Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:08

С. Жумагулов: Мельникоффдун чырынан Кыргыз-Америка алакасы бузулбайт


Cүрөтчү Сергей Мельникоффдун чырына байланыштуу "Азаттык" менен Президенттин Катчылыгынын эксперттик-талдоо кызматынын башчысы Султан Жумагулов ой бөлүштү.

- Мельникоффдун фотокөргөзмөсүн өткөрүүгө парламенттеги фракциялардын каршы чыгышы канчалык жөндүү? Кандай деп ойлойсуз?

- Мен туура деп эсептейм. Биринчиден, бул окуя Кыргызстан үчүн, албетте, жаңылыштык болду. Мен эки гана нерсени белгилегим келет. Бул окуя чыккандан кийин биз иликтеп көрдүк. Мельниковдун өзүнүн жеке сайтында Кыргызстан жөнүндө бир катар сүрөттөр жүргөн экен. Ошонун ичинде кыргыз президентинин тоонун фонунда түшкөн бир сүрөтү да бар экен, ушул эмгек президенттин кабинетинин биринде илинип турат деп айтылган экен. Бул мындайча айтканда жалган, апыртма болуп калган.

Биринчиден, ал сүрөт президенттин жана резиденциянын бир дагы иш бөлмөсүндө жок. Экинчиден, албетте, мындай адамдарды чакырууда адегенде экспертизадан өткөрүп ар тараптан иликтеп көрөт да. Мельников, албетте, өзүнүн жеке ою бар адам. Бирок ал Орусияга каршы өтө ачуу сөздөрү менен белгилүү. Ошол эле кезде Кыргызстан Орусия менен шериктеш болуп жүрөт. Мына ушул жагынан алганда кичине саясат жагынан жакшылап изилдеп туруп анан жол ачыш керек эле.

- Султан мырза, сиз саясат жагын алдыңыз. Сөз эркиндигичи. Мисал үчүн бир нече жыл мурун эсиңиздерге болсо керек, Батыштын бир катар гезиттерине Мухаммед пайгамбардын карикатуралары, же шакабалаган сүрөттөр басылып чыккан эле. Мусулмандардын нааразылыгына карабай Батыш өкмөттөрү аларга тыюу салуу сөз эркиндигин бузууга тете болот деп ырастап келишкен эле. Ушул көргөзмөгө тыюу салуу сөз эркиндигине тоскоолдук катары кабылданышы мүмкүнбү?

- Бул маселенин, албетте, эки тарабы бар. Муну салмактап көрүш керек. Эркиндик болуш керек, сөз жок. Бирок ошол эле кезде Кыргызстандын азыркы акыбалын, анын башка мамлекеттер менен, биринчи кезекте Орусия менен шериктештик, стратегиялык мамилесин эске алганда, ошол тарап басымдуулук кылып кетет.

- Орус-кыргыз мамилелерин сактайбыз деп жатып, Америка менен болгон алакага залакасы тийбейби. Мельников Американын жараны эмеспи?

- Мельникофф сүрөтчү, ал Американын чиновниги, саясатчысы эмес. Ошол Мельникоффго байланыштуу эле кыргыз-америка мамилеси бузулат деп ойлогонго негиз жок.

- Маданият агенттигинин башчысы Султан Раевдин кызматтан алынышы ушул окуяга байланыштуубу?

- Мен ал тууралуу комментарий бере албайт экемин. Анткени менин кызматым башка. Анан менин комментарий бергеним орунсуз болуп калат.

XS
SM
MD
LG