Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Эсеп палатасы: ТИМде уурдоо болгон эмес


Биринчи май райондук сотунда экс-министр А.Жекшенкуловдун иши боюнча Эсеп палатасынын өкүлү сотто көрсөтмө берип, ТИМде тендер өткөрбөстөн мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүлгөнү менен ага пайдаланган каражаттарды уурдоо болбогондугун билдирди.

Аликбек Жекшенкулов тышкы иштер министри кызматынан түшкөндөн кийин ага Кытайдын жардамы менен министрликтин имаратында жүргүзүлгөн ремонт учурунда Кытай өндүрүшүнөн чыккан жука каалгаларды калың каалгаларга алмаштырып, казынага 690 миң сомдук зыян келтирген деген кине менен кылмыш иши козголгон болчу.

Мына ошол Кытай гранты боюнча маселени учурунда текшерүү жүргүзгөн Эсеп палатасынын инспектору Сагын Атаев сотто көрсөтмө берип, ошол учурда министрлик «Мамлекеттик сатып алуу» жөнүндө мыйзамды гана бузгандыгын айтты.

-Мыйзамга ылайык министрлик мамлекеттик сатып алуу боюнча тендер өткөрүшү керек болчу. Тилекке каршы, тендер өткөрбөй сатып алууларды жүргүзгөн. Алар Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жакындап калгандыктан Тышкы иштер министрлигинин имаратын тез арада оңдоо керектигинен ушундай ишке барышканын айтып, тендер өткөрүлбөй калды дешкен. Андан башка мыйзам бузуулар деле болгон эмес.

Мамлекеттик айыптоочу прокурор Эсеп палатасынын өкүлүнөн «грант катары бөлүнгөн каражаттар уурдалган беле?»-деген суроо узатканда, инспектор Сагын Атаев каражаттар туура пайдаланылгандыгын, эч кандай уурдоолор болбогондугун айтып жооп берди. Ал ошондой эле бул маселе боюнча текшерүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекетке зыян келтирилбегендиги тууралуу актыда жазылгандыгын белгиледи.

Ошондой эле Аликбек Жекшенкуловго карата дагы бир кылмыш иши козголуп, анда анын белекке алган тапанчасынан Таласта түрк ишкери Сербет Четинди атып өлтүрүлгөн делип айып тагылып, 9-мартта камакка алынган. Беш айдан ашуун улуттук коопсуздук комитетинин убактылуу кармоочу жайында камакта жаткан.

Ага карата баш коргоо чарасы өзгөртүлүп август айынан бери үй камагында. Бул ишке байланыштуу Таластан төрт күбө келбей калгандыгына байланыштуу соттук териштирүү 26-ноябрга жылдырылды.

Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев экс-министр Аликбек Жекшенкуловго карата козголгон кылмыш иши тууралуу буларды айтты.

-Биз аны айыпкер катары тартып жатканыбыз менен аны кылмышка түздөн-түз катыштыгы бар деген жокбуз. А кылмыш
кылынган курал белек катары берилген Жекшенкулов мырзага таандык болгондуктан айып коюп жатабыз..

“Акыйкат үчүн” кыймылдын координатору Аликбек 2004-жылы өкмөттүн токтому менен өлкөнүн тышкы коопсуздугуна сиңирген эмгеги үчүн “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча менен сыйланган.

Ал тапанчадан Сервет Четин атып өлтүрүлгөн деген шек менен быйыл жазында Аликбек Жекшенкуловго "Киши өлтүрүүгө катышы бар” жана “Курал-жаракты башка бирөөгө мыйзамсыз пайдаланууга берген” деген эки берене менен айып тагылган.

Ушул жылдын март айында соттук-баллисттикалык экспертиза бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Павел Берхтольд кылмыш болгон жерде табылган тапанчанын эки гилзасы Жекшенкуловдун тапанчасына таандык экенин айтып, “Жыйынтык так, күмөн саноо бар болсо, экспертизанын жыйынтыгын каалаган башка мамлекетке алып барып текшертсе болот”, - деген.

Маалыматтарга караганда, бул тапанчаны Москвадагы соттук-баллисттикалык экспертизадан өктөрүп келүү үчүн Ички иштер министрлиги Жекшенкуловдон ири көлөмдөгү акча талап кылышкан. Бирок А.Жекшенкулов акчасы жоктугун айтып алардын сунушунан баш тарткан.

Экс-спикер жана коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев бул ишти бийликтин “саясий заказы” деп эсептейт.


-Менин көз карашымда бул-саясий гана иш. Саясий заказ. Анткени Аликбек Жекшенкулов оппозицияга келгенден кийин Коомдук парламент түзгөнгө активдүү катышып, оппозициялык күчтөрдүн биригишине активдүү киришкендердин бири болгон. Ал БЭКти түзүүгө дагы аткивдүү катышкан. Мына ошондон кийин кысым көрсөтүлүп, кылмыш иштери козголуп жатпайбы.

Мурда маалымдалгандай, Аликбек Жекшенкулов Тышкы иштер министри кызматынан кеткенден кийин оппозицияга кошулуп, саясий активдүүлүгүн көрсөтө баштаганда анын уулу Беккул Жекшенкуловго жана бир тууган иниси мурда Балыкчы шаарында вице-мэри Таалайбек Медеркуловго каршы кылмыш иштери козголуп, анын жакын тууганы, УКМКнын мурдагы жетекчиси Калык Иманкулов суракка алынган.

XS
SM
MD
LG