Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:30

Конституциянын өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген жаңы долбоору ушул күндөрү коомчулуктун кызуу талкуусуна алынып жаткан чагы. Бүгүн Баш мыйзамдын жаңы редакциясын саясий партиялардын парламенти талкуулады.


Баш мыйзамдын жаңы долбооруна ылайык, жалпы эл тарабынан беш жылга гана шайланган президент парламенттик көпчүлүктү түзгөн партия өкүлүн өкмөт башчысына, ошондой эле министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындайт. Парламентке келген партиялардын бирөө да өкмөт түзө албаса, анда президент парламентти таратуу укугуна ээ. Ошол эле учурда мамлекет башчы Конституцияда көрсөтүлбөгөн кызматтарды түзө албайт жана өкмөттүн ишине түздөн-түз кийлигишүүгө акысы жок.

“Ар-Намыс” партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев кайсы бир партия шайлоодо 50 % ала албай калган учурда партиялар ортосунда коалиция түзүү маселесин Баш мыйзамга киргизүүнү сунуштады.

- Биздин оюбузча ошол кезде партиялар сүйлөшүп коалиция түзүп, 50 пайыздан ашык алып туруп өкмөттү түзүп иштегенге мүмкүнчүлүк болуш керек деген маселесин көтөрүп жатабыз. Мындан сырткары партиялык тизмелерде ар бир үчүнчү талапкер аял киши, 30 кем эмес жаштар, 20 пайыздан кем эмес башка улуттун өкүлү болушу керек.

Конституциянын жаңы долбооруна ылайык сот иштери боюнча улуттук кеңеш мурдагысындай калтырылган жана ал жогорку жана жергиликтүү сотторду сунуштап, аны президент дайындайт. Президент сунушталган талапкерди четке кага албайт жана үч күндүн ичинде тиешелүү буйрук чыгарылбаса, ал автоматтык түрдө дайындалып кала берет. Ал эми Жогорку Сотко сунушталган талапкер Жогорку Кеңеш аркылуу дайындалат.

Эмил Алиевдин пикиринде бул система өзгөртүлүшү керек:

- Биз президенттин ыйгарым укуктарын кыскартабыз деп туруп сотторду бүт президенттин колуна өткөрүп берип атабыз. Бул принциптер түшүнүксүз болуп атат. Биздин оюбузча Конституциялык Сот өзүнчө, Арбитраждык Сот өзүнчө, Жогорку Сот өзүнчө болуш керек.

Мындан сырткары бүгүнкү талкууда саясий партиялардын айрым өкүлдөрү республиканын аталышын өзгөртүү керектигине токтолушту. Алырдын бири “Партиясыздардын партиясы” партиясынын мүчөсү Арслан Малиев Кыргызстанды "Кыргыз жери" деп атоону сунуштады.

- “Стан” деген сөз бизге такыр туура келбейт. Бул Афганистан, Пакистан, Өзбекстан, Күрдистан, Тажикстан деген мамлекеттерди туюндурат. Биз Кыргыз жери, жок дегенде Кыргыз Республикасы деп аташыбыз керек.

Кыргызстанда парламентке толук партиялык тизме боюнча шайлоо 2007-жылы, Бакиев бийлигинин тушунда кабыл алынган. Жыйынтыгында мурдагы президент Курманбек Бакиев түзгөн “Ак Жол” партиясы көпчүлүк добушту алды делип, 90 депутаттын жетимиши экиси ушул партиядан келген. Ал эми Убактылуу өкмөт сунуштап жаткан Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда мындай монополия болбойт.

Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин мүчөсү, авторлордун бири Эркин Алымбеков 29-апрелде саясий партиялардын парламентинин талкуусунда билдирди:

- “Ак Жолдун” таз кейпине келбеш үчүн парламентке көп добуш алса да бир партия 55 пайыздан ашык депутаттык мандат албайт деген жобо киргизилип жатат.

Э.Алымбековдун айтымында, бул Баш мыйзамда белгиленген 120 депутаттын 65тен көп эмес орунун бир партия ээлейт дегендик. Көз карандысыз эксперт Шерадил Бактыгулов жеңүүчү партия парламентте 50-55 пайыз ээлейт деген менен ал чындыгында сан жагынан алганда ашып кетет деген оюн айтты. Анын баамында, бул долбоордо жарандардын саясий-социалдык укугу жаатта көп деле өзгөрүү жок:

- Жарандардын укуктары ошондой эле калган. Өзгөчөлүктөр бар, киргизилген. Бирок жетиштүү эмес. Мисалы социалдык-саясий укуктар чындыгында жазылган деле эмес. Мамлекеттик башкаруу системасы кантип иштейт, ал да белгисиз болуп атат.

Ушул эле күнү Убактылуу өкмөт башчынын орун басары Өмүрбек Текебаев башында турган жумушчу топ да Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкууга алды. Маалыматка ылайык Конституциялык кеңешменин графиги иштелип, жер-жерлерге таркатылып берилген. Ага ылайык айылдарда да түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG