Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:32

Жаңы жылдык базар баалары кымбат


Жаңы жылга саналуу гана күндөр калды. Бардык адам илгери үмүт менен аны чыдамсыздык менен күтүүдө. Жаңы жылдык камылгалар көрүлүп, балатылар, кооз оюнчуктар, жардыргычтар сатылып, дасторкон даярдалууда.

10-декабрдан баштап Бишкек мэри Нариман Түлеевдин жардыгы менен Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан “Пишпек” базарынын алкагында балаты жана жаңы жылдык шаан-шөкөткө керектелүүчү буюм-тайымдар саткан базар ачылып, иштеп жатат. Бишкекте бул жайдан башка жерде балатыларды жана жаңы жылдык буюмдарды сатууга тыюу салынганы менен башка чакан базарларда деле сатылууда. Шаар жетекчилиги бул иш-аракеттер жаңы жыл алдындагы болчу кымгууттукту ирээтке келтирүү үчүн жасалып жатканын билдирген.

Кыштын чилдесинде өңүнө чыгып, айланага көрк берип турган жашыл балаты. Ошондой эле балаты жаңы жылдык салтанаттын көркү, символу да болуп саналат. Жаңы жылга камынган бишкектиктер балаты таппай базарды түрө кыдырып жүргөн болсо, жаңы ачылган «Пишпек» базарында жашыл балатылар жайнап турат. Себеби шаар жетекчилиги быйылкы жылы жалгыз гана ушул базарда табигый балатыларды тамыры менен саттырууда.

Чынында бул «Пишпек» базарында балатынын түрү бар. Базардын төрүндө эки катар толук бойдон тамыры менен челектерге олтургузулган балатыларга толгон. Жаңы жылды тоскондон кийин бир жумага жеткирбей короого олтургузуп койсоңуз болот дешет балаты саткандар.

Бул базардагы балатылардын баалары алардын узундугуна жараша ар кандай. Мисалы жашыл балатынын кичинекейи бир метрге чукулу 1500 сомдон 1800 сомго чейин. Ал эми канадалык көк балатынын баасы бир метри 4000-5000 сомго чейин бааланууда. Мындай көк балатыны колунда бар ишкерлер, чиновниктер алып жатышканын караколдук сатуучу Мирлан Эсенкожоев айтып берди:

-Бул Канададан алынып келинген. Жашыл карагай тикенектүү форма деп коет. Колунда бар чоңдор, Ак үйдүн, чоң салынган үйлөрдүн алдына тикчү балатылар. Баасы метри 100 доллар, эки метрлиги 200 доллар. Балатылар тамыры менен.

Сатуучулардын айтымында, карапайым эл жашыл балатыдан гана алып жаткан маалы. Бул балаты саткан контейнерлердин бурчтарында же ары жагында балатынын тамырларын баштык менен ороп коюп, өз алдынча саткандар да арбын. Бирок адистердин баамында мындай балатылардын тамыры соолуп калгандыктан, көпкө турбайт. Жаңы жылдан кийин короого олтургузса деле өсүп кетиши күмөн. Алганга жараша бир аз кымбатына карабай атайын челектерге топурагы менен олтургузулган балатыларды алган оң.

Сатуучунун айтымында мындай балатылар өзүнүн ыгы, жол-жобосу менен олтургузулган. Ошондой эле балаты жылууга чыдамы жок өсүмдүк болгондуктан үйгө көп кармабай, бир жумага жеткирбей эшикке чыгарып, короого олтургузуу зарыл.

Мындан сырткары бул «Пишпек» базарынан бир метрге чукул бийик өскөн арчаларды да жолуктурууга болот.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин экологиялык көзөмөлдөө башкармасынын башчысы Бекболот Маматайировдун айтымында өлкөдө жаңы жылда балатыларды мыйзамсыз кыюуга тыюу салган:

-Балатылар тамыры менен казылып жаңы жылдан соң кайра олтургузулса сатууга уруксат берилген. Быйылкы жылга жаңы жыл майрамын тосуу үчүн мектептерге, мекемелерге карыган карагайларды гана балаты кылып, кыюуга уруксат берилген. Бул балатылар мектептерге, бала бакчаларга жана мекеме-ишканаларга берилет. Жергиликтүү тургундардын эч кимисине уруксат жок, токой аралап каалашынча кесип келүүгө тыюу салынган. Эгер токойчу тарабынан бирөөнөн акча алып балаты же башка дарактарды сатканы байкалса же кармалса ал токойчу дароо жумушунан бошойт.

Ушул базардын кире бериш жеринде Кытайдан алынып келинген жасалма балатылардын түрүн көрүп, каалаганыңызды сатып алууга болот. Алардын баалары деле табигый жашыл балатылардан бир аз гана арзан. Ушундай жасалма балатыларды сатып жаткан Арстанбек Жумалиев менен чакан маегибиздин темасы да жаңы жылдык жасалгалардын баалары тууралуу болду. Шаардыктар үчүн мындай жасалма балатылар абдан ыңгайлуу жана аны көп жыл колдонууга болот.

-Бир метрден эки метрге чейин бар. Баалары 2300 сом, бир жарым метрлик 650дөн миң сомго чейин. Быйыл кар сыяктуу балатылар жакшы сатылып атат. Оюнчуктар 30дан 100 сомго чейин. Ал эми тарсылдактарды сатканга уруксат жок.

Бишкекте балаты базары ачылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:56 0:00


Жаңы жылдык жасалгалар коопсуз болушу керек

Буга чейин шаардык мэрия жаңы жылдык балатыларды, тарсылдыктар жана фейерверктерди бир гана Пишпек базарында сатууга уруксат берилгенин маалымдаган. Жаңы жылдык жасалгалар сатылып жаткан Темир жол башкармалыгына таандык «Пишпек» базарынын жетекчисинин орун басары Ороз Мурзаев менен маектешкен элек.

- Ороз мырза, канча контейнер жана канча киши жаны жылдык жасалгаларды сатып атышат.

- Бул базар мэриянын чечими менен 10-декабрда ачылды. Азыркы учурда 328 контейнер коюлган. Бул Кыргызтемир жолунун менчик базары. Себеби Кыргызтемир жолунун өзүнүн каражаты менен курулган. Азыркы учурда 41 контейнер балаты базар үчүн берилген. Толугу менен иштеп атат. Зеленстройдун чарбасында өстүрүлгөн балатылар. Анан Ысык-Көл, Кемин токой чарбаларынан келген. Андан тышкары бул жерде жасалма балатылар да сатылууда. Жаңы жылга керектүү болгон баардык нерселердин баары сатылып атат.

- Коопсуздук эрежелери кандай сакталууда?

- Шаардык Өрткө каршы башкармалыгынын буйругу менен биздин темир жолдун өзүнүн өрткө каршы өзүнчө бөлүмү бар. Ошонун адистери күнүгө эртең менен сегизден кечки саат алтыга чейин иштеп атышат. Бул жерде өтүүчү жолдор чоң, чоң өрт өчүргүч машиналар келип өтүп кете алат. Андан тышкары ар бир контейнерге сухотрубный жасалган рубкалар коюлган. Андан тышкары эки чоң өрт өчүрүүчү гидрант бар.

- Жаңы жылдык буюмдардын, белек-бечекектердин баалары кандай болуп атат?

- Сатуучулардын айтуусуна караганда, шаардык базардын баасынан арзан. Себеби жаңы жылга чейин аларга жакшы шарт түзүп берди, анан сатуучулар бизге аренда акысын төлөбөйт. Бирден төртүнчү катары жалаң тамак-аш, экинчиси самын, үчүнчүсү жалаң чарба буюмдар, андан кийинкиси кийим-кече сатылат.

Өлкөнүн өрткө каршы мамлекеттик кызматынын өрт коопсуздугу бөлүмүнүн улук кызматкери, полковник Болот Ногойбаевдин айтымында жаңы жылдык жардыргыч, бытыра, тарсылдыктарды сатууда өрт коопсуздугун бекем сактоо зарыл. Ошондой эле бөлмөдө балаты жасалгалоодо өрткө каршы эрежелер сакталууга тийиш.

Видеотасмада: Президенттик балаты. 25-декабрь 2009-жыл

Президенттик балаты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:36 0:00


Майрамдык дасторкондо ашыкча ичүүнүн кажети жок

Жаңы жылды тосууда ар бир үй-бүлөдө жаңы жылдык дасторкон жайылат. Ар бир атуул ал майрамга даамдуу тамак-аш даярдап, үй-бүлөсү, достору, тууган-уруктары менен көңүлдүү тосууну көздөйт. Кыргыз Улуттук медициналык академиясынын тамактануу гигиенасы жана диетология кафедрасынын бөлүм башчысы Мария Кадырова майрамдык дасторконго ден-соолукка пайдалуу тамак-аштарды коюу зарылдыгын «Азаттыкка» айтып берди:

-Жаңы жылда тамак аштын жаңылыгын коет үстөлгө. Сүт айран, жеңил, жагымдуу, сиңимдүү, ден-соолукка пайдасы көп оокат көп болуш керек. Анан жер-жемиш болуш керек. Салат да жасалат. Баары бышырылып, тууралган салаттардын пайдасы жок. Ал эми пайдалуу заттардын баары чийки, бышырылбаган сабиз, капусталарда болот.

Ал эми бул күнү сөзсүз түрдө дасторконго спирт ичимдиктери да коюлат эмеспи. Доцент Мария Кадырова жаңы жылды тосууда бул ичимдиктерди өтө көп ичүүнүн кажети жок дейт:

- Бир үй-бүлөгө алты кишиге бир бөтөлкө шампан жетет. Мына чет элде кандай ичишет спирт ичимдиктерин, бизге окшоп куюп алып эле ичип алышпайт. Биз да маданияттуу ичкенди үйрөнүшүбүз керек. Ашказанды спирт ичимдикке толтуруп алган туура эмес.

Майрамдык дасторконго канча каражат кетет?

Жаңы жыл үй-бүлөлүк майрам болгондуктан ар бир адам үйүндө дасторкон жайып, түрдүү түркүн тамак-аш, жер-жемиштерди коюуга аракеттенет. Бишкек шаарынын айрым тургундарына майрамдык дасторкон жаюуда канча каражат сарптайсыз деген суроо менен кайрылып, төмөнкүдөй жоопторду алдык:

Мадина: - Миң сомдун тегерегинде болот. Анткени эт бир килодон ашык алынат. Андан тышкары жер-жемиш, салат, таттуу алыш керек. Кыргыздар боорсок жазаш керек.

Дамира: - Эттин килограммы 190 сом, мандарин 70 сом, андан башка да таттуу алганда 2-3 миң сомго чейин сарпталат.

Гүкү: - Шампан, арак, конок келгенден кийин баардыгы болуш керек да дасторкондо. Ошондо 4-5 миң сом болот.

Май аз болсун, жер-жемиш көп болсун

Жогоруда тургундардын көпчүлүгү бул күнү дасторкондо эт азыктары сөзсүз түрдө болуш керектигин белгилешти. Бирок диетолог Мария Кадырова жаңы жылда дасторкон ар түркүн тамак-ашка толо болгондуктан ашказанга көп күч келтирбей, майлуу, куурулган эт азыктарын азыраак колдонууну сунуштады:

-Майлуу этти кууруп жегенди кичине азайтыш керек. Ал эми жер-жемиштен көбүрөк жеш керек.

Ал эми жаңы жылды тосууда түнү бою тамак-аштын түрүн пайдалангандар эртеси ашказандарына күч келип калбасын үчүн диетолог-адис мындайча кеңешин берет:

-Түнү менен тамак ичип чыксаңар, анда эртеси эртең менен сегизден кечки саат сегизге чейин көк чай гана ичкиле. Ошондо ашказан, иче карынынар да иштейт, ден-соолугуңуздар да чын болот, - деди Мария Кадырова.

Жаңы жылды жаркын маанай менен тосуп алыңыздар. Келе жаткан 2010-жылда дасторконунуздар ар дайым жакшылыкка жайылсын.

XS
SM
MD
LG