Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:57

С. Багышбеков: Өлүм жазасын Ак үй көтөрүп жатат


“Эркиндик үнү” корунун өкүлү Сардар Багышбеков Кыргызстанда акыйкат сот жоктугуна байланыштуу өлүм жазасын колдонууга мүмкүн эмес деп эсептейт.

- Жогорку Кеңештин комитети, Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын өлүм жазасын алып салууга багытталган экинчи факультативдик протоколуна жарандык-саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактыга Кыргызстандын кошулушу жөнүндөгү мыйзам долбоорун кубаттады. Эми бүгүн аны “Ак жол” фракциясы карайт. Кыргызстанда өлүм жазасы Конституция менен алынып салынганына карабастан соңку учурларда кайрадан көтөрүлүп атат. Сиздин оюңузча эмне себептен өлүм жазасын кайра киргизүү маселеси көтөрүлүп жатат?

- Негизинен айтканда бүгүнкү күндө өлүм жазасын кайра кайтаруу демилгеси Ак үйдөн жана атайын кызматтагы чиновниктерден чыгып жатат. Алар өлкөдө кылмыштуулук өсүп, экстремисттик жана радикалдык кыймылдар күчөп атат деп негиздешет. Бирок мен айтып кетким келет, биринчиден, мында түздөн-түз байланыш жок, башкача айтканда кылмыштуулук жана экстремисттик аракеттерге каршы жазаны катуулатуу менен күрөшүү эч пайдасыз.

СНБ башчысы сунуш кылгандай, кылмышкерлерди алып чыгып элдин астында атып жазалоо уюштурган эч кандай проблеманы чечпейт. Экинчиден, акыркы учурда бийлик көп эле спекуляция кылып атат экстремизм менен күрөшүү деп. Биринчиден, менин оюмча экстремизм деген түшүнүктү аныктап алуу керек. Анткени Кыргызстанда гана эмес Америка, Орусияда бир эле проблема болуп атат. Экстремизм, терроризм менен күрөшүү деген чакырыктын алдында биздин укуктарды тартып алуу коркунучу бар.

Үчүнчүдөн, менин оюмча эң башкысы бул өлкөдө азырынча акыйкат сот жок болгондуктан, соттун жаңылыштык мүмкүнчүлүгү өтө жогору. Бул шартта өлүм жазасын колдонууга таптакыр мүмкүн эмес. Анткени биз Кыргызстан эли соттун бүгүнкү күнү бийликке жаккан, бийлик каалаган чечим чыгарарын билип туруп, мамлекетке биздин тагдырыбызды чечүүгө расмий укукту кантип беребиз.

Азыркы парламентте, сиз айтып кеткендей, экинчи протокол каралып атат. Бул протоколду Жогорку Кеңеш кабыл алып, президент кол койсо, ушул ишке каршы чыккан сунуштар азаймак деп ойлойм. Ушул протоколду кабыл алып Кыргызстан БУУнун артынан эле эмес, дүйнөнүн мамлекеттеринин алдында өлүм жазасына каршы экенин билдирмек.

- Алдыда конституциялык реформа болушу мүмкүн деп айтып атышат. Ушунун шары менен Конституцияда өлүм жазасы кайра алынып салынып, кылмыштын кай кайсы бир түрлөрү үчүн өлүм жазасы кириши мүмкүнбү?

- Андай мүмкүнчүлүк, андай коркунуч бар. Ошон үчүн коомчулук ага каршы чыгып атат. Адам укугун коргоочулар, адвокаттар андай сунуштарга каршы. Болгон аракеттин баарын кылабыз андай сунуштар, долбоорлор өтпөгөнгө. Анткени 15 жылдан бери коомчулук, укук коргоочулар изилдеп иштеп, натыйжада өлүм жазасы Конституциядан чыгарылган.

Анан эки жыл өткөндөн кийин эле кайра эле ошол реформаны өткөрүп, кайра өлүм жазаны мыйзамга киргизгени туура эмес деп ойлойм. Бирок андай мүмкүнчүлүк бар. Анткени азыркы парламенттин көбүнчөсү “Ак жол” менен Коммунисттик партиянын президент, атайын кызматтар сунуш кылган долбоорлорду өткөрүп коюшу мүмкүн.

- Маегиңизге чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG