Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Алайдан президентке акыркы кайрылуу


И. Исаковду коргоо комитетинин мүчөлөрү
И. Исаковду коргоо комитетинин мүчөлөрү

Алайдагы Исмаил Исаковду коргоо комитети мамлекет башчысы Курманбек Бакиевге акыркы ирет Кайрылуу жолдоду. Анда оппозициячыл саясатчыларды токтоосуз бошотуу, президенттин уулу Максим Бакиевге эки күн ичинде өлкөдөн чыгып кетүү талабы коюлган. Ошондой эле үй-бүлөлүк башкаруу режимине ыңгай жараткандыгы үчүн К. Бакиевге кызматын мөөнөтүнөн мурда тапшыруу жагы сунуш этилген. “Азаттык” үналгысынын айрым аймактарда жабылышына бийлик ачык көмөктөшүп жаткандыгы кескин сындалган.

Мурдагы кооопсуздук Кеңешинин катчысы Исмаил Исаковду коргоо боюнча Алайдагы комитет кечээги отурумунан кийин мамлекет башчысы Курманбек Бакиевге акыркы ирет Кайрылуу жолдоду.

Комитеттин алтымыш мүчөсү жердештеринин атынан өнүктүрүү Фондунун жетекчиси, президенттин уулу Максим Бакиевге эки күн ичинде, тактап айтканда, 15-мартка чейин, өлкөдөн чыгып кетүү шартын коюшту. Аталган комитеттин төрагасы Айтпай Жээналиев мунун себебин төмөнкүчө чечмеледи:

- Элди итке мингизген ушул Максим Бакиев болуп атат. Мунун кыркыз калкына кыянатчылыгы таптакыр кечиримсиз. Кыргыздын байлыгы жана акчасы агылып чет өлкөлөргө кетүүдө. Ошонун бардыгына күнөөлүү ушул Максим Бакиев. Ал Кыргызстанда жашап, иштеп турганда кыргыздарга эч качан жакшылык кылбайт!

Мындан тышкары Кайрылууда ак жеринен камалган мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маңзатка каршы күрөшүү бөлүмүнүн мурунку башчысы Алмазбек Эргешбаев, ошондой эле Петровка жана Балыкчы окуялары боюнча жүйөөсүз айыпталгандар токтоосуз бошотулбаса, Максим Бакиевге кошуп атасын да мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетирүү талабы айтылды.

- Атасы (президент Курманбек Бакиев – ред.) Бакиев эгерде үй-бүлөлүк башкаруусун токтотпосо, саясий куугунтукту токтотпосо, карандай калпты ышкыртып элди көз көрүнөө алдаганын токтотпосо, анда бийликтен токтоосуз түрдө кетсин! - деди уюмдун мүчөлөрүнүн атынан комитеттин төрагасы Айтпай Жээналиев.

Ал ортодо жыйындын катышуучулары “Азаттык” үналгысынын айрым аймактарда жабылышына кабатырлангандыгын билдиришти.

- Аксакалдык сөзүмдү айтпасам болбостур. “Азаттык” радиосу азыркы замандын калыс, адилет үнү эле. Эми ушуну жапса, азыркы бийликтин абийиринин кеткени. Бүтүн дүйнөгө шерменде болгону. Бул бийлик бүтүндөй Кыргызстанды акыры жүрүп еврейлергеби, орустаргабы сатып, жок кыла турган болуп калды, - деп тызылдады ардагер Ороз Мусаев.

Ал эми Абдыкалык Үсөнов акыркы окуяларды таптакыр чагылдырбаган өкмөтчүл массалык маалымат каражаттарына жердештери нааразы экендигин жашырган жок.

- КТР жана ЭлТР жалгыз гана адамдын бийлигинин ырын ырдап калды. Мына, жер-жерлерде “Азаттык” үналгысынын уктурууларын жаап атыптыр. Бул чындап келгенде – кылмыш! Мындай калпыс саясат бүгүн токтотулбаса, кыргыз эли эркиндигинен сөзсүз ажырайт, - деп чырылдады Абдыкалык Үсөнов.

Кепти улаган интеллигенция өкүлү Турдукан Жусуева чынчыл маалыматтын таңкыстыгынан улам өлкөдө башаламандык өкүм сүрүүсү ыктымалдыгын эскертти:

- Акылы жок бийлик чындыкты жайылткан “Азаттык” үналгысын бүгүнкүдөй ылдамдыкта өчүрсө, эл азыр ушунчалык кыжыры кайнап турат, анда жумуриятты жалаң ушак-айың ээлеп, анын аркасынан тополоң башталат.

Кайрадан сөзгө кошулган комитеттин төрагасы Айтпай Жээналиев буларга токтолду:

- Кыргыз элине, бүт дүйнөгө болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып аткан ушул “Азаттык” радиосу гана. Анан ушул үналгыдан да ажырасак, анда биз, карапайым калк, каякка барып муңубузду айтабыз? Кимге барып жарылып сүйлөйбүз? Чындыкты ким таркатат? Ошонлдуктан, биз, алайлыктар, Исмаил Исаковду кандай коргосок, “Азаттык” радиосун да ошондой кылып коргойбуз!

Айтпай Жээналиев ырасташынча, Алайда “Азаттык” үналгысын коргоо комитети уюшулуп ишке киришти, ошондой эле үналгыны өлкөнүн бардык аймактарында уктуруу талабы президентке Кайрылууда баса белгиленди.

Ошентип, президент Бакиевге жолдонгон акыркы Кайрылуудагы төрт талап 15-мартка дейре аткарылбаса, анда мүдөөлөрүн жүзөгө ашыруу максатында Исмаил Исаковдун таламдаштары жөө жана атчан жүрүш, андан ары бийликке баш ийбөө акцияларын башташаарын жарыя кылышты.

Бирок райондун акими Алмазбек Осмонов сегиз жылга кесилген Исмаил Исаковдун таламдаштарынын башкы суранычы тиешелүү жетекчилерге жеткирилгендигин айтып, ал эми калган талаптарын ультитматум катары сыпаттады.

- “Азаттык” радиосунун уктурулбай калышы белгилүү себептен уламдыр. Мен аныгын билбегенден кийин так айта албаймын. Бирок мен деле “Азаттыкты” колдоймун. Ошентсе да, комитет же башка түзүп эме кылыштын кажети жок деп эсептейм. Муну ошол мыйзам чегинде сүйлөшүү аркылуу чечсе болот деп ойлойм, - деди маектешибиз Алмазбек Осмонов.

"Азаттыктын" архивинен: Алай эли акыйкат чечим күтөт

Алай эли акыйкат чечим күтөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:38 0:00

XS
SM
MD
LG