Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:49

Томас Дэшл: Кыргызстанда демократия тамыр жайганын көрдүм


АКШнын Улуттук демократия институтунун төрага орунбасары, көп жылдар Америка Сенатында демократтардын лидери болуп келген Томас Дэшл Кыргызстандагы демократиянын келечегинен үмүтү чоң экенин билдирди. Дэшл мырза ушул тапта Бишкекте иш сапары менен жүрөт.

“Азаттык”: Кыргызстанга кош келипсиз, сенатор мырза. Бул сиздин Бишкекке экинчи жолку келишиңиз экен. Бу жолкусунда өлкөдөгү абал сизге кандай таасир калтырды?

Томас Дэшл: Рахмат, бу жолку сапарыма абдан канааттанып турам. Телеканалдардан Кыргызстандагы окуялар тууралуу кабарларды көрүп, ар кандай макалаларды окуп, абдан тынчсыздануу менен келдим эле. Аларда айтылгандай, Кыргызстандагы бейстабилдүүлүк, белгисиздик чегине жетип калгандай туюлган. Бирок мына азыр саясий лидерлер менен жолугушуп, көп нерсени көрүп, жеринде жагдай менен таанышкан соң, Кыргызстанда демократия тамыр жайып баратканын көрдүм. Референдум ийгиликтүү өтүптүр. Ага катышкан элдин саны өтө жогору болуптур. Жакшы аракеттер көрүлүп атыптыр, албетте, чыныгы демократияга дагы узак жол бар. Коррупцияны ооздукташ керек. Улуттар аралык мамилени жакшыртуу жагын аяр карап чыгуу зарыл. Кыргызстанда бир топ кадамдар жасалыптыр, ушунун баары менде чоң үмүт жандандырды.

“Азаттык”: Буга чейин сиз азыр иштеп жаткан АКШнын Улуттук демократиялык институту Кыргызстандагы демократияны бекемдөөгө салым кошуп келатат. Мындан ары кайсыл башкы багыттарды тандап алууну ойлоп жатасыздар?

Томас Дэшл: Менимче, биринчи кезекте жарандык коомду демократия куруудагы башкы өнөктөш катары колдоону улантышыбыз керек. Коомдогу айкындуулукту өркүндөтүп, демократиялык институттарды бекемдеп, шайлоо жараянын калыс уюштуруу жолдорун жайылтууга дилгирбиз. Алдыдагы парламенттик шайлоого байкоо салабыз. Добуш берүүнүн ачык, айкын болушун камсыздоого жардам көргөзөбүз.

“Азаттык”: Ошентсе да, өзүңүз деле угуп-билип жатсаңыз керек, кырдаалды азыр жөнөкөй деп айтуу кыйын. Кыргыз өкмөтү, президент Роза Отунбаева да кээ бир жергиликтүү коомдук уюмдар тарабынан катуу сынга алынып жатат. Айрым укук коргоочулар Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болушса, дагы бирөөлөрү коркутуп-үркүтүүлөр болуп атканын айтып жатышат. Кырдаалдын ушундай татаал болушуна эмнелер себеп болууда деп ойлойсуз?

Томас Дэшл: Мындай учурда элдин талабы, таламы дайыма өтө жогору болот. Бул боло жүргөн иш. АКШда деле кайсы бир саясатчы президенттик кызматка келгенде, элдин үмүтү абдан чоң болуп, ар кандай себептерден улам анын баары ишке ашпай калган учурлар болуп эле келатат. Кыргызстанда айтылып жаткан сын пикирлердин көбү негиздүү экенин моюнга алуу керек. Көйгөйлөр арбын. Убактылуу өкмөт алардын баарын бир күндө чечиши керек деп күткөндүн өзү туура болбос. Алар бийликке келгенине кыска гана убакыт болду. Убакытлуу өкмөт мүчөлөрү арасында түрдүү көз караштагылар барбы? Сөзсүз. Уюштуруу, башкаруу органдарын түзүүдө проблемалар барбы? Сөзсүз. Бирок булар октябрда туруктуу иштей турган өкмөткө чейин аткаруу бийлигин өз мойнуна алып, оор жүктү аркалап жатканын эстен чыгарбашыбыз керек. Сабырдуулук, кызматташтык, эл аралык коомчулуктун колдоосу зарыл.

“Азаттык”: Убактылуу өкмөт үчүн азыр чоң проблемалардын бири улуттар аралык мамиле. Жергиликтүү өзбектер, башка улуттук азчылыктын өкүлдөрү коопсуздук, стабилдүүлүк маселелерине тынчсызданып, Кыргызстанда бейкапар жашоо сүрүүгө ишеничи азайып баратканын айтышууда. Өкмөткө ушул маселени чечүү жагынан кандай сунуш айтаар элеңиз?

Томас Дэшл: Бир катар чечкиндүү кадамдар жасалышы керек. Калк арасында көңүл калуу маанайы бар, ошон үчүн азыр өтө чечкиндүү аракет көрүү зарыл. Өлкөдө коопсуздукту колгоо алуу – ушу тапта баарынан маанилүү. Кыргызстанда эл ишене турган полиция, тартип коргоо органдарынын ишин камсыздап, буга чейин болгон коогалуу окуяларды абдан дыкат талдай турган эл аралык көз карандысыз иликтөө жүргүзүлсө ал да жардам болушу мүмкүн. Ал иликтөөгө бардык тараптар, бардык улут өкүлдөрү катышып, алардын билдирүү-маалыматтары ортодогу араздашууну андан ары курчутпай тургандай болушуна көңүл буруу зарыл. Октябрдагы шайлоодо элдин бардык катмары катышып, добуш берүү адилеттүү өтсө кыргыз бийликтерине ишенич бекемдеп, андан кийин туруктуу иштей турган өкмөт, парламент жана башка бийлик бутактарынын ырааттуу ишмердигине пайдубал түптөлөт. Менин Кыргызстандын келечегинен үмүтүм чоң.

“Азаттык”: Чоң рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG