Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:14

Түрк бийлиги Стамбул терактына шектүү кармалганын ырастады


Шектүү Абдулкадир Машариповдун интернеттеги сүрөтү.
Шектүү Абдулкадир Машариповдун интернеттеги сүрөтү.

Түрк бийлиги Жаңы жыл түнү Стамбулдун "Рейна" клубуна канабайрам салган жанкечти кармалганын ырастады.

Стамбулдун губернатору Васип Шахин аны 34 жаштагы Өзбекстандын жараны Абдулкадир Машарипов деп атап, ал Ооганстанда машыгуудан өткөнүн кабарлады. Шектүү күнөөсүн мойнуна алганын, анын манжа издери түнкү клубда ок чыгарган адамдыкына туура келгенин губернатор кошумчалады.

“Анадолу” мамлекеттик агенттиги шектүү киши Стамбулдун Эсенйурт районунда дүйшөмбүнүн түнүндө кармалганын жазды.

39 адамдын өмүрүн алган бул чагымчыл кол салууга “Ислам мамлекети” террордук тобу жоопкерчиликти алган эле. Түрк расмийлери шектүү адамды “төрт тилде сүйлөй алган, билимдүү террорист” деп аташты.

XS
SM
MD
LG