Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:56

"Азаттыктын" «Ыңгайсыз суроолор» сыналгы берүүсүнүн кезектеги чыгарылышында башкаруу реформасы жөнүндө сөз болду.

Талкууга катышкандар:

Табылды Орозалиев,

“Ак жол” партиясынын
төрагасынын
биринчи орунбасары,
парламент депутаты





Мирослав Ниязов,

Коопсуздук Кеңешинин
мурдагы катчысы



“Азаттык”:
- Табылды мырза сөздү сизден баштасак, реформа эмне максатта жасалып жатат деген ойдосуз?

Т.Орозалиев: - Реформанын негизги себеби, негизги мааниси жалаң эле аппаратты кыскартып коюуда эмес. Бул дагы өтө чоң маселе. Анткени азыркы кезде, жеке эле азыркы эмес, мурунку кезде деле Кыргыз Республикасына, элине, санына чакан конкреттүү түрдөгү кичинекей мобилдүү мамлекеттик аппарат керек эле. Кыргызда сөз бар эмеспи “жылкыңа ченеп ышкыр” деген. Андай болбой госаппарат абдан чоң болуп кеткен. Бирок негизги мааниси мамлекеттин элге кылган мамилесинде болуп атат. Ошол элге кылган мамилени өзгөртүш керек болуп атат. Мамлекеттик чиновниктер эл үчүн болуш керек да. Азыр ушул убакта бизде, ачыгын эле айтып коюш керек, эл мамлекеттик чиновниктер үчүн болуп калды, эл мамлекет үчүн болуп калды. Тескерисинче болуш керек эле. Негизги мааниси ушунда жатат, мамлекеттин аткара турган функциясында жатат.

“Азаттык”: - Мирослав мырза, сиз реформаны кандай түшүнөсүз, анан акыркы өзгөрүүлөр боюнча оюңуз кандай?

М.Ниязов. – Реформа деген сөздүн маанисин тереңирээк карап көрсөк, реформа деген бул прогрессивдүү өзгөрүүлөр деген түшүнүк, ушул реформа деген сөздүн астында жаткан негизги маани ушундай. Биринчи реформаторлор ошол реформаны жасаган себеби элдин жашоосун кичине жеңилдеп, келечеги көрүнүп калгандай болсун деп, ушул ниет менен, ушул жол менен чыккан.

Тилекке каршы, эгемендүүлүктү алгандан бери он чакты реформаларды өткөрсөк керек, бирок ар бир реформадан кийин турмушубуз оңолбой, кайра төмөндөп кетип атат. Мына бүгүн ошол реформа жолу менен биз КМШда, мурунку Советтер Союзунун 15 республикалардын арасында бүгүн он бешинчи - эң арткы орунга түштүк. Көпчүлүк көрсөткүчтөр боюнча биз дүйнөдө эң артта калган мамлекеттерден болуп калдык. Тажрыйбабыз жок болсо керек мамлекеттик курулуш жөнүндө. Ушул эртең кандай болот экен Кыргызстандын келечеги, Кыргызстан деген мамлекет калабы, кыргыз деген эл болобу, Кыргызстандын бүтүндүгү болобу, кыргыз элдин биримдиги болобу деген суроолор туулуп атат.

Бул бекеринен туулган суроолор эмес. Буга өтө олуттуу проблема катары карашыбыз керек. Ошон үчүн мен айтат элем, реформа жөнүндө бүгүн тереңирээк сүйлөшүп, анан натыйжасын чыгарсак болмок.

“Азаттык”: - Табылды мырза, өкмөттүн түзүмүндө өзгөрүүлөр болгондон кийин, президент өзү сөз сүйлөп, өкмөттүн жаңы курамы келгенден кийин айрым талдоочулар мындай деген бир пикирди айтып атышат: президент өзүнүн бийлигин ушул реформанын аркасы менен дагы чыңдап алды, атап айтканда мына бир топ органдарды өзүнө алды деп атат. Атап айтканда президенттин алдында азыр мамлекеттик күзөт кызматы, финансы жаатындагы иштер бар, андан сырткары инновация боюнча агенттик түзүлүп атат, Тышкы иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат, финансы полициясы, кадр саясаты, ушунун баарын президент өзүнө алып атат. Мындайча айтканда өкмөткө параллель дагы бир өкмөт түзүлдү деген кооптонуулар бар?

Т.Орозалиев: - Мен андай пикир менен келишпейт элем. Себеби азыркы болуп аткан өзгөрүлөрдүн баары тең азыркы биздин Конституцияга ылайык. Жанакы кызматтардын баарын атап өтпөдүңүзбү, алардын баары мурун эле президентке баш ийчү. Күзөт кызматы деле, Тышкы иштер министрлигин албаганда. Бирок Конституцияга ылайык тышкы саясат президентке жүктөлгөн. Бул жерде өзүнө тартып алды деген туура эмес менин оюм боюнча.

Ал эми инвестициялар, инновациялар боюнча борбордук агенттигинин өтүшү, менин жеке оюм боюнча, азыркы ушундай жоопкерчилик кырдаалда президент жоопкерчиликти өзүнө алат дегенди билгизет. Бул жерде бийликти өзүнө топтоду деген менимче туура эмес болуп калат.

“Азаттык”: - Дагы бир маселе, Конституцияга өзгөртүү киргизүүнүн жолдору. Мисалы көп кызматтар, атап айтканда, мисалы президенттик институтту түзүү жөнүндө өзү кеп козгоп демилге көтөрүп атат, Конституцияда каралган эмес, анда жазылган президенттик администрация, мамлекеттик катчы жоюлуп атат. Мисалы ушул нерселерди алгач балким Конституцияга өзгөртүү киргизип туруп, анан андан кийин жасаш керек беле деген пикирлер бар?

Т.Орозалиев: - Көпчүлүк мыйзамдарды ошентиш керек, көп мыйзамдарга өзгөртүүлөр кирет. Өткөндө эксперттердин айтышы боюнча 60-70ке жакын өзгөрүүлөр мыйзамдарга кирет. Бирок эгер керек болсо ошого да барыш керек. Өнүгүү маселеси мурунку каралганда эле бир көз караш менен токтоп калбашы керек экен.

Мисалга алсак, Мирослав мырза мурун деле Коопсуздук Кеңешинин катчысы болуп иштебедиңизби, өзүңүз деле көрсөңүз керек, президенттик администрация өзүнчө бир чоң монстр болуп калган да. Тескерисинче, ошол администрация бүт бийликтин күчүн баарын топтоп келген. Бирок ал убакта ал маселе айтылган эмес. Чындап келгенде, реалдуу күч, бирөөнү жумуштан алабы, бирөөнү коебу, ошолордун сунушу менен бүт баары ишке ашырылчу. Чоң күч болчу. Аны тескерисинче децентрализация деп койсок болот.

“Азаттык”: - Сиз кандай ойлойсуз, мына азыркы айтылган нерсе боюнча. Президенттин бийлиги мындан да күчтөндү дейт. Мурдагыга караганда азыр өтө суперпрезиденттик мамлекет болдук деп атышат башкаруу жагынан алганда, анан кошумча өкмөткө параллель дагы бир өкмөт түзүлдү дегенге?

М.Ниязов: – Реформалардын бүт баары башынан баштап бир эле негиз менен келатат - бул ошол башкаруу бийлигин толугу менен бир колго берүү. Бул проблема оркоюп эле көрүнүп турат. Мен айта турганым, проблема мында эмес, бир адамда болобу, же бөлүнүп кетеби, биздин эң негизги проблемабыз, социалдык-экономикалык акыбалбыз. Үстүдөгүлөр эмне кылса кыла берсин, бирок негизги экономикалык-социалдык абал. Мына тышкы товар айлантуубуз 5 млрд. доллар. Ошонун ичинен продукцияны 2 жарым-3 жарым млрд. долларды импорт катары биз тыштан алып келип атабыз. Ал эми ошонун ортосунда баланс 2 млрд Кыргызстанга тескери болуп атат, башкача айтканда 2 млрд. долларга биз башка элдерди, башка өлкөлөрдү багып атабыз. Бул өтө кейий турган нерсе.

Эгемендүүлүктү алгандан бери биз өзүбүздүн экономикабызды көз каранды эмес экономикага өтүшүбүз керек эле. Мына айыл чарба продукциясын алсак, 540 млн. долларга биз сырттан айыл чарба продукциясын алып келип атабыз. Эми тышка чыгарган продукция 220 млн. Ошондо дагы баланс 320 млн. доллар тескери болуп атат. Эми эмнени алып келип атабыз? Эгин алып келип атабыз, 50 миң тонна эт, 100 миң тонна кумшекер, 50 миң тонна алма, жер-жемиштерди, өсүмдүк продукциясын 120 млн. долларга алып келип атабыз.

Башкача айтканда Кыргызстан митечилик менен жашап калган мамлекет болуп калдык. Реформа дегенде биз ошол кемчиликтерди катпай, ушул кемчиликтердин бүт баарын чыгарып элге кайрылышыбыз керек эле, мына биздин кемчиликтер ушундай болуп атат, дүйнө жүзүндө артка калган эл катары болуп калдык. Ушул биз сунуштаган мындай жол менен акырындык менен ушул кемчиликтерди жоюп, кыскартышыбыз керек деп. Ушуну реформа катары деп эсептесе болот.


“Азаттык”: - Табылды мырза, мына Мирослав мырза өзүнүн пикирлерин айтып өттү экономикадагы кейиштүү көрүнүштөрдү фактылар менен. Кырдаал чынында эле оордой сезилет. Сиздер ошону сезесиздерби?

Т.Орозалиев: - Албетте сезебиз. Бул туура айтылган сөз. Бул проблема 1-2-3-жыл ичинде эле топтолуп калган проблема эмес. Бул Союз жоголуп, биз эгемендүүлүктү ала баштагандан берки топтолуп келаткан маселе. Мисалы, баарыбыз эле билебиз бизде ПЕСАК, Финсак деген программа болгон. Ошону эл аралык финансалык институттар алып келаткан, Дүйнөлүк банктын, Дүйнөлүк Валюта фондусунун рекомендациясы менен жасалган болчу. Мирослав мырза айтып кетти айыл чарба боюнча, толук талкаладык айыл чарбаны. Бирок акыркы бир жылдын ичинде эксперттердин айтуусу боюнча 12 пайызга кыскартуу болду импорт менен экспорттун ортосундагы айырма.

“Азаттык”: - Бирок ошентсе дагы биз негизги продукцияларды баары бир сырттан алып атабыз. Мына газды алалы, негизи кышка жакын калды. Кыш, отун, энергетика маселеси жөнүндө сөз кылсак, мына көмүрдү алалы, Казакстандан ташып атабыз дегендей. Экинчи бир маселе, эксперттердин айтымына караганда, Өнүктүрүү фондусу бул өтө көп кишилерди чочутуп атат. Өнүктүрүү фондусу эмне себептен мынчалык көп укуктарды өзүнө алат, эмне себептен Орусиянын кредити Өнүктүрүү фондусу аркылуу өтөт. Анан мына сиздер 23-октябрда мамлекеттик мүлк боюнча мыйзамга өзгөртүү киргиздиңиздер, ага ылайык Өнүктүрүү фондусу мамлекеттик мен-мен деген ишканалардын акцияларына көзөмөл кылууну өзүнүн колуна алып атат. Мындайча айтканда, көмүскө экинчи бир өкмөт түзүлүп атат дегенге бул негиз берилгендей сезилет?

Т.Орозалиев: - Андай пикир деле туура эмес. Өнүктүрүү фондусу борбордук инвестиция агенттиги деп атпайбызбы, ошонун астында болот. Бул фонд ошону менен катар борбордук агенттик аркылуу президенттин өзүнүн көзөмөлүнөн өтүп атат.

“Азаттык”: - Демек сиздер “Акжол” партиясы элдик партия катары өкмөттү контролдушуңар керек, көзөмөлдөшүңүздөр керек, бирок Өнүктүрүү фондусун сиздер көзөмөлдөй албайсыздар, туурабы?

Т.Орозалиев: - Бирок финансылык көзөмөлдү бизден эч ким алып койгон жок да. Көзөмөлдөөгө толук укук бар.

“Азаттык”: - Мисалы финансы кызматы, башка кызматтардын баары президентке өтүп атса, сиздер кантип көзөмөлдөйсүңөр дейм да. Механизми барбы ошонун?

Т.Орозалиев: - Конституциялык механизм бар да, Жогорку Кеңештин функциясы бар да. Ошого ылайык көзөмөлдөйт. Ал эми кеп фонддун өзүн көзөмөлдөө эмес, улуттук долбоорлор деп атпайбы, ошолорду көзөмөлдөөгө толук укугу бар Жогорку Кеңештин.

“Азаттык”: - Өткөндө Камбар-Ата-1-2 ГЭСтери жөнүндө мыйзамга өзгөртүү, толуктоо киргизилди ушул парламент “Ак жол” фракциясынын күчү менен көпчүлүктү түзгөн. Ал жерде бир нерсеге уруксат берилди, салынып аткан Камбар-Ата ГЭСтерин күрөгө койгонго, сатканга мүмкүнчүлүк алды. Өнүктүрүү фондусу аркылуу мисалы акча берсе, эгерде акча өз убагында кайтара албаса, ал кийин сатылышы мүмкүн. Бул жагынан алганда отун энергетика, суу коопсуздугу дейбизби, Борбор Азиядагы көп чырлардын баардыгы сууга байланыштуу болгон атат. Ушул жагынан айтсаңыз, Коопсуздук Кеңештин мурдагы катчысы катары, бул туура болдубу?

М.Ниязов:
– Мен айтып коеюн, бул Кыргызстан деген кереметтүү ажайып мамлекет. Биз өтө бай мамлекетбиз, суунун башында турабыз. Жыл сайын бизде жаңыланып турган 47 млрд. кубометр суу келет бизге. Бирок бүгүнкү күнгө чейин отун-энергетика коопсуздук системасын кура элекпиз. Азык-түлүк коопсуздукту, эпизоотиялык коопсуздукту кура элекпиз. Мына туура айтып атасыңар, бүгүн ар бирибиз бир суроо берсек, Камбар-Ата деп көп айтып атабыз.

Бүгүн Кыргызстанга зарылчылыгы барбы ошол Камбар-Атанын. Мен айтып коеюн, эч кандай зарылчылыгы жок. Мына биз 14 миллиардга жакын киловат саат электр энергия өнүрөбүз. Өзүбүздүн муктаждыгыбыздан тышкары эки эсе көп өндүрөбүз. Эми мына Өзбекстан менен Казакстан Орто Азиянын энергосистемасынан чыгып кетип атышат. Бизде өзүбүздүн дагы эч энергосистемабыз жок, көз карандыбыз Өзбекстанга.

Эми эки эсе өндүргөн менен электрэнергияны бизден эч ким албайт. Мына ойлонуп көргүлөчү, мисалы 7 млрд. киловат саат деп коелу, ал кайда кетип атат, эч ким албаса, бир центтен сатканда дагы бул 70 млн. доллар болмок. Бүгүн бизден эч ким албай калды электрэнергияны.

Макул, Камбар-Атаны салалы бүгүн, эртең кимге кереги бар эч ким бизден электр энергияны албаса. Мына Казакстан дагы жылуулук электр станцияларын куруп алды, толугу менен өзүн электр энергия менен камсыз кылып алды. Өзбекстан дагы өзүлөрүнө куруп алды толугу менен. Алар бизден эч кандай көз каранды мамлекеттер эмес.

Бирок биз эми аларга толугу менен көз каранды мамлекет болуп калдык. Бизде эми айла жок, эртеби-кечпи жылуулук электростанция курушубуз керек. 30 млрд. тонна көмүрүбүз бар. Биз болсо көмүрдү Казакстандан алып келип атабыз. Суунун башында турабыз, сууну болсо фермерлерге жеткире албай, күзүндө ошол эле Казакстан, Өзбекстандан жер-жемиштерди, буудайды алып келип атабыз. Ушундай жашоо менен биз мамлекетти түзүп атабыз. Бул өтө чоң кемчилик.

Биз бүгүн экинчи ТЭЦти шаарга салышыбыз керек. Бул шаарда азыр бир миллиондун тегерегинде эл жашап калды. Эски ТЭЦибиз Советтер Союзу учурунда 500 миң адам жашап жүргөндө курулган. Азыр кудай сактасын кырсык болуп, бир нерсе болуп калса кышында элдин баары үшүйт.

“Азаттык”: - Көп маселелер айтылды. Камбар-Ата боюнча сиздин оюңуз кандай?

Т.Орозалиев: - Камбар-Атаны менин оюмча куруп аягына чыгыш керек. Турмуш ушул бойдон эле токтоп калбайт да.

“Азаттык”: - Анда эмне үчүн куруп атабыз?

Т.Орозалиев: - Бизде азыр өндүрүш пайда болот. Биз буга толугу менен ишенебиз. Ошон үчүн Кызыл-Кыядагы цемент-шифер комбинаты пайда болот, ушуга окшогондор курулат да бизде, керек болот. Мына азыр эле Бишкекти алып көрөлү, кечинде үйгө келсең свет бүлбүлдөп эле араң күйөт. Жетпейт электр энергия. Мурун Советтер Союзунун убагында ошол электр энергия берилчү да, андан аша чапкан жокпуз, бөлөк источник курган жокпуз, бирок жарык жетчү. Эмне дегенде мамлекеттик ишканалар иштечү, бирок жетчү элге. Азыр көпчүлүгүн эл пайдаланып атат. Демек, электр энергия бизге керек болот. Ошон үчүн алдыга гана жүрүш керек, бул маселеде келечектүү караш керек.

“Азаттык”: - Коопсуздук жагынан алганда ошол жеке колго өтүп кетет деген коркунуч жокпу?

Т.Орозалиев: - Жеке колго өтүп кетет деген маселе мындай болуп атат. Инвесторлорду тартыш керек болуп атат да, бизде деле бай кишилер бар, акчалары бар инвестор болуш керек да, жалаң эле сауна, базар курбай, бар андай кишилер. Эмне үчүн алар акционерге мүчө боло албайт. Ошондой шартта иштей турган болсо эле сөзсүз эле түрдө бирөөнүн колуна өтүп кетет деген болбойт.

“Азаттык”:
- Шайлоого чейин муну жалгыз өзүбүз, мамлекеттин күчү менен курабыз деген пикирлер айтылды эле. Бирок бизде көрсө акча жок экен. Анан Орусиянын кредитин түз өкмөт өзү бөлбөй, Өнүктүрүү фондусу аркылуу, анан 3-4 банк аркылуу акчасын көбөйтүп үстөк процентин кошуп туруп анан берип атабыз?

Т.Орозалиев: - Механизмдери болсо керек иштеп чыккан, ошого карата берилип атат мунун баары тең. Негизги маселе ошол кредит бизге келишинде, келип анан ошону толук бойдон пайдаланып калышта.



“Азаттык”: - “Ак жол” партиясынын төрагасы ким?

Т.Орозалиев: - Төрагасы президентибиз Бакиев Курманбек Салиевич.

“Азаттык”:
– Мен дароо айтып коеюн, Конституциянын 45-беренесинде президент эч кандай партияга жана башка саясий уюмдарга мүчө боло албайт, алардын иш аракетине катыша албайт деп айтылган. Муну жайында июль айында Конституциялык Сот дагы аныктап, тактап берген. Конституцияны президент Бакиев бузуп атабы?

Т.Орозалиев: - Жок, эч кандай бузган жери жок. Съезд бүткөндөн кийин ал киши партиялык төрагалыкты мага өткөрүп берген. Мен биринчи орунбасарымын.

“Азаттык”: - Жаңы эле айтпадыңызбы төрагасы Бакиев деп?

Т.Орозалиев: - Жок, төрагасы шайланган, милдети менде да азыр, Конституцияга ылайык милдети. Арызы тиги жакта жаткан, ошону биз Конституциялык Сотко алып барып бергенбиз. Ошонун негизинде Конституциялык Сот жанагыдай далилдеп атпайбы.

“Азаттык”: - Андай болсо 20-октябрда эмне себептен өкмөттүн түзүмүн парламентке фракцияга алып барганда Курманбек Салиевич Бакиев өзү катышты?

Т.Орозалиев:
- Эми ал жөн эле катышты да. Төрагалык кылып катышкан жок. Катышууга укугу бар да., биз жөн деле кишилерди чакырабыз политсоветке.

“Азаттык”: - Азыркы учурда мамлекеттик органдар менен “Ак жол” партиясы такыр эле биригип, камыр-жумур болуп кетти. Мындайча айтканда, коммунисттик системанын убагындай эле бир партиянын үстөмдүгү орноп калды деген пикирлер айтылып жүрөт. Кандай пикирдесиздер?

Т.Орозалиев: - Андай пикир туура эмес. Баягы Советтер Союзунун убагында айтчу, андайды “Азаттыктан” илгери деле угуп калчубуз, "опасное переплетение государственных и партийных органов" деп. Андай бизде жок да. Бюродон карап туруп жетекчини алмаштырган жокпуз, бюродон карап туруп тигини сунуштаган жокпуз.

“Азаттык”: - Фракциядан карап туруп мисалы Чудиновду алып салдыныздар, Данияр Үсөновду жылдырып атасыздар?

Т.Орозалиев: - Фракциядан рекомендация гана болду. Ал эми Советтер Союзу убагында "снять, освободить" деген сөздөр бар болчу. Биз анткен жокпуз да, биз фракцияга сунуштадык. Фракция деген бул партиянын ичиндеги эле Жогорку Кеңештеги топ, партиялык системанын табигаты ушундай да. Бул жеке эле бизде эмес, ар бир партияда ушундай.

“Азаттык”: - Мирослав мырза, мына бизде көп партиялуулукту өнүктүрүш керек деген бир пикирлерди билик жетекчилери айтып жүрүштү эле. Президент да 2-3 жолу айткан партиянын системасын күчтөндүрүш керек деп. Мен калп айткан жокмун, Табылды мырза дагы өзү бекемдеп берет. Бирок мына акыркы жолу өкмөттүн башчылыгына Данияр Үсөновду сунуштаганда партиянын талкуусунан гана өттү, Жогорку Кеңештеги Коммунисттер фракциясы менен Социал-демократтар фракциясынын пикири көп деле эсепке алынган жок. Биз өзүбүздү көтөрүп аткан демилгелерге карама-каршы келбейби?

М. Ниязов: - Биз оюнду токтотсок болмок эле. Бизде Конституция боюнча мамлекеттик түзүлүш боюнча парламент деген бул көз каранды эмес бир бутагы болуш керек. Анан аткаруу бийлик, сот бийлик деп коелу. Чындыкты айталы, бүгүн парламент дагы толугу менен көз каранды болуп, аткаруу бийлик менен чогуу болуп кандайдыр мамлекеттин келечеги жок бүдөмүк болуп тургансыйт. Мындай жол менен албетте бир-бирибизди мактап, бири-бирибизге кошомат кылсак деле болот. Бирок мындан биздин турмуш оңолуп кетеби?

Бүгүн кандай ачуу болбосун сөз, биз чындыкты айтпасак, дагы бир жолу баса белгилеп кетейин, Кыргызстан деген мамлекеттен ажырап калышыбыз мүмкүн. Бүгүнкү акыбал мен айтып коеюн, өтө оор акыбал Кыргызстанда. Ошол кемчиликтерди айта берсе болот, өтө оор мен баса белгилеп кетейин, мына коопсуздук боюнча бир эле сөз менен айтып кетейин, Фергана өрөөнү абдан оор акыбалга келип калды, чатак-чыр чыга турган жер ошол болуп саналат.

Эми биз өзүбүздүн мамлекетибиздин бүтүндүгүн сактап калалы десек, мына аскерлер мурунку Советтер Союзундагыдай эле баары жерде жайгашкан. Жыргал жерлер ошол эле Ысык-Көл, Нарын, Чүйдө. Коркунуч болсо түштүк жактан чыгып атат. Биз Кыргызстандын мамлекетин ойлосок болмок. Оюндарды токтотсок болмок.

Ар бир кыргыздын намысы бар болсо, ар бир кыргыздын патриоттук аң-сезими болсо бул оюндарды токтотуп, Кыргызстандын келечегин ойлосок болмок. Мен биротоло айтып коеюн, бүгүнкү мамлекеттик түзүлүш чычкан менен мышыктын оюну болуп атат. Бул тилекке каршы, бул Кыргызстанды эч качан жакшылыкка эч качан алып келбейт. Бүгүн ага шарт түзүлгөн жок. Биз кайра тескери кетип атпайбызбы, канча дагы кетебиз тескери. Болбодубу. Ушуну токтотпосок болбойт.

“Азаттык”: - Табылды мырза, бир топ оор сөздөр айтылды окшойт. Сиз бийликтеги адам катары айтсаңыз коопсуздук боюнча эмне иштерди жасап атасыздар?

Т.Орозалиев: - Коопсуздук жагынан Фергана өрөөнү боюнча айтылгандарга мен кошулат элем. Антени чындыгында Кыргызстанда азыр чыгып кетчү терс нерселер ошол жакта, коопсуздук маселеси абдан оор чындыгында. Ошондуктан Чукул кырдаалдар министрлиги которулбадыбы. Менимче Коргоо министрлигин деле которуп койсо болот ошол жакка, керек болсо Ички иштер министрлигин деле которуп коюш керек, Чек ара кызматын которуш керек. Эми бул Фергана өрөөнү тээ илгерки тарыхтан бери келаткан нерсе. Советтер союзу убагында басмачылык, андан кийин деле бир топ нерселер болду. Анан кийин коопсуздук маселесин алганда, диний-экстремисттик маселеге келгенде жанагыдай шарттарга барган жакшы эле болот дейм мен.

“Азаттык”:
- Соңку учурда коомчулукта мындай айтылып келатат: Шайлангандан баштап эле Жогорку Кеңеш келгенде эле мыйзамды бузуп келишкен. Негизги орундардын жок дегенде жарымын “Ата мекен” партиясы алыш керек эле. “Ак жол” тез арада түзүлүп, тез эле ушунча добуш топтогонго чоң административдик ресурс менен жетти деген пикирлер бар. Сиздер парламентте өзүңүздөрдү кандай сезесиздер, ушундай сөздөрдү укканда?

Т.Орозалиев: - Мен адегенде айтып кетейин, бул партия жөн эле жерден жарала калган жок, жерден чыга калган жок. Мурун “Эмгек жана биримдик” деген чоң партия бар болчу, ошону мен алып барчумун, лидерлеринин бири мен болчумун. Андан кийин “Моя страна”, андан кийин “Содружество”, уксаңар керек ал дагы абдан чоң партия болчу. Бул партиялардын, өзгөчө “Эмгек жана биримдик” жана “Содружествонун” баардык райондордо, шаарларда, облустарда структуралары бир болчу, баштапкы уюмдары бар болчу. Мисалы бизде 400гө жакын баштапкы уюмдарыбыз бар болчу.

“Азаттык”: - Мына Мирослав мырза, акыбал өтө оор экенин айтты, кайсы жагын алба, экономикада, коопсуздукта, башка жагында. Сиздер кандай көрөсүздөр, же парламентте отурганда башкача көрүнөбү ушул турмуш?

Т.Орозалиев: - Кадимкидей эле. Орусча сөз бар го "кривое зеркало" деген. Бизде андай деген жок, күзгүң болсо түз эле күзгүң бар да. Биз мисалы ай сайын райондорго чыгып келебиз, ай сайын эл менен жолугабыз. Мурунку депутаттарда мындай жок болчу, алардын ый-муңун бүт баарын угуп келебиз. Ар түрдүү маселе караган учур болот, ошол жерден деле угуп жүрсөңөр керек какшап атканын депутаттардын. Бирок башка маселе, ошонун баарын аткарууга өкмөттүн акчасы, каражаты, күчү жетпей атат.

“Азаттык”: - Сиздерге чоң рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG