Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:57

Т. Сариев: Мамлекеттик кеңеш баарын баш аламан кылат


“Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев “Азаттыктын” таңкы түз ободогу маегинде Баш мыйзамды жаңылоонун зарылчылдыгы жок деп бидирди. Анын көз карашында, Мамлекеттик кеңеш түзүү аракеттери мамлекеттик башкаруунун баш аламандыкка гана алып келет.

- Сиз кечээ бейөкмөт уюмдардын жыйынында Баш мыйзамды өзгөртүүгө байланыштуу азыркы бийликтин аракетинен улам бийликтин легитимдүүлүгү суроо туудурат деп билдирдиңиз. Бирок бийлик өкүлдөрү, маселен Жогорку Кеңештин азыркы төрагасы Зайнидин Курманов президент Курманбек Бакиев Конституциядагы өз ыйгарым укуктарынан пайдаланып жатат, ал өзүнө баш ийген институттарды түзүп жое алат деп билдирди эле. Буга кандай карайсыз?

- Ооба, легитимдүүлүк деген латын сөзүнөн алынганда бул мыйзамдуулук деген түшүнү, мыйзам ченинде болуш керек баардыгы деген. Бүгүнкү Конституцияны өзгөртүү боюнча эч кандай зарылчылык жок. Конституцияда эгерде президент кандайдыр бир шарттар менен өз милдетин аткаралбай калган учурда кандай болору так, ачык жазылган.

Ал эми Мамлекеттик кеңеш түзөм деп атканы, бул баш аламандык кылам деп атканы. Ал жерде тогуздан ашык адам болот экен. Макул бүгүн ага президенттин баласы кирет экен, дагы өзүнө жаккан кишилер кирет экен. Алардын ою башка болуп калып, анан тогуз киши кырылышып талашып калсачы. Биз тобокелге салып атпайбызбы, бир бир жагы.

Экинчи жагы, бүгүн Конституцияны өзгөртүүнүн бир гана максаты бар - президент өзүнүн ыйгарым укуктарын кеңейтип атат. Мына Конституцияга өзгөртүү кире элек, бирок ал өзүнүн астында бир топ мамлекеттик органдарды түзүп алып, ошолор аркылуу чечим кабыл алып атат.

Биз айттык эки өкмөт болуп калды, бирөө Борбордук агенттик Максим Бакиев башкарган, экинчиси - Данияр Үсөнов. Биринчиси чечим кабыл алат, акчаларды сарптайт, экинчиси Д.Үсөновдун өкмөтү биринчи М.Бакиевдин кылган иштерине жооп гана берет.

- Кечээ Бейөкмөт жана коомерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын жетекчиси Токтайым Үмөталиева Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы кол топтолорун, эл аралык коомчулукка кайрылуу болоорун билдирди эле. Сиздер да бул демилгени колдоп жатасыздарбы?

- Кечээ күнү тегерек үстөлдөгү жыйындын резолюциясы кабыл алынды. Ошондо жазылган кайрылуу бар элге. Биринчиден, президент өзүнүн сунушун кайра чакырып алышы керек. Жогорку Кеңеш андайды кабыл албаш керек. Бул биздин мыйзамга да, Конституцияга да туура эмес келет.

Экинчиден, бей өкмөт уюмдары ушундай демилгени баштады, бул бир гана Конституция боюнча эмес, жогорулатылган тарифтерди кайра калыбына келтирүү боюнча. Ушуга окшогон азыр демилгелер чыгып атат.

Мына Нарында болгонун көрбөдүңөрбү, эгер буга чейин 5 киши чогулса эле оппозиция чогулуп атат дешчү эле, азыр болсо мугалимдер, врачтар, бюджетте иштегендер бир жарым миңге чейин адам чогулуп, 10 күндүк мөөнөт берип отурушат, тарифтерди кайра ордуна коюп бергин, бизге жеңилдиктерди бергин деп. Ушуга окшогон көп маселелер бар. Күн жылыган сайын бул күчөй берет.

- Бүгүн сиздердин партиянын саясий кеңеши жыйынга чогулганы жаткан экен. Анда кандай маселелерге токтолгону жатасыздар?

- Саясий кеңеште биз учурдагы маселени, андан кийин “Ак шумкар” партиясынын кыймыл аракеттерин карайбыз. Бул улам-улам өтүп турган мыйзам ченемдүү жыйын. Ошонун ичинде биз бүгүнкү кырдаалга өз оюбузду айтып, анан иш-чараларыбызды аныктап тактап алабыз.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG