Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:18

Шайлоо шаблону


Оппозиция шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп жатат
Оппозиция шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп жатат

Президенттик шайлоонун нааразылыктары гезиттердин башкы темасы бойдон калууда.

“Кыргыз туусу” гезити “Ысык-Көл алгачкы жолу алты өлкөнүн башчыларын күтөт”, “Соттор чындыктан коркпойбу?” ж.б. аталыштагы баш темалар менен жаңы санын ачты.

Гезиттин үчүнчү бетинде КМШнын байкоочулар миссиясынын башчысы Сергей Лебедев “Биз Кыргызстанда шайлоо процессин уюштуруудагы кадиксиз прогрессти байкадык, ал шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү менен шартталып турат. Андан тышкары, байкоочулардын арасында саясый партиялардын өкүлдөрү да болгондугу жагымдуу көрүнүш” деп баа бергенин окууга болот. Ушул эле бетте Кыргызстандын президенти болуп кайра шайланган К. Бакиевди Казакстандын президенти Н. Назарбаевдин, Тажикстандын президенти Э. Рахмондун, Өзбекстандын президенти И. Каримовдун куттуктоолору басылган.

Гезит кабарчысы Марип Тайчабаровдун “Эл калыс бүтүмүн чыгарды” деген макаласында Курманбек Бакиев шайлоочулардын 76,12 пайыз добушун алып, кандай артыкчылыктар менен жеңип чыкканын санаган. “Бир артыкчылыгы – Бакиев өлкө турмушун банкроттук абалдан өнүгүү жолуна салганын, таланган, өндүрүшү токтогон, эл аралык саясатта кадыры кеткен өлкөнү өнүгүү жолуна түшкөн мамлекетке айландырганы, экинчи артыкчылыгы- үгүт иштеринде түндүк-түштүктү түрө кыдырып, эл менен бетме-бет жолукканы, үчүнчү артыкчылыгы –Атамбаев менен Назаралиев “талапкерлигибизди алдык” деп байкоочуларын чыгарып кетишкенден кийин аларды колдой турган айрым шайлоочулар “жигит болуп аягына чейин күрөшпөйбү?” деп жиндери келип Бакиевге добуш бергени, төртүнчү артыкчылыгы – Бакиевге аз добуш берип калсак уят деген аксакалдардын чакырыгы шайлоо багытын Бакиевди колдоо нугуна буруп жибергени болду” деп жазып чыкты.

Гезитке ошондой эле “Түз күзгүгө каранган пайдалуу же кеңеш берсең аягына чейин өзүң ачык бол” аттуу Боршайкомдун басма сөз кызматынын баяны, ЕККУ миссиясынын башчысы Радмила Шекеринскага шайлоокомдун төрагасы Дамир Лисовскийдин каты, КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаровдун “Эртеңкибиз жакшы, келечегибиз кең болоруна ишенемин” деген маеги жарыяланды. Ал маегинде: “Мурда биз башка өлкөлөргө конокко барганды жакшы көрүп, бирок конок тосконго шарт түзгөнгө аракет кылбаганыбызды, 2005-жылы бийликте башкаруу өзгөргөндөн кийин аракет башталганын, Чолпон-Атада мамлекеттик резиденцияга 4 коттедж курулганын, эски асфальттар алынып, брусчаткалар төшөлгөнүн, саммит учурунда Ысык-Көл дүйнөлүк коомчулуктун көңүл борборунда болорун” айтып берген.

“Назар” гезити бул санындагы негизги макалаларын болуп өткөн шайлоого арнаган. Журналист Үсөн Касыбековдун макаласы “Шайлоодон кийинки саясый кризис же баягы эле таз кейпти кийгенде” деп аталып, “кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү Бакиевдин кланы орноткон хандык режимге өнтөлөп кетпеси айкындыгын, коомдун ичинде олуттуу жарака кеткендигин, жиктелүү бул жолу түндүк-түштүк чегинде эмес, чиновниктик бюрократия менен карапайым калктын ортосунда жүрүп жатканын, шайлоодо Бакиев элге, элдин ишенимине эмес, жасакер аткаминерлердин аппаратына таянарын айкын көргөздү” деп мүнөздөгөн.

Ушул эле автор дагы бир макаласын “Атамбаев менен Назаралиевдин демаршы” деп атап, “Бул экөө шайлоо аяктаарына 4 жарым сааттай калганда талапкерлигин алып салуу менен одоно ката кетиришкенин, экөөнүн бул пиар-жүрүшү иш жүзүндө фиаскодон башка эч кандай саясый майнап алып бербесин моюнга алууга туура келет” деп жазды.

“Шайлоо эмес “жайлоо” болду”, “Страна без президента”, “Депутат Кадыров камакта сабалды”, “СДПК партиясы менен БШКнын маалыматтары”, “Эл шайладыбы же бийлик жайладыбы?”, “29-июлдан тарта митингдер башталат”.

“Эл сөзү” гезити 1-бетин мына ушундай аталыштагы темалар менен ачты. Гезиттин башкы редактору Рыскелди Момбековдун “Өткөн шайлоо өкүнтөт айла барбы, өкүнгөндө же табаар пайда барбы?” деген рубрика алдында баяндамасы, президенттикке талапкер болушкан Атамбаев менен Назаралиевдин биргелешкен билдирүүсү басылган.

“Кыргызстандын президентин шайлоо ЕККУнун негизги стандарттарына төп келген жок”. Мына ушундай билдирүүнү аталган уюмдун өкүлү Радмила Шекеринска айым атайын маалымат жыйынында шардана кылганы далилдер менен мисалга алынган. Гезит андан ары А. Атамбаевдин “Азаттык” үналгысына берген маегин көчүрүп баскан. Ошондой эле “312 Kg.Ru” маалымат булагы менен маектешкен Ж. Hазаралиевдин айткандарын тартуулаган.

“Эми мындан ары кандай болот?” деген суроого Ж. Hазаралиев:” Бизде шайлоону мыйзамсыз деп эсептөөгө жетиштүү далилдер бар. Демек өлкө президентсиз калды. Андыктан Бакиевдин мындан аркы чечимдери мыйзамдуу боло алабы деген суроо туулат. Мындай абалдан чыгуунун бир гана жолу – кайра шайлоо өткөрүү болуп саналат. Эгер андай болбосо анархия башталат. Эл каалабаган президент- мыйзамсыз президент” деп жооп берген. Кабарчынын: “Сиздердин бул кадамыңыздарга Бакиев кандай аракет кылат деп ойлойсуз?” дегенине ал: “Анын бийлиги көбүккө окшоп калды. Анын туура жолу кайра шайлоого гана барышы керек. Ошондо гана жүзүн сактап кала алат” деп айтты.

Ушул эле санда А. Атамбаевдин Маскөөнүн “Эхо Москвы” радиостанциясына берген маеги да бар.
XS
SM
MD
LG