Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Сузакта нааразылык толкуну басаңдады


Сузактагы аялдардын нааразылык акциясы
Сузактагы аялдардын нааразылык акциясы

Сузак районундагы жакындары камалган аялдардын нааразылык акцияларынын чоо жайы жана жалпы нааразылыктардын себептери жөнүндө аталган райондун акими Нурболот Мурзакметов "Азаттыкка" кеп курду.


-Ош, Жалал-Абадда күч органдары карапайым калктын өкүлдөрүнө зомбулук колдонуп жатышат деген маалыматтар бар. Балким ушул жагдай Сузактагы аялдардын нааразылыгын жаратып жатпасын?

- Сузактагы аялдар балдарыбызды туура эмес камап жатат деген нааразылык менен чыгышкан. Бул боюнча райондук ички иштер бөлүмү менен сүйлөшүп, тыгыз байланышта туруп атабыз. Алардан бүгүнкү күндө күнөөсүн моюнуна алган адамдардан он экиси райондук ички иштер бөлүмүндө жатат. Кечээ күнү сүйлөшкөнүбүздө кырк алтысы облустук ИИБда жатат деген маалымат түшкөн.

Булардын ичинен улутун бөлбөстөн, ким кылмышкер болсо ошону жазалаган жатышат. Ал эми райондогу он эки адам өзбек улутундагылар, алар өздөрү кылмыш иш жасагандарын моюнуна алып жатат. Тергөө иштеринде бардык улуттагы адамдар тергелип, күнөөсү жоктор кое берилди. Бул боюнча аялдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп атабыз, бирок бүгүн буларды комиссия болуп губернаторго алып барабыз.

-Жанакы кылмышка шектелип кармалгандардын арасында кыргыздар дагы барбы?

- Кылмышка шектелип кармалгандардын арасында кыргыздар дагы бар.

-Мына ушундай кылмышка шектелип кармалгандардын укугун коргоо же алардын абалы менен таанышып туруу үчүн акимчилик тарабынан кандай иштер жүргүзүлөт. Мисалы жарандык коом, аксакалдардан турган сот деген сыяктуу уюмдар иш жүргүзүп атасыңарбы?

- Бул боюнча биз атайын комиссия түздүк, бирок албетте ички ишине аралаша албайбыз. Себеп дегенде алардын ар биринин өздөрүнүн адвокаттары бар. Ошол адвокаттары иш алып барышат. Ал эми бүгүнкү күндө тамак-ашы кантти, кандай күнөө менен кармалып жатышат, мыйзам бузуулар болуп калбасын деп комиссия түздүк.

-Сузакта гуманитардык жардамды туура эмес бөлүштүрүп жатат деген маалыматтар айтылып жатат, ушул жагдайга токтолсоуз?

- Бүтүн район боюнча 248 тонна гумжардам келип тушкөн. Бул гумжардамды биз айылдык округдар аркылуу гана таркатылат деп райондон айылдык округдарга бөлүп, ошол жерден жабыр тарткан адамдарга бөлүп жатат. Бул боюнча биздин райондук комиссия барып, кимге жетип, кимге жетпей жатканын жеринде текшерип көзөмөлдөп атат. Бул нааразылыктар түшкөн жерге сөзсүз түрдө биздин комиссия барууда.

-Ал эми жалпы жонунан Сузакта жагдай кандай, талаачылык күнүмдүк турмуш шарттар эмне болуп атат?

- Бүгүнкү күндө талаа иштери боюнча толук кандуу жүрүп жатат. 14 миң гектар жерге буудай эгилген, аларды оруп жыйноо боюнча 58 комбайн талааларга чыгышып, сегиз пайыз буудай жыйналды. Эки элди жараштырууга биз аракет кылып жатабыз. Бул жерде эки улуттун урушкан нерсеси жок деп кечээ күнү мечиттерде түшүндүрүү иштери да жүргүзүлдү. Элдердин демилгеси менен сый тамактар Ырыс айылдык округунда жүргүзүлүп, бүт кыргыздарды өзбектер чакырып чайын беришти. Ушул жуманын ишемби күнү Багыш айылдык округунда дагы ушундай өткөргөнү турабыз.

-Нааразы болгон аялдардан сырткары демек Сузакта кырдаал тынч десек болобу?

- Кырдаал тынч десек болот. Булар эки улуттун ортосундагы маселе менен эмес, бийлик туура эмес иштерди жүргүзүп жатышат деген ой менен чыгышкан. Ал боюнча дагы түшүндүргөндөн кийин булар түшүнгөндөй болду. Мыйзам чегинде өздөрүңөрдүн талабыңарды койсоңор болот, митинг коменданттык саат убагында болбош керек, кайрылууларыңарды арыз аркылуу жибергиле дедик.

XS
SM
MD
LG