Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:21

Т.Сариев: "Ак шумкар" өз жолу менен кетет


“Ак шумкар” партиясы оппозициядагы башка күчтөр менен биригүүгө умтулбайт, өз жолу менен кетет. Бул жөнүндө “Азаттыкка” аталган партиянын төрагасы Темир Сариев билдирди.

- Партиянын бүгүн боло турган жыйынында өлкөдөгү саясий кырдаал талкууланат деп айтылган экен. Сиз өзүңүз бүгүнкү саясий кырдаалга кандай баа берет элеңиз?

- Бүгүнкү саясий кырдаал оңой эмес. Президенттик шайлоодон кийин жаңы саясий талаа ачылды, элдин үмүтү, күтүүсү чоң. Ошого жараша иш-аракеттер болуш керек эле. Бирок көп нерселер кечеңдеп атат. Анын үстүнө шайлоонун астында атаандаш болуп чыккан талапкерлердин бардыгы өздөрүнүн программасын айткан, эгер мен президент болуп шайлансам мындай иш-аракеттерди кылам деп. Мына биз бүгүн саясий учурга баа бергенде ушунун тегерегинде сөз кылабыз.

-“Ак шумкар” саясий партиясы президенттик шайлоодон мурда оппозициялык бириккен кыймылдын курамында болгону белгилүү. Кайрадан оппозиция менен биригүү болушу мүмкүнбү?

- Саясий партиялардын өздөрүнүн программасы бар, “Ак шумкар” партиясынын да өзүнүн астына койгон максаттары, тилектери, иштеп чыккан программасы, элге сунуштаган багыттары бар. Ал багыттар президенттик шайлоодо абдан катуу колдоого алынды. Биз өзүбүз күйөрман болуп, бизди жактаган адамдарды көп көрдүк. Ошон үчүн өз багытыбызда иштей беребиз.

Ал эми башка партиялардын өз алдында турган максаттары бар, ошолордун негизинде иштешет. Жалпы биригүү жөнүндө мен айта албайм азыр. Анткени эң чоң саясий окуяга “Ак шумкар” партиясы өз алдынча барган. Мен ойлойм, биз ушул багытта калабыз, партиянын мүчөлөрүнүн багыттары дагы, ойлору да ушундай деп ойлойм.

- Акыркы жылдары кыргызстандык бийликке оппозиция болуп жүргөн саясатчылардын сырт жактарга кетүүсү күчөй баштады. Муну менен оппозиция алсызданып, бийлик каалагандай бийлеп калат дегендерге кошуласызбы?

- Тилекке каршы, бийлик бүгүн көп мыйзамсыз иш-чараларга барып атат. Муну биз ачык эле айтып аатбыз. Шайлоодон кийин ыңгайлуу шарт түзүлүп турат. Биз баары бир ар бирибиз Кыргызстандын атуулу болгондон кийин элдин, мамлекеттин келечегин терең ойлонуп, жоопкерчиликти терең сезе билишибиз керек. Мына ушуга карата ар ким өз кыймыл аракетин жасаш керек. Биринчилерден болуп муну бийлик жасаш керек. Буз ушуну дагы бүгүн талкууга алып, ушунун тегерегинде сөз кылабыз.

-Темир мырза, сизге чоң рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG