Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:09

АКШнын өкмөтү Баткенде терроризмге каршы күрөшүү боюнча аскердик окуу борборун ача тургандыгы жөнүндө маалымат тарады. АКШнын Орто Азиядагы геосаясатынын оош-кыйыштары жөнүндө аскер иштери боюнча адис Токтогул Какчекеевдин ой-пикирин сурадык.

- АКШнын өкмөтү Баткенде терроризмге каршы күрөшүү боюнча аскердик окуу борборун ачаары кабарланууда. Буга чейин Токмокто “Чаян” деп аталган элиталык аскердик бөлүк үчүн толук жабдуулары менен атайын жай куруп берген болчу. АКШнын мындай жардамы Кыргызстандын коопсуздугуна канчалык салымын кошот?

- Бул эки тараптык аскерий келишимдин негизинде курулуп атат. Бул Кыргызстанга берилген гранттардын негизинде курулуп атат, бекер бул жерде эч нерсе болгон жери жок. Машыгуу борборлорду Коргоо министрлигине, Ички иштер министрлигине куруп бергендиги баарыбызга абзел. Бул үчүн эч кандай эч ким кабатыр болбошу керек. Бул биздин аскердин машыгуу, анан мындайча айтканда түштүктө келечекте боло турган көрүнүштөргө карата даярдык көрүп аткан борборлор болуп эсептелет, муну окуу жай деп койсок болот.

Мунун эч кандай кыйынчылыгы жок. Бирок экинчи жагын караш керек. Мына азыр биз айтып атабыз, коопсуздук, тынчтык, мамлекеттүүлүк деп. Биздин мамлекетчиликтин бүгүнкүгө чейин өнүгүп тынч абалда келатканы жеке эле АКШнын машыгуу борбору эмес, жеке эле Американын бизди карыздар кылган 2 млрд. доллары эмес. Бул жерде биз Жамааттык Коопсуздук Келишимине мүчө болгондуктан Тажикстандагыдай коогалуу иш Кыргызстанда болгон жок. Мына ушул жагын эсептеш керек.

- АКШнын Баткенде террорчулукка каршы аскердик окуу борбору ачылса, Жамааттык Коопсуздук Келишим уюмунун Кыргызстанга карата мамилеси бузулбайбы. Себеби Орусия түштүктө аскерий базасын жайгаштыруу боюнча меморандумга кол койбоду беле?

- Бул биз өзүбүздү өтө бийик, чоң, күчтүү мамлекеттерге салыштырып алып, биз кокуй тиги жакка барсак тигилер таарынат, бул жакка барсак булар таарынат деген сөздү айтып атабыз. Мамлекеттер эч качан андай нерсеге таарынбайт. Анткени биз ал килейген чоң, киттей болгон мамлекеттин арасында майда чабакпыз, алардын көзүнө да илинбейбиз.

Бирок биздин каада-салтыбыз тиягы тигинтет, биягы минтет деп соодалашкан саясий сүткорчул маселелер, биздин кендирибизди кесип атат. Эмне үчүн андай таарынчка барып калышы ыктымал, анткени Американын Орто Азиядагы геосаясатынын бүгүнкү күндөгү биринчи кызыкчылыгы болуп атат. Муну Бжезинский, Киссинджер деген билермандар мурунку убакта эле жазып кеткен. Ошондо Уралдан баштап Владивостокко чейин Орто Азияны сүрөттөп кетет.

Булар жапайы, улутчул, динчил, карама-каршылыктар 400 жыл мурун жаралган, ошонун баары бүгүнкү күндө күчөп баратат деген сөздү айтып атышат. Муну эмне деп түшүнсөк болот. Бул деген Орто Азиянын эли дайыма бири-биринин кокосун бычак менен кыйганга, кескенге, бири-бирин басмырлаганга барат деген сөздү айтып атат. Ошол тынччылыкты орнотуш үчүн америкалыктар бизге келбейт. Алар керек болсо бул жердеги транзиттик борборду кармап, Ооганстан, Пакистандагы урушту басабыз деп, а чынында урушту алоолонтуп баратканын биз көрүп отурабыз.

- Иранда Кыргызстандын учагынан террорчу Абдулмалик Риги кармалганын айтып, Кыргызстандагы АКШнын аба базасы терорчуларды даярдайт, деп айыптап чыкты. Келечекте АКШ базасына байланыштуу Иран Кыргызстанга кыр көрсөтпөйбү?

- Иран Кыргызстанга кыр көрсөтпөйт. Эгер Иран Кыргызстанга кыр көрсөткүсү келгенде, биздин учакты токтотуп жерге кондурганда, ал жердеги жүргүнчүлөрдүн баарын сыртка чыгарып туруп, ичине өтө күчтүү жарылгыч заттарды салып туруп, биздинби, же Американын базасынбы, каалаган объектини талкалап кеткенге мүмкүнчүлүгү бар болчу.

Иран андан тышкары өзүнүн ишин аткарып, кечирим сурап, учака майын куюп, жолго салып койгондугу бул Ирандын бизге жакшы мамилеси бар экенин көрсөтүп атат. Иран бул чоң исламдык мамлекет. Ал биздин Кыргызстандын кыйналып, ары жак-бери жакка чаржайыт иштеп атканыбызды байкап билип турат. Ошондуктан Иран бизге каршылык, же кандайдыр бир каршы иш жасабайт.

- Рахмат маегиңизге.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG