Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:58

Өзбекстан: бозгундагы оппозиция лидеринин иниси абактан чыкты


 Мухаммад Бекжан (ортодо).
Мухаммад Бекжан (ортодо).

18 жылдан бери абакта отурган журналист, 63 жаштагы Мухаммад Бекжан 22-февралда түрмөдөн чыкты. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматына анын жакындары билдиришкен. Мухаммад Бекжан 2011-жылы абактан чыгаарына бир ай калганда кошумча айыптар коюлуп, жаза мөөнөтү 4 жыл 8 айга узартылган. Бул мөөнөт аяктап, Мухаммад Бекжан Заравшандагы абактан чыкты.

Мухаммад Бекжан Өзбекстандын оппозициялык партиясынын лидери Мухаммад Солихтин иниси жана “Эрк” гезитинин баш редактору болгону үчүн узак мөөнөттүк абакка кесилгенин укук коргоочулар айтып келишкен. Ал 1999-жылдагы Ташкендеги жардыруулар боюнча айыпталган. (AiT)

XS
SM
MD
LG