Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:03

Реформа жаңы, кадрлар баягы эле баягы


Президент Курманбек Бакиевдин өлкөнүн башкаруу системасын реформалоо демилгеси Оштогу бир катар партиялардын сынына кабылды.

Оштогу бир катар саясий уюмдардын пикиринде Президент Курманбек Бакиевдин мамлекетти башкаруу системасын жаңылоо демилгеси жалпы жонунан кубаттоого арзыйт. Бирок аны жүзөгө ашыруунун механизмдери так иштелген эмес жана жетекчилердин жоопкерчилиги туурасында эч кандай кеп жок.

«ЭрК» партиясынын төрагасынын биринчи орун басары Юруслан Истановдун баамында, Кыргызстан эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарынан бери ондогон реформаларды башынан кечирди, тилекке каршы, алардын бири дагы аягына чыкпай калды. Мындан бийликтин жогорку сересиндеги айрым адамдар тобу гана байып, а карапайым калктын турмушу оңолуп кеткен жок.

- «Мамлекеттик структураларды кыскарттык, бир катар орундар жоюлду» дешет дагы, аз убакыт өткөндөй кийин «Кокуй, жаңылыппыз. Бул мекеме абдан зарыл экен» деп атын өзгөртүп, кайрадан эле жаңы түзүмдөрдү ойлоп табышат, - деп кабатырланды «ЭрК» партиясынын төрагасынын биринчи орун басары Юруслан Истанов. – Акаев доорунда да кудум ушундай болгон. Мамлекеттик кызматтарды жоюп, кайра уюштурууну чоң бизнеске айландырышкан. Реформага шылтоолоп бардыгын жумушунан бошотуп, анан жаңыдан дайындашкан. Албетте, ким көбүрөөк таштаса, ошол кыйынчылыксыз майлуу орунду ээлеген.

Юруслан Истановдун белгилешинче, азыркы өлкө башчысы коррупционерлерге эмес, жалаң кесипкөйлөргө таянганда, анын реформасы эл арасында чындап колдоо тапмак.

«Ата Мекен» партиясынын Ош облустук координатору Бакыт Калмаматов президенттик башкаруу мезгилинде республика демократиялык нуктан тайыгандыгын, мындай шартта ар кандай мыкты саамалыктар оң натыйжа бербестигин ачыктады. Ошондой эле аралаш жана тең салмактуу башкаруу системасын кийирмейинче, акыбал жакшырбастыгын кошумчалады.

- Президенттик башкаруунун жыйынтыктарынан улам бүгүн бир ойго токтолдук. Бидин мамлекетти жеке адамдын башкаруусуна берүү өтө опурталдуу экен. Себеби Акаевдин үй-бүлөлүк режиминен араң кутулган өлкө эми Бакиевдин супер үй-бүлөлүк режиминин барымтасында калып олтурат. Мындай башкаруу республиканы биротоло алсыратып, анын ар тараптуу өнүгүүсүнө өтө чоң залакасын тийгизет. Кептин кыскасы, мындай алдамай реформалардан эзели майнап чыкпайт.

Ушундай позицияны карманган Бакыт Калмаматов президент Бакиевдин Баш мыйзамды өзгөртүүгө кириптер кылчу аракетин Өкмөттү жана парламентти алсыратуу, мансапты бир кишинин колуна топтоо аркылуу бийликти өмүр бою узурпациялоо жышааны катары баалады.

Чакан жана ыкчам Өкмөттү түзүү демилгесин биринчилерден болуп көтөргөн «Жаңы Кыргызстан» партиясынын Оштогу лидери Керим Макеев мамлекетти башкарууга жаштар көбүрөөк катыштырылбаса, жылыш болбойт деп эсептейт.

- Мен ойлоп атам, реформаны илгерилетүүдө жаш, таза жана көбүнчө эл менен иштөөгө көнгөн жетекчилерди пайдалануу абзел. Эгерде дагы эле баягыдай эски, коррупцияга чырмалышкан бийлик өкүлдөрүн аралаштырса, эле президенттен үмүт кылган жаңылануу жүзөгө ашпай калышы ыктымал.

Ошентсе да, бийликчил «Ак жол» партиясынын өкүлдөрү чоңдордун армиясын кескин түрдө кыскартуудан трагедия жасоонун кажети жок деп эсептешет. Алар жалаң профессионалдарды кызматка тартуудан өлкө эки-үч жылда ар тараптуу өнүгөт деп ишендиришүүдө.

- Эгерде мындан бир-эки жыл мурда мамлекеттик башкаруу жаатында реформа кылынса, ал ишке ашпай калышы мүмкүн эле. Экинчи жагынан көп саясатчылар жана жөнөкөй кишилер жаңылануу багыты кандайча аткарылат деп кабатыр болуп жатышканчалык бар. Бирок бүгүнкү күндө бизде бардык тараптан шарттар бар. Кадрлар жетиштүү. Кудайга шүгүр, өлкөдө стабилдүүлүк орноду. Президент дагы кыйла такшалды. Ошентип, жыйынтыгында экономикалык өсүш болуш керек, - деди «Ак жол» партиясынын Ош облустук комитетинин мүчөсү Амирбек Арзыбаев.

Жергиликтүү серепчилер президенттин мамлекеттик башкарууну жаңылоо планы үзгүлтүккө учураарын айтышууда. Алардын байкашынча, мурда иштеп жыргатпаган жана артынан дайым ызы-чуу ээрчиген кишилердин Өкмөттүн курамына кайрадан кирип жатышы элдин бийликке ишеничин кетирүүдө.

XS
SM
MD
LG