Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:19

Мамлекеттик кеңештин карааны


Жогорку Кеңеш бүгүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окулушунда кабыл алды. Аталган долбоордун эң маанилүү жаңылыгы - 52-беренеге сунушталган толуктоодо президент милдетин убактылуу аткаруучу адамды Мамлекеттик кеңеш аныктайт деп жазылган. (салыштырма таблицаны караңыз).

Долбоорго киргизилген башкы өзгөртүү – президент ишке жөндөмсүз болуп калган учурда анын милдетин убактылуу аткара турган адамды аныктоо тартиби жөнүндө болууда. (Салыштырма таблицаны караңыз).

Азыркы иштеп жаткан Конституцияда президенттин убактылуу милдетин Жогорку Кеңештин төрагасы, ал аткара албай калган учурда премьер-министр аткарат деп жазылган. Муну долбоордун демилгечилери коллегиалдуу чечим болбой калат деп эсептеп, президенттин милдетин аткаруучуну Президенттик кеңешме аныкташы керек деп чечкен. Бирок бул жобо Конституциялык Сотто колдоо таппай калгандыктан, Конституциялык мыйзамдуулук комитети экинчи жолку кароосунда бул милдетти Мамлекеттик кеңеш карайт деген сунуш киргизген.

52-беренеге сунушталган өзгөртүүлөр мыйзам долбоорунда төмөнкүдөй жазылган:

"Ушул Конституцияда көрсөтүлгөн себептер боюнча Президент өзүнүн ыйгарым укуктарын аткара албай калган учурда жаңы Президент шайланганга чейин анын ыйгарым укуктарын курамында Жогорку Кеңештин Төрагасы, Премьер-министр жана Президенттик кеңешменин мүчөлөрү кирген мына ушул максатта гана үч күндүн ичинде чакырылган Мамлекеттик кеңеш аныктаган адам аткарат. Президенттин ыйгарым укуктарын аткара турган адамды аныктоо жөнүндө чечим Мамлекеттик кеңеш тарабынан Мамлекеттик кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Жаңы Президентти шайлоо Президенттин ыйгарым укуктары токтотулган учурдан тартып үч айлык мөөнөттөн кечиктирилбей өткөрүлүүгө тийиш".

Мындай өзгөртүүгө караманча каршы чыккан тарап парламенттеги социал-демократтар фракциясы болууда. Сессиядагы талкууда фракция мүчөсү Кодуранова министрге мындай суроо берди:

- 2006-жылы президент жардыгы менен түзүп, жобосун бекиткен Мамлекеттик Кеңеш эмне болот? Ал дагы мамлекеттик маанилүү маселелерди чечет, ал дагы зарылчылыкка жараша чогулат. Ал эмне Мамлекеттик Кеңеш 1. Мамлекеттик кеңеш 2 болобу? Ал жок кылына элек да.

Министр Курмантай Абдиевдин бул суроого берген жообуна караганда мурунку Мамлекеттик Кеңештин тагдыры Конституцияга өзгөртүүлөр кабыл алынгандан кийин чечилет. Дээринде дегеле экөө бири-бирине тоскоол болбойт, убактылуу президентти дайындай турган Мамлекеттик Кеңеш эң эле зарыл учурда, президенттин милдетин аткаруучуну аныктоо үчүн чогулат деп билдирди.

Социал-демократтарды президенттин милдетин аткаруучуну дайындай турган Мамкеңештин курамы да канагаттандырган жок. Долбоордо анын курамына Жогорку Кеңештин төрагасы. Премьер-министр жана Президенттик Кенешменин мүчөлөрү кирет деп көрсөтүлгөн.

Депутат Дамира Ниязалиева Президенттик кеңешменин мүчөлөрүн толук Конституцияга жазууга чакырды. Ал эми фракция башчысы Роза Отунбаева долбоордун авторлорун Президенттик кеңешме менен Мамлекеттик кеңеш бири-бирине коендой окшош түзүм экендигин эске алууга чакырды.

- Биз бул берененин Конституцияга киргизилишинин актуалдуулугун, чукул зарылдыгын түшүнгөн жокпуз. Бул элде ар кандай пикирлерди, жоромолдорду жаратып атат. Зарылчылык эмнеде, бул мамлекеттик башкаруудагы эң бийик артыкчылыкпы?-деп сүйлөдү Р Отунбаева.

Ошентип биринчи окулушундагы талкууга караганда, президенттин милдетин аткаруучуну аныктай турган Мамлекеттик кеңеш эмнеге таянып иш алып барары, Конституция кабыл алынгандан кийин такталмай болду.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG