Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:57

Түркияда президент Эрдоган тууралуу көркөм фильм тартылды


“Башчы” деп аталган тасманын бет ачары 26-февралда Түркия президенти Рэжеп Тайып Эрдогандын туулган күнүнө карата көрсөтүлдү. Фильм президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө багытталган референдумдун алдында элге чыгарылууда. Тасма жалпы өлкө боюнча 3-марттан тарта көрсөтүлө баштайт.

Түрк лидеринин ролун тасмада белгилүү актер Реха Бейоглу ойнойт. Анда Режэп Эрдогандын 1999-жылга чейинки өмүрү баяндалат. Тасманын режиссеру Худаверды Явуз чыгармасы үгүт эмес экенин белгилеп, тасманын жаралышына президент Эрдогандын катышы жоктугун билдирүүдө.

Түркияда Башмыйзамды өзгөртүү боюнча референдум 16-апрелде болот. Анда парламенттик система президенттик системага алмаштырылып, мамлекет башчысына жарлыктарды чыгарууга, чукул кырдаал киргизүүгө, министрлерди дайындоого жана парламентти таратууга укук берет. Конституциялык реформага каршылар мындан Эрдоган чексиз бийликке ээ болот деп чочулашууда.

XS
SM
MD
LG