Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:50

“Азаттыктын” Бишкек студиясында уюштурулган тегерек үстөл талкуусунда мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковду 8 жылга эркинен ажыраткан сот чечими жана анын акталышын талап кылып жаткан жактоочулардын каршылык акцияларында коюлган талаптар жөнүндө сөз жүрдү.

Талкууга катышкандар:



Роза Отунбаева


Жогорку Кеңештин
СДП фракциясынын
лидери



Улан Жуманаев

саясат таануучу,
“Жарандык коом”
программасынын
жетекчиси







Ажыбай Калмаматов

“Ак жол” фракциясынын мүчөсү,
ЖКнын Конституциялык мыйзамдуулук,
мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары
боюнча комитетинин мүчөсү


Алып барган

Аманбек Жапаров




“Азаттык”: - Адегенде генерал Исмаил Исаковдун айланасында болуп жаткан окуяларга карата депутат Ажыбай Калмаматовдун биз жаздырып келген пикирин угуп, анан талкуубузду баштасак.

Ажыбай Калмаматов: - Мен өз көз карашымды айтып берейин. Бул жерде Исмаил Исаковдун иши боюнча саясий боек сүртүп, же болбосо ошону саясий оор окуяга айландырыштын кереги жок. Бул жерде, мен дагы бир айтып коеюн. Жакын арада эле Алай өрөөнүнүн жаштары, аксакалдары чогулуп туруп штаб түзөлү бул кишини коргоого, ага жардам берүүгө деген маалда дагы ошол жерге оппозициячылар барышыптыр Бекназаров баш болуп.

Алардын ою ошол жерде кичине май куйулса, ошол жерде өрттөнсө. Алардын ою боюнча экинчи Аксы окуясы кайталаныш керек. Ошондон булар ырахат алышат. Алардын башка жумушу жок, мен ачык эле айтам.

Алардын ою - ошол жерде май куйулса, ошол жерде өрттөнсө. Алардын ою боюнча экинчи Аксы окуясы кайталаныш керек. Ошондон булар ырахат алышат.

А. Калмаматов
Элге башын сайып, же И.Исаковдой болуп түз элге чыга турган алардын эч шарты жок. Көбүнүн арты булганычтуу, жеген-ичкендери бар. Анан бүгүнкү күндө аппак болуп оппозицияга келип отуруп калышат.

Эртең аларга бийлик бере турган болсо, бизден өтүп алдыда чапкылап бийликти мактап, бийликтин камчысын чаба беришет. Ал оппозициячыларда уят да жок. Элдин атынан элдин убактылуу кыжырын көтөрүп туруп, булар саясий упай тапсак деген гана ойлору бар.

“Азаттык”: - Роза айым, генерал Исмаил Исаковго байланыштуу ишке расмий жообу, кесиптешиңиз Ажыбай Калмаматовдун пикириндей эле. И.Исаковдун ишин Бишкек гарнизондук аскер соту канчалык деңгээлде мыйзамдын алкагында карады? Бул маселени саясатка айлантуунун канчалык кажети бар?

Роза Отунбаева: - Исмаил Исаковдун иши бул нукура саясий буйрук. Бул жөнүндө Кыргызстанда эч кимде күмөн жок. Мейли оппозицияны алалы, мейли бийликте, өкмөттө, бюджеттик уюмдарда иштегендердин баарында эле ушундай көз караш. Мен таң калам дале Калмаматов сүйлөп, сын берип атканына.

Өткөндө эле ушинтип мен Жогорку Кеңеште трибунадан сүйлөсөм, ошол замат аркаман ыргып чыгып, "Мына мен күнүгө телефондон кабарлашып атам, баары тынч Алайда. Силер эле керосин куюп атасыңар" деп бийликке жагынып сүйлөгөнү маалым. Мен Алайга барганда элге айтып бергем, мына ушинтип силер менен күнүгө сүйлөшүп атыптыр, тынч экен бул жерде, эч кимдин деле кабатыры жок экен деди десем, ошол жерден эл катуу айтты, депутат болгондон бери али келелек экен да ошол жакка, келсинчи, кайсы бети менен келет экен дегенге чейин айтышты.

Мен айтып коет элем, Калмаматовго радио аркылуу, өзү жок тилекке каршы. Калмаматов билсин, Азимбек Бекназаров ошол жакка али жете элек, ошол жеткен күнү ошондо гана сүйлөшөбүз. Азимбек Бекназаровду сындап, булганыч сөздөрдү айтканын токтотсун.

“Азаттык”: - Улан мырза, мына эки тарапты тең уктуңуз, саясат таануучу катары бул маселеге калыс баа берсеңиз?

Улан Жуманаев: - Калыс баа берсем, бул генерал Исаковдун иши кылмыш иши, чынын айтсам прецеденттүү болуп атат. Менин оюмча, өкмөт, бийлик тарабынан эмнегедир кош стандарттуу мамиле болуп атат. Биринчиден, бул жерде юрист болуп деле кереги жок. Көрүп атабыз Исаков өз убагында ошол квартираны офицерге бериптир. Ошол эле Коргоо министрлигинде иштеп аткан офицерге берилиптир, квартирасы жок экен. Адамча деле түшүнүп бергендир, бул жерде чоң деле кылмыш иши болгон эмес.

Бул жерде балким, орусча айтканда какие-то были нарушения. Бирок ушунча 8 жыл берип, анан генералдык наамын алуу бул аша чапкандык деп ойлойм. Бул жерде юридикалык билимдин кереги жок. Менин көп эле юрист досторум менен сүйлөшсөм, баары айтып атат бул аша чапкандык деп.

Чынын айтканда ар кимдин уяты болуш керек. Ошол эле жакында ички иштер министри Конгантиев боюнча бир иш болбодубу. Петровкадагы чатактан кийин РОВДнын начальнигин алып койгондон кийин аны кайра Бишкектеги ИИБ начальнигинин орунбасарлыгына койгону, бул чынын айтсам чоң олуттуу мыйзам бузуу болду. Бирок ага жөн эле сөгүш берип койду.

Эми ушул жерден эл көрүп атат да, кыжыры келип атат. Мен түшүнөт элем, эгер чын эле ушул бийлик акыркы жылдарда баардык эле коррупционерди түрмөгө камап, катуу болуп атса, анда бир жөн. Бирок чындыгын айтсам, бир жылдын ичинде көргөн жокмун, бирөөнө 3-4 жыл, мейли экс-министрби, же кызматтагы министрге жаза бергенин. МЧСтин эле иштери болуп атат. Бирок Исаковго ушундай катуу чара көргөнү, калыс айтканда саясий заказ деп мен да ойлойм.

“Азаттык”: - Роза айым, Исмаил Исаковдун тарапкерлери Бишкекте жана Сопу-Коргондо жыйырма күндөн ашуун ачкачылык акциясын өткөрдү. Укуктуу мамлекеттерде мындай акцияга бийлик тарабынан кандай көңүл бурулат? Эл шайлаган парламент депутаттары ачкачылык акциясына маани бериштиби?

Роза Отунбаева: - Цивилизациялык жана варвардык же жапайы коом бар. Ушундай жапайы коомдо жашап атабыз. Адамдын өмүрү бир тыйын да башкача айтканда. Азыр бийлик өзүнүн деңгээлин көрсөтүп атат, көз жумуп, эч нерсе болбогондой карап атат. Мына биз мурдагы күнү сурадык эле, азыр өлүм жазасын алган адамдардын бир күндүк жашоосу 50 сом экен. Аларга боорубуз ачыбасын, макул, алар катуу кылмыш жасаптыр.

Ачкачылык боюнча бир да тыйын кенеген жок, өлүп калсаңар өлө бер деген мааниде өтүп атат.

Р. Отунбаева
Дегеле бизде Кыргызстанда адамдардын турмушуна баа берилеби, же жокпу? Мына бүгүн тарифтер канчалык өстү, жапырт өсүп атпайбы, электр энергия, жылуулук, ысык суу, уюлдук телефондорго. Ушунун баарын элге жүктөп атпайбы азыркы өкмөт. Ачкачылык деп атасыз, ачкачылык боюнча бир да тыйын кенеген жок, өлүп калсаңар өлө бер деген мааниде өтүп атат.

Мунун баарын эл аралык уюмдар карап атат, көрүп атат. Абдан катуу таң калып атышат алар. Биздин коомубуздун, биздин бийликтин деңгээлин булар сынап, чалкасынан кетип атат.

“Азаттык”: - Улан мырза, укуктук мамлекетте ушундай акцияларга кандай маани берилет?

Улан Жуманаев: - Ачкачылык жарыялоо бул эң чоң акция болуп эсептелинет. Адамдар жөн жерден ачкачылыкка барбайт. Албетте, башка цивилизациялуу өлкөлөрдө ачкачылык жарыяланса, бул мамлекеттик деңгээлде чоң жаңылык болуп эсептелет. Ошол эле ачкачылык кармап аткандар боюнча эмне үчүн маалымат бербейт.

Бир киши болсо дагы ачкачылык кармап атат. Ошону көрсөтүш керек, эл билиш керек. Муну жаап, көрсөтпөгөнү, бул эмнегедир мамлекеттин эл аралык коомчулукта өзүнүн алган милдетин аткарбагандык, мамлекеттин адамдын өмүрүнө баа бербегендиги деп эсептейм.

“Азаттык”: - И.Исаковго байланыштуу маселе укуктук алкакта каралыш керек деп Ажыбай Калмаматов айтты эле. Ошого көңүл бурсак.

Ажыбай Калмаматов: - Бул күндө карапайым эл оппозициянын, же бир ууч журт бузарлардын сөзүнө кирип эле көчгө чыккандан эч нерсе чыкпайт. Көчөгө чыгып, пикет жасап, жолду тосуп, үй тигип жасаган аракеттер 2006-07-жылдары өзүнүн жыйынтыгын көрсөткөн.

Бүгүнкү күндө укуктук талаага келишибиз керек, жөнөкөй сүйлөшүшүбүз керек. Анан атты минип алып, камчыны чапкылагандан эч нерсе чыкпайт. Бул баягы укуктук талаа деп айтпадымбы. Сүйлөшүү жолу менен кадимкидей биздин аттуу-баштуу аксакалдар да илгертен эле масилетке келип чечип келишкен.

Анан камчы чапкандан эч нерсе өзгөрбөйт, тескерисинче оор иштер болуп кетиши мүмкүн. Ал жерден карапайым эл эч кандай пайда таппайт. Кыйналган карапайым эл болот, бери жактагы оппозиция төбөлдөр колун чаап коюп, дагы эмне болот экен деп күлүп коюп тура беришет.

Ошондуктан элге айтаарым, бүгүнкү күндө, сөзгө келиш керек. Эми Жогорку Сотко кайрылса болот. Ошондой эле элдин атынан бизге Жогорку Кеңешке кат жазса болот. Кат жазгандан киийн биз каттын негизинде кайрылабыз. Анан ал кишинин өзүнүн кайрылуусу жок бүгүнкү күндө. Ал киши өзүнүн адвокаттары менен иш жүргүзүп атат.

Андан башка шарты болсо бизге кайрылып, эл кайрылабы, же башка адамдарбы, же адвокаты кайрылабы, биз ар кандай убакытта колубуздан келген жардамды берүүгө даярбыз. Бул боюнча бүгүнкү күндө бир дагы кат да алган жокмун, кайрылуу да болгон жок. Мен аким менен да сүйлөшүп атам.

Ошол Сопу-Коргондун өзүндөгү балдар менен да, аттуу-баштуу аксакалдары менен да сүйлөшүп атам. Бир күндө болбосо да, үч күндө бирден телефондон байланышып турам шарт, абал кандай деп. Андан тышкары Алай районунунан, өзүмдүн туугандарым болгондуктан туугандардан дагы маалымат алып турам.

Бул жерде эки жактан - бийлик жактан дагы, карапайым калктан дагы маалыматты алып турам. Ал жерде чындыгында оппозициянын адамдары бар. Бул жерде кызыса экен, өрт чыкса экен, анан ошол өрттүн четинде биз колубузду кактап, ысытсак деген адамдар көп бул жерде.

“Азаттык”: Роза айым, буга сиздин көз карашыңыз кандай, бул укуктук талаада чечилиш керекпи?

Роза Отунбаева: - Аман мырза, эмне кайра-кайра эле Калмаматовдун сөзүн бересиз. Мен Алайга барсам, эл айтты, бул өмүрүндө эң эле чоң жумушта иштегени Эркебаевдин жардамчысы болгон экен. Анан “Ак жолдун” тизмесине кирип, бизге азыр акыл окутуп атканы кандай?

Эмнеге Алайдагы акылман адамдардан, аксакалдардан сурабайсыңар? Мына Алайдын өкүлү болуп отуруп, каргап отурганын биз көрүп атабыз. И.Исаковдун жазасы - бул саясий буйрук. Эч закон ченемдүүлүккө жарашпаган нерсе. Ал киши да бошойт, бул күндөр да өтөт. Калмаматовдорду ошондо угат элек, көрөт элек.

“Азаттык”: - Ал эми митинг уюштуруп, жол тосуу ж.б. жөнүндө кандай деп ойлойсуз. Бул укуктук талаада чечилеби?

Роза Отунбаева: - Ал укуксуз. Андай жолду тоспош керек. Биз да элди ошого дайыма чакырабыз. Бирок азыркы бийлик, мына Улан айткандай, эмне мыйзам майданында иштеп атабы? Азыркы бийлик Северэлектрону 3 млн. долларга берип атат, өздөрүнүн байларынын үйүнүн баасы бул 3 млн.

Элди тоноп, ашата жеп атканын биз ушинтип эле көрүп, момун болуп эле, "жегилечи айланайындар, канчалык алкымыңарга тыгылат, ошондон ары жутуп алгылачы" деп отура беришибиз керекпи?

“Азаттык”: - Улан мырза, Исмаил Исаковго байланыштуу иш канчалык деңгээлде укуктук мыйзам чегинде чечилет деп ойлойсуз?

Улан Жуманаев: - Азыр экинчи этап болуп атпайбы. Күтө туралы. Менин оюмча бийликтин шансы бар өзүн реабилитация кылганга. Буга чейин болуп келген ишти саясий буйрук деп айтсак болот. Эми алдыда дагы эки сот болот. Ошондон кийин дагы жыйынтык чыгарсак болот.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG