Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:11

Сузакта жол каракчылары катары беш адам кармалды

  • Ырысбай Абдыраимов

Бүгүн Сузак районунда 150- 200дөй тургуну нааразылык акциясына чыгышты. Сузак айыл өкмөтүнүн алдына топтолгон аялдар тартип коргоо уюмдары кармаган адамдарды бошотууну талап кылышты. Райондук прокурордун орунбасары Талант Аккозуев аялдар чыгарууну талап кылган адамдардын тагдырын сот чечерин билдирди

Сузак айыл өкмөтүнүн алдына топтолгон адамдар өз балдары менен күйөөлөрүнүн кармалганына нааразы болушту. Алар бир нече күндөн бери убактылуу кармоо жайында турган адамдарды бошотууну талап кылышты. Чогулгандардын арасында турган Давлатхан аттуу аял абактагы атасынан кабар алганы барган уулунун да кармалганы менен макул эмес.

Аталган айылда жашаган Абдуваитовдордун үй-жайы мыйзамсыз тинтүүгө алынган. Хамидахан Абдуваитованын ушинтип айтышынча, анын курал–жарагы жок бир туугандары бейшемби күндөн бери убактылоо кармоо жайында турат. Ал ага-иниси менен жээнинин артынан аңдуу түшүп, кармалганын туура көргөн жок:

- Менин акамды, үкамды кармап алып алдыбызда аябай урду.

Тынчтыкты кааларын билдирген Марфуза Нурдинова камалгандар чыгарылбаса, айыл өкмөттүн алдына топтолгон аялдар толугу менен жекшемби күнкү добуш берүүгө да катышпай тургандыгын кыйытты:

- Өзбек калкы референдумга кошулбайбыз, бизге тынччылык керек.

Азадахан Мамажанованын курал-жарак алып жүрүүгө мыйзамдык укугу бар уулу Кахрамон Мамажанов да кармалган. Ал үч күндөн бери көрө элек баласынын ур-токмокко кабылып, көзү-башы шишигенине ичи ачышканын билдирди:

- Баламды көргөн жокмун. Уруп-токмоктоптур. Документи болгондон кийин аны эмнеге кармайт.

Гүлнара Мойдинова нааразылыкка чыккан адамдардан бийлик өкүлдөрү кабар албаганына капа болду:

- Чоңдорубуздан эч ким жок. Өкмөттү биз кайдан табабыз. Өзбектерге келин болгом мен өзүм. Балдарын чыгарып берсин.

Сузак айылындагы трансформаторду оңдоп бүтүп, ошо күнү Бишкекке үй-бүлөсү менен кайтып бараткан Кутман Мукашевге Топурак-Бел ашуусунун жанында башына ок тийген. Окуянын күбөсү болуп, жарадар күйөөсүн карап олтурган Карамат Абдурасулова “ Ош – Бишкек” жолунан өткөндөргө 13- июнда кол салгандар курал- жаракты кайдан алганын жана аны кимдер бергенин териштирүүнү сунуш кылды:

- Эч бир милиция кызматкери жок экен. Биз жолдо машинеде кетип атканда курал алган көп эл чыкты. Мылтыгы, балтасы деле бар, ташы деле бар, анан көбүндө бычак бар. Токтотушту, анан кандай болду билбейм, келип эле ортого алып талкалашып баштады, мен эки неберемдин үстүнө жатып калдым. Анан сүйрөп чыгып, биринчи чөнтөк телефондорубузду, анан машинадагы акча тыйындардын баарын алды. Өзбек туугандарда аябай курал көп экен, өз көзүм менен көрдүм. Буларга куралды ким берди?

Сузак айыл өкмөтүнүн алдында митинг өткөргөн адамдардын талаптары туура эмес. Алар Ош- Бишкек жолунун Сузак айылына караштуу Топурак-Бел ашуусунда 13-июнда болгон ок атышууга тиешеси бар адамдардын жакындары. Ошол окуяны иликтеген тергөө тобунун башчысы, райондук прокурордун орунбасары Талант Аккозуевдин түшүндүрмөсүнө караганда окуяга шектүү деп кармалган адамдарды бошотуу-бошотпоо маселеси сот тарабынан чечилет. Референдумга катышуу же барбоо ар бир адамдын өз укугу, деп жооп узатты Сузак районунун прокурорунун орунбасары Талант Аккозуев:

- Бишкек-Ош автожолунун 564-километринде адам өлтүрүү, адамдардын жеке буюмдарын өрттөп жок кылуу жана автомашиналарын жок кылуу фактылары боюнча кылмыш иш козголуп тергелүүдө. Ошол иш боюнча 5 адам кармалып, аларга киши өлтүрүү, каракчылык, адамдардын мүлкүн атайлап жок кылуу статьялары боюнча айыптары угузулуп, баш бөгөт коюу чарасы катары камакка алууну алып, азыркы убакта тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Референдумга барбайбыз эгерде адамдарды чыгарбасаңар деген талаптары туура эмес. Референдумга бара турган ар бир адамдын укугу. Ал эми бул жерде кылмыш иш туурасында болуп атат. Кылмыш иш тергөө органдары тарабынан тергелип, ар бир адамдын аракетине жараша сот чечим чыгарыш керек.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG