Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:01

Кулаган "Боинг" автоматтык жол менен конууга аракет кылган


16-январда “Боинг-747-400” жүк учагы "Манас" аба майданынын жанындагы Дача айылына кулап, 39 адам көз жумган.
16-январда “Боинг-747-400” жүк учагы "Манас" аба майданынын жанындагы Дача айылына кулап, 39 адам көз жумган.

Бул тууралуу кырсыктын себептерин иликтеген мамлекет аралык комиссиянын төрагасы Леонид Каширский маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, кырсык болгон учурда “Манас” аэропортундагы тумандан улам 400 метрге чейинки аралыкты көрүүгө мүмкүндүк болгон.

Каширский учактагы 85 тонна жүк менен менен Гонконгдон Стамбулга түз учуп барууга мүмкүн эмес экенин, ошондуктан Бишкектен май коюу зарыл болгонун кошумчалады.

Ошондой эле комиссия мүчөлөрү учак кырсыгынын себептерин иликтөөнүн жыйынтыгы төрт айдан алты айга созуларын билдиришти.

16-январда “Боинг-747-400” жүк учагы "Манас" аба майданынын жанындагы Дача айылына кулап, 39 адам көз жумган. (BkA)

XS
SM
MD
LG