Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:16

Т. Акеров: Исаковдун кылмыш ишинде саясат көп


Cаясатчы Табылды Акеров өлкөдөгү коомдук саясий кырдаал азыркыдай чыр-чатактар, куугунтуктар менен коштолуп чыңалып жүрүп отурса, 2005-жылдагы март окуяларынын кайталанышына алып келет деп белгилейт.

- Бүгүн оппозиция лидерлеринин бири Исмаил Исаковдун соту аягына чыгат, өткөн акыркы соттук жараянда айыптоочулар аны 8 жылга эркинен ажыратууну сурашкан. Ошол эле учурда аны генералдык чининен ажыратып, аны менен кошо үй мүлкүн да конфискациялоону сурабады беле. Адвокаттар болсо Исаковго коюлган айыптар далилденбегенин айтып атышат. Бүгүн чечим чыгып калса, кимдин пайдасына чыгышы мүмкүн сиздин оюңузча?

- Менимче бул жерде И.Исаковдун коомдогу аброюн айта турган болсок, ал Апсамат Масалиев, Абдыганы Эркебаевдин катарында эки бийликтин тең учурунда өзүн таза адам катары алып жүргөндүгү белгилүү. Ошондуктан бул каралоо экенин же соттогу иштин саясий жагы басымдуу экенин көрсөтүп турат. Бүгүнкү сотто менимче мынчалык деңгээлде болбойт болуш керек. Бирок шарттуу түрдө болсо дагы кандайдыр бир чечим кабыл алынат, 2-3 жылбы, саясатка аралаштырбоо аракетинде.

- Айрым пикирлер боюнча азыр оппозиция лидерлерин куугунтуктап бийлик кырдаалды ан сайын курчутуп атат деп айтып атышат?

- Акыркы шайлоодон кийин, мисалы, Балыкчыда көп адамдар камалды, мына И.Исаков боюнча иш жүрүп атат, Жекшенкулов боюнча да иштер болду. Мунун баары тең көпчүлүгүндө саясий негизде болуп жатат. Элди коркутуп, сүр берип атышат бийлик тарабынан. Себеби келерки президенттик шайлоолор бул бийлик алмашуу менен жүрөт.

Кыргызстанда бийлик алмашуу Орусия же Америка өлкөлөрүнүн Кыргызстанга болгон мамилесине жараша да болуп кетиши мүмкүн. Бул 2005-жылы көрсөтүлдү. Ал эми азыркы күндө Орусия Кыргызстандын саясатына анча канаттанбай келатат. Ошого байланыштуу коомдо контролго алуу үчүн тартипти бекемдеп, же мыйзамдын негизинде коркутуп, 2005-жылкы окуялар кайталанып кетпеш үчүн атуулдарга сүр көрсөтүү аракети болуп жатат десек болот.

- Бирок элди коркутуп-үркүтүү тескерисинче чыңалууну жаратканы 2005-жылы белгилүү болбоду беле?

- Ооба, эгерде ушундай негизде кете берсе акыры барып, 2005-жылкы окуялар кайталанып кетиши ыктамал. Себеби акыркы жылдары Владимир Путин Орусияга кайрадан президенттикке шайланышы, же шайлоого барышы көрүнүп жатат. Орусияда бийликке келген адам ар бир КМШ өлкөлөрүндөгү саясатчылардын кимиси менен иштегиси келет, ошого байланыштуу да болот. Бул СССР учурунан бери келаткан окуялар.

- Чоң рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG