биздин рыноктогу фармацевтикалык компаниялар менен сүйлөшүп, толук дайын болуш керек эле. Ошол дайындык жок деп атабыз. Эми ал кырсык бүгүн келеби, эртең келеби баарын билбейбиз дечи.

“Азаттык”: - Төлөн мырза дары-дармектер боюнча айтылбадыбы. Чын эле Тамифлю, башка дары-дармектерди аптекалардан сурап табыш кыйын болуп атат?

Т. Исаков: - Аптекаларды мен эртең менен кыдырып көрдүм, аптекалардын бир тобунда тамифлю бар экен. Бирок Тамифлюну дагы обу жок иче бербеш керек, ооруп калган гана адамдар ичиш керек. Бүгүнкү күндө бүт республикада 30дан ашык жугуштуу ооруканалар бар ар бир райондордо, республикалдык ооруканада бүгүнкү күндө 5-6 оорулуу жатат. Буга чейин 44 оорулуулардын баары тең жатып чыкпадыбы.

“Азаттык”: - Айыккандар барбы?

Т. Исаков: - Толугу менен баары тең айыгып чыкты. Азыр мага маалыматты айтышты, бешөө гана жатат деп республикалык ооруканада. Калгандары Ошто бирөө, Ак-Сууда экөө жатат. Дары боюнча айтсам бүгүнкү күндө толугу менен жетиштүү, Тамифлю бар бизде. Мына бизде 4 миң дозалык курс дарыланууга жетиштүү бар болчу.

Муну дарыгердин рецеби менен гана ооруп калган адамга сайыш керек. Бүгүнкү күндө бүт ооруканаларда жетиштүү түрдө бар. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дагы 30 миң курс дарылоого жетиштүү дары-дармектерди 1-декабрга чейин алып келип беребиз деп атышат. Ал жагынан тынчсындануунун кереги жок.

“Азаттык”: - Вакциначы, эмне деген вакцина алыш керек, Кыргызстанда барбы?

Т. Исаков: - Вакцинаны бүгүнкү күндө 8 миң доза алганбыз биз. Аны болсо атайын группаларга сайдык, эпидемиолог, ветеринар жана башкаларга. Бирок баарына тең, тилекке каршы, жок. Бүгүнкү күндө мен-мен деген Орусия, Америкаларда элге 100 пайыз вакцинация кылганга күчү жетпейт.

Ошон үчүн бүгүнкү күндө биз Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна кайрылдык, бизге жардам бергиле деп министр сүйлөштү. Алар макулдугун берип 100 миңден ашык доза вакцина, 30 миң доза Тамифлю беребиз деп атат. Буюрса декабрдын ичинде чочко тумоосуна каршы вакцина алып келебиз деп атат. Ал жактан мындай жардам эч качан болгон эмес. Жылына 10-15 миң доза сатып алчубуз. Азыр болсо 100 миңден ашык доза беребиз деп атышат.

Д. Ниязалиева: - Мен Төлөн мырза менен такыр макул эмесмин. Анткени башында айтып кеттиңиз, коркунч жок деп. Коркунуч жок болсо, анда эмнеге эл аралык уюмдар ушундай жардам көрсөтүп атат. Бул өтө чоң коркунуч туудура турган оору, ошон үчүн алар ушундай бизге жардам көрсөтүп атат. Өткөндө министр айтты эле чочко тумоосуна каршы 300 миң доза вакцина алабыз деп. Анткени бизде вакцина жөнөкөй тумоого жана чочко тумоосуна гана бар деп. Демек азайтыптыр да 100 миңге.

Т. Исаков: - Жок, биринчи партиясы декабрда келе баштайт.

Д. Ниязалиева: - 100 миң болгондо бул 10 пайыз элге да жетпей калып атпайбы. Мен ойлойм бул өтө аз. Анын үстүнө вакцинация болгондон кийин 1 айдан 2 айга чейин убакыт керек иммунитет болуш үчүн. Мен заводдорго чыгып сурап көрдүм, качандан бери силерде вакцина бар деп, мурунтан бери эле бир топ болуп калыптыр, 2-3 болуптур, алса болот экен.

“Азаттык”: - Кайдагы заводдор мисалы?

Д. Ниязалиева: - Мисалы 3-4 заводдор бар экен. Орусияда өздөрүнө вакцина чыгарыптыр, бирок алардыкы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен сертификацияланбаган. Ошон үчүн алар сыртка чыгаралбайт.

Европада 3-4 завод бар экен. Мен ойлойм, ушуну мурун эле жүргүзүп, жакшылап сүйлөшсө болмок. Дайын болгон жокпуз деген азыр сөз болуп атат. Жардамды алыш керек, албетте. Тамифлю боюнча Төлөн мырза айтып кетти, мен 3-4 аптекага бардым, дары жок. Анан бул дарыны саят деп атасыз, бул дарыны сайбайт, бул дарыны ичет. Ооруган гана кишилер жана алар менен байланышкан кишилер ичет, алдын алуу катары да колдонсо болот Тамифлюну.

Т. Исаков: - Баары тең обу жок эле иче бербеш керек. Мунун ооруган адам, анан оору менен контактта жүргөн адам ичет. Муну дарыгер гана айтып бере алат.

“Азаттык”: - Азыр бизди көрүп угуп атышат да. Оорунун алгачкы белгилери кандай, кимден, кандай жол менен жугат, биринчижукканда эмне кылыш керек, ушуларды айта өтөсүзбү?

Т. Исаков: - Алгачкы оорунун белгилери үч тумоонуку тең окшош деп айтып кетпедимби. Эң алгачкы белгилери алы кетип, температурасы көтөрүлүп, башы ооруп, кээде кусуп, же ичи өткөн белгилер пайда болот. Мына ушул белгилер пайда болгондон кийин эле дароо дарыгерге кайрылган туура болот.

Дамира Аскарованын сөзүн улап айтып кетейин, азыр бүткүл дүйнө жүзү боюнча Францияда менен Белгияда чочко тумоосуна каршы вакцина чыгарылган. Ушул экөө эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттеринен заключение алышкан. Калган Казакстан, Орусия, Кытайдан чыгардыбы, биз алардан сатып алганга укугубуз жок.

Албетте, бул коркунучтуу оору. Биз айткан жокпуз, коркпой эле койгула, жөн эле отура бергиле деп. Колду жайып отура бербеш керек. Биз дагы бүт чаранын баарын колдонуп атабыз. Мындан бир ай мурун эле өкмөткө иш чара колдонмону киргиздик.

“Азаттык”: - Өкмөттөн бюджеттен дары-дармекке канча акча бөлүндү?

Т. Исаков: - Биз ай мурун киргизгенбиз. Ошону жакында эле карап, 4 миллион сомго кол койду.

“Азаттык”: - Бул аз эмеспи?

Т. Исаков: - Бул албетте аз. 4 миллионго биз дезинфекция кыла турган каражаттарды, көбүнчө вакцинасын алабыз, анан кийин бир жолку колдонуучу костюмдарды алабыз.

“Азаттык”: - Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму канча акча жардам берип атат, суммасын айта аласызбы?

Т. Исаков: - Ал акча жагынан эмес, вакцина жагынан жардам беребиз деп атат. 100 миңден ашык доза вакцинанын биринчи партиясын беребиз деп атат. Андан ары этап-этап менен сүйлөшүү жүргүзсө, берет экен да булар.

“Азаттык”: - Дагы бир маселе, бет кап тагыныш керек атышат. Ушул боюнча акыбал кандай деп ойлойсуз, Кыргызстанда жетиштүүбү?

Д. Ниязалиева: - Азыркы учурда жетишсиз. Бирок министр улам-улам айтып атпайбы 5 млн. келет деп, экинчи күнү бир миллион келет деп айтты. Аны баарыбыз эле күтүп атабыз. Анан кийин элге да кайырылып кетет элем, эгерде аптекадан табалышпаса маскаларды, анда жөнөкой эле марлини алып 4 каптап туруп тигип жасап алса болот өздөрү. Азыркы учурда жок дегенде ошондой жол менен сактанып туруш керек. Уялбай, студенттерге, балдарга маршурткаларда кетип баратканда тагыныш керек да, ошол сактап калат көп адамды.

“Азаттык”: - Үй шартында такыр дарыланууга болбойт да?

Т. Исаков: - Эмне үчүн болбойт, болот. Бүгүнкү күндө биз жугуштуу ооруканаларга баарын тең жаткыра берсек болбойт. Үй-бүлөлүк дарыгерлерге айтып атабыз, эгерде жеңилирээк оору менен ооруса, бүгүнкү күндө оорукагана жаткыргандын эч кажети жок. Шарты болсо, өзүнчө бөлмөсү болсо, үйдөн караш керек, дарылап. Анан күнүгө үй-бүлөлүк дарыгерлер барып карап туруш керек. Үй шартында дарыласа болот.

“Азаттык”: - Москвадан, Казакстандан күн сайын келип атышат да эмгек мигранттары поезд менен. Ошолор текшерүүдөн өтүп атышабы?

Т. Исаков: - Жана айтып кеттик, бүгүнкү күндө үч эле тепловизор алдык, 5-6 метрден адамда температура барбы, же жокпу деп аныктай алабыз. Бул Ак-Жол постунда Казакстан менен Кыргызстандын чек арасында, анан Ош аэропортунда жана биздин “Манас” аэропортунда.

Тилекке каршы темир жолдо жок, өтө кымбат нерсе экен. Биз 40 миң долларга тепловизорду алдык. Бүгүнкү күндө вице- премьер-министрде кеңешме болду тумоо боюнча. Ошол жерде дагы биз суроо койдук, жардам берилсе жакшы болот эле тепловизор алып келгенге деп. Бирок 15ке жакын тепловизорду биз канаттуулар тумоосу боюнча сурап, алар өз макулдугун берди.

Дүйнөлүк банк менен да сүйлөшүүлөр жүргүздү биздин министр, алар дагы макулдугун берип атат. Бирок бүгүн сурасак бүгүн эле алып келбейт. Мунун процедурасы өтө көп экен, тендер өткөрүш керек экен, кат жазып.

“Азаттык”: - Дамира айым, азыр айтылып өткөндөргө караганда, өкмөттө даярдык анчалык эместей сезилип атат. 4 миллион сом жетеби?

Д. Ниязалиева: - Бул өтө аз. Министрлик негизи жылда эле 3 миллиондун тегерегинде акча бөлчү, сезондук тумоого каршы вакцина алышчу. Бирок эмнегедир аны былтыр жана быйыл алган жок. Анан чочко тумоосунан бүт дүйнөдө элдин баары ооруп атканда, ушундай коркунуч туулап аткан кезде, кандайча 4 миллион гана бөлүнөт. Бул өтө аз.

Мен ойлойм бери жагы эле 10 миллион, бул дагы аз болот. Төлөн мырза айтып атпайбы, процедуралар көп экен деп. Ошол процедураларды карабай эле, өзгөчө кырдаалда жасалган иш чарадай кылып, тендери жок, керектүү нерселерди сатып алуу керек.

Анткени азыр бизге натыйжа керек болуп атпайбы. Азыр бизге келген чочко тумоосун азыр токтотушубуз керек, элге жардам бериш керек.

“Азаттык”: - Дары-дармектер боюнча баягыдай тендер өтүп, ошонун негизинде сатылып алынабы?

Т. Исаков: - Закон боюнча биз тендер өткөрүшүбүз керек, фирмаларды өзүбүзгө чакырып, биз ушундай сатып алалы деп атабыз деп, алар өздөрүнүн сунушун берет. Анан ким арзан баада, сапаттуу жагын айтып берсе биз ошондон алабыз. Бул өтө узунураак процедура экен. Бирок бүгүнкү күндө эпидемиологиялык абалга карата биз 4 миллионго өкмөткө министрдин колун койдуруп жибердик, батырак алганга уруксат бергиле, бир жуманын ичинде деп. Эгерде ошого кол коюп берсе, ошондой кылып алабыз.

Албетте, 4 миллион деген өтө аз. Бүгүнкү күндө 100 миллион да аз. 200-300 миллиондун тегерегинде керек болот, сасык тумоону жабыш үчүн жалаң эле эгерде вакцина алсак. Мисалы, Жогорку Кеңештин депутаттары деле өкмөткө суроо коюп, бюджетке кошуп берип, же кошумча каражат таптырып бергенге жардам берсе жакшы болот эле.

“Азаттык”: - Дамира айым, мисалы жакын арада ушуну көтөрө аласыздарбы, сиздер өкмөттү чакырып, бюджетке өзгөртүү киргизели, каражатты тез арада бөлөлү деген демилге көтөрсөңөр болот да?

Д. Ниязалиева: - Өтө туура маселени көтөрүп атасыздар сиз дагы, Төлөн мырза дагы. Бирок министрлик өздөрү парламентке кайрылыш керек да, бизге мындай каражат керек, ушуга жардам бергиле деп. Элдин өкүлү болгондон кийин биз буларды дайыма сындайбыз, анан кийин булар бизден сынчыны гана көрүшөт.

Жардамчы катары бизди пайдаланыш керек. Анан силер жазып алып келсеңиздер, бизге мындай акча керек деп, мен ойлойм, муну чечсе болот. Анткени азыр жаны премьер-министр келди. Анын алдына бул маселени койсок, мен ойлойм бул киши колдойт деп. Анткени биздин элдин ден-соолугу эң биринчи орунда турат да.

“Азаттык”: - Жалпысынан Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишин кандай баалайсыз?

Д. Ниязалиева: - Эгерде беш балдуу система болсо, мен үчкө баалайт элем. Себеби союз убагында бизде өтө жакшы система бар болчу. Бирок андан бери канча жыл өттү, андан бери “Манас” программасы болду, анан “Манас таалими” дедик, ошентип жакшы болгон структуралардын баары өлтүрүп алдык. Аны мен гана эмес, бүт элдин баары айтып атат. Ошон үчүн саламаттыкты сактоо тармагынын бузулганына карабай дагы каражат өтө аз бөлүнүп атат.

Азыркы учурда булардын жагдайы өтө жакшы эмес. Ар бир адамдан сурап көрүңүз, докдурга барганда алардын тейлөөсүнө канаттанасызбы деп. Мен ойлойм, "ооба" деп өтө аз киши айтат. Анткени бул баары эле булардын күнөөсү эмес, бул каражаттын аздыгынан. Ошондой эле бизге абдан көп кредиттер жана гранттар келип атат, ошонун баары чанжырап эле ар кайсы жакка кеткен. Бир максаттуу түрдө казначействого түшкөн жери жок. Көп акча келип атат, бирок натыйжа жок. Ошон үчүн мен айтат эле, кайра карап чыгып, реформаны тез арада жүргүзүш керек саламаттыкты сактоо тармагында.

“Азаттык”: - Төлөн мырза, чочко тумоосуна келсек, 9-ноябрда 22 киши болчу экен. Бир апта өтпөй эле 44кө жетти деп атасыз, эки эсе көбөйүп атат. Бул мындан ары ушинтип көбойүп жүрүп отурабы?

Т. Исаков:
- Муну токтойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Себеби бүт дүйнө жүзү боюнча каптап атпайбы. Өзбекстанда жок деп кээ бири айтып атат, Өзбекстанда эмне жок, ал жакта Саламаттык сактоо жакшы иштеп атат, Түркменияда, Казакстанда жок деп. Казакстанда 14 учур менен токтоп калган, мындан ары дагы регистрация жок экен деп. Мен буга толугу менен ишене албайм. Себеби ал жакта жабык маалымат.

Мен кесиптештер менен Түркмения жана башка жактарга барып атабыз. Алар көп сөздү ачык айта алышпайт. Себеби оору көбөйсө, аларды иштен алып коет. Биз анын баарын тең жашырган жокпуз. Биздин да колубуздан келет жашырып, бул чочко тумоосу эмес жөнөкөй эле тумоо деп. Биз ага барган жокпуз да. Биз ачыгын айтып атабыз. Бүгүн биз ал жараны жашырып, бул жара эмес деп койсок, ал эртең сыздоокко айланып, ириң болуп чыгат. Ошон үчүн ачык айтып, кандай ишти жүргүзүп атабыз, мындан ары кандай жардам керек, эмнеси жетишсиз баарын айтып атабыз.

“Азаттык”: - Айта аласызбы, ушул оору тарабаш үчүн адамдар эмне кылыш керек?

Т. Исаков: - Ооруп аткан адамдарга кайрылат элем. Ооруп атып "кой уят, мен ошол жакка барып келбесем болбойт" деп бала-чакасын алып алып, мейманга баргандан этият болуш керек. "Мен барбайм, тумоолоп калыптырмын" десе, туугандары деле айтат да бул кишинин маданияты өтө жогору экен деп. Бизди оорутпайбыз деп бизди да сактап атканын карасаң деген түшүнүктө болуш керек бүгүнкү элдер.

“Азаттык”: - Сиздерге чоң рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG