Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:55

Бишкектен 10 тоннадан ашуун гумжардам чогулду


Гумжардам чогултуу
Гумжардам чогултуу

Авиакырсыкка байланыштуу Бишкек шаарында уюштурулган кабыл алуу түйүндөрүндө 10 тоннадан ашуун гуманитардык жардам чогултулду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, 18-январь, саат 11ге карата кийим-кече жана төшөнчүлөр тогуз тоннадан ашты. 350 кг макарон, 135 л суу май, 1 тонна ун, 80 л суу, 30 кг ар түрдүү азык-түлүк, 10 кг жуунучу каражаттар топтолду.

Бишкекте жана башка аймактарда активисттер бир канча кабыл алуу түйүндөрүн ачышкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги баш калаада жана Ош шаарында жардамдарды кабыл алууда. Өкмөт жабыркагандарга банктан атайын эсеп ачкан. Андан тышкары мекеме-ишканалар бир күндүк айлык акыларды которуп жатышат.

Алматыдан да активисттер азык-түлүк, буюмдарды чогултууда.

16-январда эртең менен саат жети жарымдар чамасында Боинг-747-400 үлгүсүндөгу жүк учагы Гонконгдон Стамбулга баратып, Бишкектеги “Манас” аэропортуна жакын Дача айылына кулаган. Кыштактагы ондогон үйлөр кыйраган. Маалыматка караганда, учак май алмаштыруу үчүн конууга аракет кылып жатканда кырсыкка кабылган.

Каза болгондордун төртөө экипаж мүчөлөрү, калгандары айыл тургундары. Көз жумгандар арасында балдар да бар. (SE)

XS
SM
MD
LG